ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 16.01.2022

Алматыда 160 киши мерт болуп, 41 сөөк "уурдалганы" кабарланды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди. “Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду”, - деди Таймерденов. Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок. Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын маалымдады. Читать дальше...

Жанар тоо атылган чөлкөмдөгү мамлекеттер цунами коркунучу жок экенин маалымдады

Azattyk.org 

Тынч океанда жанар тоо атылгандан бир суткадан кийин – жекшембиде бул чөлкөмдөгү бир нече мамлекет цунами коркунучу жоктугу тууралуу маалымат таратышты. Австралия, АКШ, Жапония жана башка аралчадагы бир нече мамлекеттер жанар тоонун атылуусунан улам жээктерде цунами болорун эскертип жатышкан. Тынч океанындагы аралчалардан куралган Тонга өлкөсүндөгү Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосу 15-январда атылган. Мындан анын тегерегиндеги аралдардын жээгинде бийиктиги бир метрден ашкан толкундар пайда болгон. Читать дальше...

Иран франциялык илимпоз аялды кайрадан камакка алды

Azattyk.org 

Ирандын бийлиги теги ирандык илимпоз Фариба Аделханы «үй камагынын эрежелерин бузган» деген айып менен кайрадан түрмөгө отургузганын ырастады. Соттук маалыматтарды чыгарган Mizan.news агенттиги 16-январда сот өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Аделха үй камагынын талаптарын он чакты жолу бузганын жазды. 12-январда Франциянын тышкы иштер министрлиги Фариба Аделханы кайрадан камакка алуу чечимин айыптап, аны токтоосуз түрдө бошотууга чакырды. Мекеме мунун арты Париж менен Тегерандын мындан аркы... Читать дальше...

Алматыда каза болгон Бактыяр Базарбаевдин сөөгү туугандарына берилди

Azattyk.org 

Казакстандагы тополоңдо каза болгон кыргызстандык жаран Бактыяр Базарбаевдин сөөгү жакындарына берилгенин, аны Кыргызстанга алып жөнөшкөнүн Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов 16-январда “Азаттык” радиосуна билдирди. Бактыяр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылган. Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык, 33 жаштагы Азис Мусаевдин сөөгү 13-январда жакындарына берилген. Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын... Читать дальше...

“Омикрон” штаммынан улам Индиядагы шайлоодо чектөөлөр кирди

Azattyk.org 

Индиянын шайлоо комиссиясы өлкөдө COVID-19ду жуктургандар арбып,  коңшу Кытайда коронавирустун “омикрон” штаммы аныкталгандан улам беш штатта ири саясий жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салды. Чектөө 22-январга чейин уланат. Индиянын калк эң жыш жайгашкан Уттар-Прадеш штатында келерки айда парламентке карата шайлоо өтөт. Өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин “Бхаратия жаната” (“Элдик партия) партиясы башкарган бул  штат 2024-жылы өтө турган улуттук шайлоолор үчүн сыноо болуп саналат. Кытайда «омикрон» декабрдын ортолорунда табылган. Читать дальше...

Украинада басылмалар мамлекеттик тилде жазууга милдеттендирилди

Azattyk.org 

Украинада 2022-жылдын 16-январында жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жалаң мамлекеттик тилде чыгарууну милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Мыйзам 2019-жылы кабыл алынган жана ал медиа чөйрөдө орус тилинин үстөмдүгүн чектөө максатында киргизилген. Документ орус тилине таптакыр тыюу салбайт, бирок ар бир орусча чыккан материал украин версиясы менен кошо бирдей көлөмдө берилип, бирдей тиражда чыгарылышы керек. Мыйзам Украинада катталган маалымат сайттарына, гезит-журналдарга тиешелүү. Мыйзамдын... Читать дальше...

Аңгемеге айланган оош-кыйыштуу отуз жыл

Azattyk.org 

Жазуучу, журналист Айбек Абдылдаевдин “От кечкен отуз күн” аңгемелер жыйнагы өткөн жылдын этегинде жарык көрүп, азыр окурмандардын сынында. Биз автор менен анын чакан аңгемелериндеги айтылган ойлор, негизги идеялар жөнүндө маек курдук. - Айбек мырза, мен окурман катары дароо байкаганымды айтайын дагы, анын чын-төгүнүн сурайын. Аңгемелердеги окуялар бири-бирине такыр окшобойт. Биринде Тажикстан менен чектешкен жердеги Кара-Боор айылына тойго жөнөсөк, дагы биринде Сириядагы согушка катышабыз. Каармандарыңыздын кулк-мүнөзү... Читать дальше...

