Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 05.06.2022

Казакстан: референдумга шайлоочулардын 68,44% катышты

Azattyk.org 

Казакстандын бардык аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктап, добушканалар жабылды. Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуштарды саноо башталганын, референдумдун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланарын айтты. Читать дальше...

Рафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатын 14-жолу утту

Azattyk.org 

Жекшембиде испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатынын финалында норвегиялык теннисчи Каспер Руудду (6:3, 6:3, 6:0 эсебинде) жеңип алды. Муну менен 36 жаштагы Надаль теннисттин тарыхында эң көп "чоң шлемге" (22) ээ болгон жана Франциянын ачык чемпионатын эң көп (14 жолу) уткан спортчу болуп калды. "Чоң шлемдердин" саны боюнча Надалдан кийинки экинчи сапта швейцариялык Роджер Федерер жана сербиялык Новак Жокович турат. Эки теннисчинин эсебинде 20дан "чоң шлем" бар. Быйыл... Читать дальше...

Алматыда шайлоочулардын 32 пайызы гана референдумга катышты

Azattyk.org 

Казакстандын көпчүлүк аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктады. Кечки саат 20:00гө карата алдын ала маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 67,65 пайызы добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуш берүү уланып жаткан Казакстандын батыш тарабындагы дагы беш региондон маалымат күтүп жатышканын айтты. Добуш берүү аяктаган аймактардын ичинен референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Читать дальше...

Токаев чет өлкөгө чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча комиссия түздү

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча мекемелер аралык комиссия түздү. Бийлик бул маалыматты 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жаткан кезде таратты. Акордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт. Токаев өкмөттүн февраль айындагы жыйынында да чет жакка чыгарылып кеткен каражаттар... Читать дальше...

Маймыл чечеги Африкадан башка 27 өлкөдө катталды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги Африкадагы мамлекеттерден башка 27 өлкөдө катталганын билдирди. Уюмдун 5-июндагы маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдө илдетти жугузуп алган кишилердин саны 780ге жетти. Алардын 207си Улуу Британияда, 156сы Испанияда, 138и Португалияда, 58и Канадада жана 57си Германияда аныкталды. Бул илдетке байланыштуу адам өлүмү каттала элек. Маймыл чечеги көбүнесе Африка өлкөлөрүнө мүнөздүү. Соңку бир канча аптадан бери бул илдет Батыштын бир нече мамлекетинде катталып, тынчсызданууга жол ачты. Читать дальше...

ӨКМ Жапаровдон жардам сурап кайрылган малчы боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Интернет аркылуу президентке кайрылып, Ысык-Көл облусунан жардам сураган малчынын айткандары боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев 5-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, сөз Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарынын малчылары кыштаган Кайыңды кыштоосуна барчу жол тууралуу болууда. Эңилчек айылынан Кайыңдыга чейинки жол 40 чакырым экенин, анын 11-чакырымындагы Куюлма деген жеринде бир нече күндөн бери жолго таш кулап... Читать дальше...

Алматыда активисттер Назарбаевди жоопко тартууну талап кылышты

Azattyk.org 

Жекшембиде Алматы шаарындагы добушканалардын биринде расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапкери акция өткөрүшүп, "Мамайга боштондук, Назарбаевге түрмө" деп ураан чакырышты. Алар бюллетендерине ушундай мазмундагы талаптарын жазып, урнага салышты жана Казакстандагы саясий туткундарды бошотууну, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди жоопко тартууну, Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмесин жарыялоону талап кылышты. "Беш... Читать дальше...

Казакстандагы референдумда шайлоочулардын 53 пайызы добуш берди

Azattyk.org 

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча өтүп жаткан референдумда саат 14:00го карата жалпы шайлоочулардын 53,4 пайызы добуш берди. Борбордук референдум комиссиясынын мүчөсү Анастасия Щегорцова шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берген соң "референдум өттү" эсептелерин билдирди. Маалыматка ылайык, референдумдун алгачкы алты саатында Жамбыл жана Кызыл-Ордо сыяктуу бир нече облуста шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы добуш берсе, Алматы шаарында референдумга... Читать дальше...



Рахмон менен Мирзиёев Яван ГЭСин куруу долбоорун ачышты

Azattyk.org 

Тажик президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында 2-июнда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Яван гидроэлектростанциясынын (ГЭС) курулушунун башталышына арналган иш-чарага катышканын Өзбекстан лидеринин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул курулуш эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы алкагындагы алгачкы долбоор. Кубаттуулугу 140 мегаватт боло турган заманбап станция эки мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун, суу жана агрардык... Читать дальше...

“Алтын тамга”: Министрлик кайрадан тест тапшыруу болбой турганын билдирди

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына нааразы болгондордон арыз кабыл алуу жүрүп жатканын 4-июнда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ким канча балл алганы боюнча кол санак жүрүп жатат, анын жыйынтыгы компьютердин санагы менен салыштырылат. Апелляциянын жыйынтыгы бардык арыздар каралып чыккандан кийин жарыяланат. Министрлик кайрадан тест тапшыруу боло турганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбесин кошумчалады. Мекеме билдиргендей, быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгында... Читать дальше...

