ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 17.01.2022

Түндүк Корея январда төртүнчү жолу баллистикалык ракета сынады

Azattyk.org 

Түндүк Корея 17-январда деңизди көздөй эки баллистикалык ракета атып, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жана Жапониянын аскер кызматтары кабарлашты. Бул Пхеньяндын жыл башынан бери төртүнчү жолку сыноосу. 5-январда, 11-январда жана 14-январда ракета аткан. Былтыр күздө да үч-төрт жолу ракета сынаган. Ceул билдиргендей, Түндүк Корея учурган ракета добуштун ылдамдыгынан он эсе тездик менен 700 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Ушундан улам алар коңшулар мындай алдыңкы технологияларды... Читать дальше...

Бажы кызматынын башчысы кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду 17-январда коррупцияга шектүү катары кармады.   Кубанычбеков Бажы кызматынын башына былтыр октябрда келген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган. Читать дальше...

Үч ай мурда абактан чыккан казакстандык активист Кенжебек Абишев каза болду

Azattyk.org 

Казакстандык активист жана акын Кенжебек Абишев 17-январда, 56 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматты анын аялы Гүлмира Абишева "Азаттыктын" казак кызматына ырастап, күйөөсү жүрөгү кармап каза болгонун айтты. Ал "жолдошунун абактан чыкканына чексиз сүйүнүшкөнүн, бирок минтип бактылуу ирмемдер кыска гана убакытка созулганын" кошумчалады. Активист өзү жана анын жакындары анын саламаттагы түрмөдө жүргөн маалда кескин начарлап кеткенин айтышкан. Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Читать дальше...

Ирак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кетти

Azattyk.org 

Беларус менен Европа Биримдигинин мүчөлөрү Польшанын, Литванын жана Латвиянын чек араларында такалып турган 4 миңдей ирактык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейни журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, репатриация үчүн өкмөт 18-ноябрдан бери Беларустан Багдадга 10 каттам уюштурушту. Атайын басма сөз жыйынына Литванын тышкы иштер министри  Габриэлюс Ландсбергис да катышып,  Иракка Литва жардамдашканын маалымдады. Кайтарылгандардын 100 чактысы Литвадан алып келинген. Читать дальше...

Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак берди

Azattyk.org 

17-январда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага, ушул эле партиянын дагы бир депутаты Орозайым Нарматованын атасы атайын кызматта суракта болду. Ал арада президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп, Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова "кылган кылмыштары" үчүн жооп бериши керектигин айтты. 17-январда Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кайрадан чакыртылып, эки жолу сурак берип чыкты. Ал 2009-жылы Коопсуздук... Читать дальше...

Жалал-Абад облусунда автожолго кар көчкү түшүп, тазаланды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Красная Горка-Ак-Таш автожолунун төртүнчү чакырымында көлөмү болжол менен 50 м3 кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тазалоо иштерине бир бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланганын билдирди. Жабыркагандар жок. Министрлик 19-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автожолунун 92-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш... Читать дальше...

Назарбаевдин иниси кызматтан алынды, Мадумаров сурактан чыкты

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Нурсултан Назарбаевдин үч күйөө баласы тең кызматтан кетти. Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны соңку беш айга караганда көбөйүп жатат.

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталганы кабарланды. “Мындан тышкары... Читать дальше...



"Ата-энемдин сөөгүн баштыкка чогултуп алдык"

Azattyk.org 

Нурсултан Назарбаевдин муркум инисинин уулу Самат Абиш Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан бошотулду. Ошондой эле Назарбаевдин үч күйөө баласы тең иштен кетишти. Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргендей, башаламандыкта жалпысынан 225 киши, анын ичинен күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери каза болду. Байкоочулар каза болгон жайкын тургундардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн деп боолгошууда. Көз жумгандардын арасында жубайлар Куат Биткенбаев менен Гүлзифа Кулсултанова да бар. Читать дальше...