Бишкек мэриясы: Мектептерди убактылуу жабуу зарылчылыгы бүгүнкү күндө жок

Azattyk.org 

Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу зарылчылыгы бүгүнкү күндө жок экенин 16-январда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, вируска чалдыккандардын көбү чоңдор, жалпы статистикада балдар 2-4% түзүүдө, азырынча санитардык-эпидемиологиялык кызматтын мектептерди аралыктан иштөөгө өткөрүү тууралуу талабы жок: “Азырынча балдар боюнча абал туруктуу. Бирок эгер бала же үйдөгүлөрдөн бирөө ооруп жаткан болсо... Читать дальше...



"Балка менен урду". Казак активисти камакта катуу таяк жегенин айтууда

Azattyk.org 

Полиция алматылык активист Даурен Достияровду 4-январда кармап кеткен. Ал тогуз күн камакта жатып катуу таяк жегенин, полиция "Демпартиянын" жетекчиси Жанболат Мамайды каралоону көздөгөнүн билдирди. Бир күн мурда бошоп чыккан Достияров баштан өткөн окуялары тууралуу айтып берди. "Азаттыктын" казак кызматы тарткан видео.

Дача СУдагы каргашага беш жыл толду

Azattyk.org 

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгына 16-январда туура беш жыл толду. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч тең курман болгон. Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган. Өткөн айдын башында президенттик аппарат каргашаны иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарыларын билдирген.  Дача СУ кырсыгында каза болгондор үчүн тургузулган эстеликтин жанында 16-январда эртең менен жакындарын... Читать дальше...

COVID-19: Элүүдөй бейтап өтө оор абалда жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустан дарыланып ооруканада жаткандардын арасынан 279 бейтаптын абалы оор, дагы 49 бейтап өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу 16-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азыр ооруканаларда жалпысынан 836 адам жатат, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Жетөөнүн абалы жакшы, 501 бейтап орточо оор абалда. Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. Бүгүн 16-январда 874 бейтап аныкталып... Читать дальше...

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын "омикронго" байланыштуу убактылуу жапканын билдирди

Azattyk.org 

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын 15-январдан тартып убактылуу жапканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирип, мындай чара коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына каршы көрүлүп жатканын белгиледи. Учак менен каттагандарга, расмий делегациялардын мүчөлөрүнө, айрым кызмат адамдарына жана башка бир катар категориядагыларга мындай чектөө коюлбайт. Кыргызстан тараптан автожол аркылуу каттагандар да ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.    15-январдан тартып өлкөгө кирип жаткан... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолордо -31 градуска чейин суук болот

Azattyk.org 

Синоптиктер Кыргызстанда 17-январда аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. Гидрометеоборбордун маалыматына караганда, 17-январда күндүз, 18-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. 19-январда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаап, айрым жерлерде батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүйдө -9°, Таласта жана Ысык-Көлдө -11°... Читать дальше...

Австралия соту вакцина албаганы үчүн Жоковичке каршы чечим чыгарды

Azattyk.org 

Теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган белгилүү сербиялык спортчу Новак Жокович Австралия сотуна утулуп, бул өлкөнүн ачык чемпионатында титулун коргоп калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 16-январда Мельбурн шаардык соту анын өлкөдө калып, турнирге катышуу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Эми спортчу  өлкөдөн чыгарылышы керек, бирок ал депортациядан баш тартууда. Новак Жокович коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндүктөн Австралия ага өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү визасын жокко чыгарган. Читать дальше...

COVID-19: Оштогу жугуштуу оорулар бөлүмү "кызыл зона" катары иштей баштады

Azattyk.org 

Ошто облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү COVID-19га чалдыккан кош бойлуу жана жаңы төрөгөн келиндер менен ымыркайларды дарылоочу “кызыл зона” катары иштей баштады. Бул тууралуу 16-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азыркы учурда ал жерде 16 келин  дарыланууда, экөөнүн абалы оор. Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. Бүгүн 16-январда 874 бейтап аныкталып, беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды. Читать дальше...

"Жылдын мыкты китеби" сыйлыгы тапшырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу “2021-жылдын мыкты китеби” сыйлыгын тапшырды. Мекеменин 15-январдагы маалыматына караганда, бул сыйлык 2020-жылы уюштурулуп, экинчи ирет ыйгарылууда. 2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун “Ыйман ыры” поэтикалык жыйнагы, проза боюнча Аскарали Ражабалиевдин “Мусаапыр” китеби, котормо боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы Иван Буниндин “Караңгы аллеялар” китеби мыкты деп табылды. Авторлорго атайын статуэтка жана дипломдор тапшырылды.