"Эки багыт бар". Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кантип курулат?

Azattyk.org 

Бишкек үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун мааниси өтө чоң. Курчоодо калган, деңизге чыгууга жолу жок өлкө эми Кытайдын жээгинен Перс булуңуна чейин, иш жүзүндө бүткүл Азияны туташтыруучу континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болуп калат. "Ал бизге аба менен суудай керек", − деп түшүндүрдү долбоордун маанисин президент Садыр Жапаров. Ошентип, жыйырма жылдан берки талкуудан кийин бул өлкөлөр ушул жылы жол кура баштоого даяр экенин билдиришти. Бирок Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин... Читать дальше...

Жараат алган чек арачылардын абалы дагы эле оор

Azattyk.org 

Баткенде чек арада жараат алган эки кыргызстандык аскердин биринин абалы оор, экинчисиники орточо оор. Бул тууралуу 5-июнда “Азаттык” радиосуна Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев билдирди: “2000-жылы туулган Жалилов Зулумбектин абалы оор. Салыштырганда кичине жакшы болуп келе жатат, бизден операция болду, аппараттан алынды, өзү дем алып жатат.  2001-жылкы Сүйүнбек уулу Бекмырзанын абалы орточо оор, эсинде, өз алдынча дем алууда, реанимацияда жатат. Жакшыруу бар”. Читать дальше...

"Ата-эне балдардын билими, тарбиясы менен алектенбей калды"

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мугалимди мазактаган окуучунун ата-энесине айып салуу тууралуу жобону 30-майда карады. “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодекске кирип жаткан бул жобого ылайык адепсиздикке барган окуучунун ата-энеси 1000 - 4000 сом айыппул төлөйт же 3-5 суткага камалат.    Мындай чара окуучуну чүнчүтүп, басмырлоого алып келбейби? Мугалим, окуучу жана ата-эне мамилесинин бузулушуна кандай жагдайлар себеп болууда? Аны жаза чаралар аркылуу жөнгө салуу мүмкүнбү? "Арай көз чарай”... Читать дальше...

6-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

6-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен  облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15... Читать дальше...

Токаев Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-июнда Нур-Султан шаарында референдумда добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү. Токаев бул маалыматты ага укук тартибин коргоо органдарынын ошол кездеги жетекчилери беришкенин, кеп жалпы өлкөдөгү абал тууралуу болгонун айтып, “бир учурда 13 шаарда бандиттер коомдук тартипти бузуу максатында бийликке каршы чыгышкан” деп билдирди. Ал январдагы окуяны “жакшы даярдыктан... Читать дальше...

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө

Azattyk.org 

Казакстанда бүгүн 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Өлкө боюнча 10 миңдей, ал эми чет мамлекеттерде 60ка жакын добушкана ачылды. Шайлоочулардын жалпы саны 12 миллиондун тегерегинде. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса 98 беренеден турган Конституциянын үчтөн бир бөлүгү алмашат. Жашыруун добуш берүү бюллетенинде сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдойсуздарбы же жокпу деген гана эки суроо бар. Добуш берүүнүн жүрүшүнө 25 өлкөдөн жана 11 эл аралык уюмдан 272 чет өлкөлүк байкоочу көз салат. Читать дальше...

Зулушев Жапаровдун буйругу “талкууга жатпайт” деп билдирди

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тескемеси менен Башкы прокурорлук кызматтан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев президенттин буйругу “талкууга жатпайт” деп эсептерин 4-июнда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Ал “өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш” деп айтты. Калыстык ар бир адамдын абийир соту экенин белгилеген Зулушев президенттин аны иштен четтетүү тууралуу чечимин талкуулап жаткандарга “Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин... Читать дальше...

ӨКМ: Тоютсуз калган айылга чөп жеткирилди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилгенин 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жеткирүү ишине жалпысынан алты оор техника тартылды. 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жолдор жабылып калган. Каттам да үзүлгөндүктөн жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандык өлгөн. (RK)

Вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү жетекчилердин бөгөт чарасы аныкталды

Azattyk.org 

COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 4-июнда аныкталды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 2-августка чейин, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды. Ал эми министрликтин дары-дармек жана медициналык... Читать дальше...

Назарбаевди макамынан ажыратуучу референдум

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-июнда Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Жаңы түзөтүүлөр кабыл алынса, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Баш мыйзамдагы макамы жоюлат. Бийлик өкүлдөрү жаңыланган Баш мыйзам менен Казакстан "супер президенттик" системадан баш тартат деп ишендирүүдө. Бирок көз карандысыз байкоочулар кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган өзгөртүүлөрдү реформа деп атай албай турушат. 2019-жылдын 12-июнунда... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування






В I квартале московским Росреестром поставлено на ...

Ювелир Бакатов оценил обручальное кольцо Баскова в стоимость однушки в Москве

Прибыль «Олимпситистроя» обвиняемого в даче взятки Фомина выросла вдвое в 2022 г

Посольство направило ноту в МИД Турции из-за отказов Turkish Airlines россиянам