Казакстан: Жубайлардын сөөгү өрттөнгөн машинеден табылды, дайынсыздар көп

Azattyk.org 

Казакстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, башаламандыкта жалпысынан 225 киши, анын ичинен күч түзүмдөрүнүн 19 өкүлү каза болду. Байкоочулар каза болгон карапайым тургундардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүндүгүн боолгошууда. Көз жумгандардын арасында Куат Биткенбаев менен Гүлзифа Кулсултанова да бар. Алардын машинеси күйүп кетип, сөөктөрү күлгө айланган. 7-январдын кечинде жубайлар Куат Биткенбаев менен Гүлзифа Кулсултанова Алматынын акимчилигинин алдынан машине менен өтүп баратышкан.... Читать дальше...

Токаевдин атасынын Кыргызстандагы изи

Azattyk.org 

ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылык мезгилинде Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев Кыргызстандагы балдар үйүндө тарбияланган. Бул тарбия анын белгилүү жазуучу болушуна пайдубал түптөгөнүн тарых булактарынан аңдоого болот. Ачарчылык: Кыргызстан аткара албай калган план 1932-жылы объективдүү жана субъективдүү факторлорго байланыштуу дан тапшыруу планын Кыргызстан аткара албай калган. Анын негизги себептери: жогорудан тапшырылган план өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн эске албаган... Читать дальше...

Австралия депортация кылган теннисчи Новак Жокович Сербияга кайтып келди

Azattyk.org 

Теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган сербиялык белгилүү спортчу Новак Жокович Австралия бийлигинин аны депортация кылуу чечиминен кийин мекенине кайтып келди. Жокович отурган учак 17-январда Белградга конду, аны тарапкерлери тосуп алышты. Australian Open турнири ушул күнү башталмак. Жокович титулун коргоп калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Новак Жокович Австралияга 5-январда барган. Чек ара кызматы аны коронавируска каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп таап, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес. Читать дальше...

Бишкектеги кайра шайлоо: БШК төрт талапкерди каттады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-январдагы отурумунда Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттады. №27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаев катталды. Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берип, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн да төктү. Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. Читать дальше...

Украина: Чыккынчылыкка айыпталган Порошенко мекенине кайтты

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы президенти,  мамлекеттик  чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан Петро Порошенко дүйшөмбүдө Варшавадан мекенине кайтып барды. Декабрдан бери сыртта жүргөн саясатчы эч кандай күнөөсү жоктугун, бул иштин артында саясат турганын айтууда.  Аны Киев аэропортунда жүздөгөн тарапкери тосуп алды. 56 жаштагы мурдагы мамлекет башчы, Жогорку раданын (парламент) депутаты, оппозициядагы “Европа тилектештиги” партиясынын лидери жогорку кызматта турган "2014-15-жылдары көмүр сатуу менен чыккынчылыкка барган" деп шектелүүдө. Читать дальше...

Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтарды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыккан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына комментарий берди. "Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Читать дальше...

Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Azattyk.org 

13-январдан 16-январга чейин Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Жаштар иштери, дене тарби жана спорт боюнча департаменттин маалымат кызматы билдиргендей, чемпионатка өлкө аймактарынан 600дөн ашуун балбандар катышып, 10дон салмакта байгелер ойнотулду. Жыйынтыгында эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг)... Читать дальше...

Лукашенко Украинанын чек арасында орус-беларус машыгуусу өтөрүн жарыялады

Azattyk.org 

Беларустун батыш жана түштүк чек араларында – Польша менен Украина менен чектешкен жерлерде Орусия менен Беларустун куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Александр Лукашенко кабарлап, анын себебин украин-беларус чек арасына Киев аскерлерин тартып жатканы менен түшүндүрдү. Анын маалыматына караганда, машыгууларды өткөрүүнү Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен декабрда макулдашкан. Дүйшөмбү күнү анын ыкчам максаттары аныкталган. БелТА агенттиги Лукашенконун айткандарына таянып жазгандай... Читать дальше...

Депутат Адахан Мадумаров сурактан чыга элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Мадумаров 17-январда эртең менен суракка барган. Түштөн кийин экинчи жолу киргени белгилүү болду. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары буга чейин да суракка чакырылган. Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет. Читать дальше...

Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарды

Azattyk.org 

Каржы базарын  көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Юруслан Тойчубеков 2015-жылы аталган мекемени жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. сом салык түшпөй калган деп айыпталган. ИИМ ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Несокрушимая сила: названы пять самых властных женщин по знаку зодиака


Чек ара кызматы: кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштаганын маалымдады. Ага ылайык, “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Чоң-Капка”, “Кең-Булун” жана “Токмок” чек ара бекеттери 17-январь 17:00дөн баштап жарандарды жана автоунааларды эки тарапка тең чектөөсүз өткөрө баштады. Бирок, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын Казакстанга өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кыргызстанда... Читать дальше...

Сербияда шайлоочулар өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсүнө жол берген Конституцияны колдоду

Azattyk.org 

Сербияда 16-январда өткөн референдумдун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, соттук бийликке байланыштуу Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү шайлоочулардын көбү колдоду. Добуштардын 97% эсептелип бүткөндөн кийин калктын 60%ы демилгеге “макул” деп добуш беришкен. Өзгөртүүдө сотторду жана прокурорлорду мындан ары шайлоо менен тандоо каралган. Өкмөт бул алардын көз карандысыздыгына алып келерин жана саясий таасирди азайтарын маалымдаган. АКШ жана Европа мамлекеттери бул өзгөртүүнү жактап, ал... Читать дальше...

Орусияда Навальныйдын кармалганына бир жыл болду

Azattyk.org 

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын кармалгандыгынын бир жылдыгына карата социалдык баракчаларында анын атынан ири билдирүү жарыяланды. “Жыл өтө бат өттү. Учак кечээ эле Москвага конгондой, бирок мына бир жыл олтуруп койдум. Жерде жана космосто убакыт эки башка ылдамдык менен жылат деп илимий китептерде туура жазышат”,-деди Владимир облусундагы абакта жаткан Навальный. Ал андан ары Германиядан дарылануудан кийин Орусияга кайтып келгенден кийин эле кармалганын эстеген. “Өз өлкөмдө эркин адам катары бир кадам да бастырбай... Читать дальше...

Байден Техаста жарандарды барымтага алган окуяны "теракт" деп атады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Техаста жарандарды барымтага алган окуяны “террордук акт” деп атады. Ал мындай пикирин 16-январда Филадельфиядагы сапары учурунда билдирди. Байден өлтүрүлгөн кылмышкер Улуу Британиянын жараны экени аныкталганын, учурда АКШнын укук коргоо органдары ал өлкөнүн террорчулукка каршы агенттери менен биргеликте иштеп жатышканын маалымдады. 15-январда АКШнын Техас штатында белгисиз жаран синагогага кирип төрт адамды барымтага алган. Полициянын маалыматына караганда, кылмышкер... Читать дальше...

Эки айлык саясий кризистен кийин Түндүк Македонияда премьер-министр шайланды

Azattyk.org 

Эки айлык саясий кризистен кийин Түндүк Македониянын парламенти Димитар Ковачевскини социал-демократтар башкарган өкмөттүн башчысы катары шайлап алды. Ковачевскинин социал-демократтары кошумча этникалык албандардан түзүлгөн эки партияны кошуп коалициялык биримдик түздү. Биринчи аталган партия 16-январдагы шайлоодо алдыга чыккан. ВМРО-ДПМНЕ партиясы ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") өкмөткө легитимдүүлүк берүү үчүн жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып... Читать дальше...

Президент Жапаров камактагы айрым саясатчылар жөнүндө пикирин билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” интернет басылмасына курган маегинде, учурда камакта жаткан айрым саясатчылар жөнүндө суроолорго жооп берген. Жапаров 2020-жылдын октябрь окуяларында УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев эч кандай мекемени басып албаганын, мыйзам чегинде бийликке келүүгө аракет кылганын билдирген. “Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле? Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз. Тескерисинче, "өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Бадоса из-за травмы снялась с матча против Соболенко и заплакала у сетки






Собянин: Депо «Столбово» примет поезда Сокольнической и Троицкой линий метро

Вместо Альп: где этой зимой катались российские горнолыжники? Выбор оказался неожиданным

Можно ли победить диаспору? Можно, была бы политическая воля

В Тулу приехали лучшие танцевальные коллективы Центральной России