Бишкек: Эки округдагы парламенттик кайра шайлоого катышчулар 32ге жетти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого катыша турганын расмий билдиргендер 32ге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-январдагы маалыматына караганда, №29 Свердлов округу боюнча 19, №27 Биринчи Май округу боюнча 13 адамдан талапкер болуп катталуу тууралуу арыз түштү. Аталган эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. БШКга билдирме тапшыргандар арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева... Читать дальше...

17-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

17-январда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолордо кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын көп жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​ Абанын температурасы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Тынч океанда жанар тоо атылган аймакта абал оор экени кабарланды

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Тынч океанда жер алдындагы жанар тоо атылгандан кийинки бороон (цунами) Тонга өлкөсүнө олуттуу зыян алып келгенин билдирди.   Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосу 15-январда атылып, тегерегиндеги аралдардын жээгинде бийиктиги бир метрден ашкан толкундарды пайда кылган. Алардан эң көп жабыркаганы Тонга королдугу болууда. Чоң толкундар Жаңы Зеландиянын жээктерине да жеткен. Өлкөнүн өкмөт башчысы Ардерн 16-январда Тонганын борбору Нукуалофа шаарындагы элчилик менен байланышканда абал оор экени... Читать дальше...

Москвадагы кыргыздар уюму “Борбор Азия достугу” концертин уюштурду

Azattyk.org 

Москвада 15-январдын кечинде “Борбор Азия элдеринин достугу” аттуу Жаңы жылдык гала-концерт өттү. Иш-чара өткөн Мамлекеттик Кремль ордосунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, концерт Орусиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен “өнөктөш өлкөлөрдүн жана бир тууган элдердин ортосундагы жылуу достук мамилени бекемдөө максатында” уюштурулду. Концертке Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Европа менен Азиянын айрым өлкөлөрүнөн белгилүү эстрада аткаруучулары катышып, өз өнөрүн тартуулады. Хит ырлар, белгилүү элдик чыгармалар жаңырды. Читать дальше...

Техаста барымтага алынган төрт адам бошотулду

Azattyk.org 

АКШнын Техас штатында 15-январда синагогада барымтага алынган төрт адамдын баары аман куткарылганын штаттын губернатору Грег Эбботт билдирди. Полициянын маалыматына караганда, “Ал-Каида” террордук уюму менен байланышы бар деп шектелип жаткан пакистандык аялды абактан бошотууну талап кылган адам төрт жергиликтүү тургунду барымтага алган. Ал күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Полиция башчысы Майкл Миллер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “адамдарды  барымтага алган кылмышкер каза болду” деп билдирди. Читать дальше...

"Исхак Раззаков Кыргызстанга бир эле жолу келген"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков болду. Ал Раззаков, Усубалиевдин бийликке келишинин жана кетишинин себептери, Москванын үстөмдүгүнүн кесепеттери, “Манас” эпосу жана Ауэзов, саясатчылар Кулатов, Масалиев, Акаевдин позициялары тууралуу айтып берди.

Алматы: Мигранттардын абалы, дайынсыз болгон жаран

Azattyk.org 

Алматыдагы кыргызстандык мигранттар акырындап жай турмуш калыбына келе баштаганын айтып жатышат. Шаардагы ири базарларда соода кылгандардын дүкөндөрү ачык. Айрым мигранттар көчөгө чыккандан дале кооптонуп жатканын билдиришти. 14-январда кыргызстандык Айгүл Сартбаева эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковду казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылы көздөй алып кетишкенин, ошол бойдон дайыны табылбай жатканан... Читать дальше...

Австралияда белгилүү теннисчи Жоковичтин арызы сотто каралды

Azattyk.org 

Австралияда белгилүү сербиялык теннисчи Новак Жоковичтин аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимге каршы апелляциялык арызы каралып бүттү, жыйынтыгы жакынкы бир нече саат аралыгында жарыяланат. Коронавируска каршы эмделбеген 34 жаштагы спортчу Мельбурнда калып, Австралиянын ачык чемпионатына катыша алабы же жокпу, үч судьядан турган коллегия чечет. Дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган Жокович коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндүктөн Австралия ага өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү визасын жокко чыгарган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде






Синоптик Колесов: Петербург накрыл дождевой фронт

«Русские „ограбили“ нас». ЦСКА обвинили в подкупе судей 19 лет назад

Почти половина россиян предпочитают арендовать частное жилье в путешествиях

В Москве поймали маньяка Мерзликина из Интернета. На его счету четыре жертвы