ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 06.06.2022

"Акнеттин" кирешеси кимге түшөт?

Azattyk.org 

Атамекендик инвесторлордун бири Кубан Ажимудиновго оор айып тагылып, камакта отурат. Адвокаттар ишкерди дээрлик үч жылдан бери абакта кармоо одоно процессуалдык бузуулар менен коштолуп жатканын билдирип келет. "Акнеттин" азыркы абал кандай? Ээлери чачырап кеткен сон жүз миллиондогон кирешеси таланып-тонолуп жатабы? Ажимудиновдун тарапташтары бул кылмыш ишин "буюртма" деп эсептеп, анын артында "таасири күчтүү" адамдар турганын айтышат. "Акнет" компаниясы 1998-жылы түзүлгөн, Кыргызстандагы интернет... Читать дальше...

ӨКМ: Сырт өрөөнүндө миңдеген мал кырылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл облусунун Сырт өрөөнүндө жол жабылып тоюттун жоктугунан миңдеген мал кырылганын билдирди. Бирок так санын жарыялаган жок. Мекеменин басма сөз кызматы 6-июнда тараткан маалыматка караганда, ушул тапта Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун тоолуу аймактарында жайгашкан айылдарына, жайлоолоруна каттамдар ачылып, абал жөнгө салына баштады.   Министрликтин кызматкерлери чогултулган 6565 түк чөптүн 3100үн Жети-Өгүздүн Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай, Үч-Коргон айылдарына... Читать дальше...

Кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн Инобатхон

Azattyk.org 

Эски трактор менен бир айылга суу жеткирген мураптын тоо койнундагы тиричилиги. Элдин жүгүн мойнуна алган акын Токмок шаарынын четиндеги дачаны айылга айландыргысы келет. Ош шаарында кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн жаш активисттин кыялы. Футбол боюнча Кыргызстандын курама тобу Азия кубогуна даярбы?

Таиландда медициналык максатта кара куурай өстүрүүгө уруксат берилди

Azattyk.org 

Таиландда 9-июндан тартып медициналык максатта кара куурай өстүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу The Thaiger басылмасы жазды. Таиланддын Саламаттык сактоо министрлиги кара куурайды маңзаттардын тизмесинен өчүрүү чечимин кабыл алды. Мындан улам сот кара куурайды өстүрүү, жайылтуу, колдонуу жана сактаганы үчүн айыпталгандардын баары кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын билдирди. Ошондой эле буга чейин айып пул төлөгөндөрдүн акчалары кайтарылып берилет. Жаңы мыйзамга ылайык, кара куурайда маңзаттын көлөмү 0,2% ашпаса... Читать дальше...

Ташиев-Мадумаров айтышы тарапкерлерине жетти

Azattyk.org 

Оппозиячыл депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламентте кайым айтышуу менен башталган талашы тарапкерлерине да жетти. Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайым айтышуусу күн тартибинен түшө элек. Акыркы күндөрү эки саясатчынын тарапкерлери бир нече жерде жыйын өткөрүп, социалдык тармактар аркылуу кайрылууларды жолдошту. Читать дальше...

Министр менен башкы прокурорду кызматтан четтеткен чечим

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “коррупцияга” шектелип кармалган соң башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан убактылуу алынышы талкууга жем таштады. Бул арада президенттин башкы прокурор боюнча чечимин "мыйзамсыз аракет" деген сындар айтылды. Садыр Жапаровго жакын делген жетекчилердин кызматтан убактылуу кетишин "бийликтин ичиндеги тиреш" катары сыпаттагандар да болду. Президент Садыр Жапаров “Коррупцияга” шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев... Читать дальше...

Ошто турак жай кооперативине нараазы болгондор акцияга чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарында "Ихсан" турак жай кооперативинен үй ала албай жаткан отуздай киши акцияга чыгышты.  Чогулгандар кезеги келгенине карабай турак жай ала албай жатканын айтып,  президентке, укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошту. Алар бийликтен "Ихсандагы" үлүшчүлөрдүн акчасын өндүрүп берүүнү өтүндү. Буга чейин "Ихсан" кооперативиндеги каржылык чыр-чатактар тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева видеокайрылуу аркылуу элге түшүндүрмө берген. Анда турак жай сатып алуучулардын... Читать дальше...



Тажикстандык журналист Имомали милиция беш саат суракка алганын билдирди

Azattyk.org 

Белгилүү тажикстандык журналист жана блогер Далер Имомали тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аны кармап, беш саат суракка алышканын билдирди. Бул тууралуу 4-июнда YouTube каналына чыккан кайрылуусунда айтты. Маалыматка караганда окуя ошол күнү болгон. Укук коргоо органдары блогердин кармалып, сурак бериши тууралуу расмий комментарий бериген жок. Имомалинин өзүнүн айтымында, суракта негизинен үйлөрү "мыйзамсыз салынганы үчүн" түрттүрүлгөн Шохмансур районунун тургундары тууралуу репортажы боюнча кеп болгон. Читать дальше...

Токаев Назарбаевдин Конституциясын өзгөрттү

Azattyk.org 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы референдумга катышкан шайлоочулардын 77% ашыгы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун жарыялады. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68 пайыздан бир аз ашыгы катышты. Алардын 77% көбү конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон. Быйыл январь айында кандуу тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында шайлоочулардын 33,30 пайызы гана добуш берди. Читать дальше...

“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсыкты комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Бишкекте “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясын Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иликтейт. Ага райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери киргенин шаардык бийликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда бир бала сууга чөгүп кеткен. Комиссия бул окуяга мектеп жамаатынын тиешеси бар жогун териштирет. Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчысы эл аралык сынактан жеңди

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү өткөргөн "Кайра жаралуу энергия булактарына өтүү жана көмүртек нейтралдулугуна салым" деп аталган журналисттердин эл аралык сынагын "Азаттык" радиосунун кабарчысы Сабыр Абдумомунов жеңип алды. Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 6-июнда жарыяланды. "Азаттыктын" кабарчысы Сабыр Абдумомунов "Жашыл энергияга жол тапкандар" аттуу видео материалы менен биринчи орунду алды. Экинчи орунга Казакстандан Яна Каримова менен Өзбекстандан Назира Умарова ээ болду. Үчүнчү орунду Vremya.kg... Читать дальше...

АКШда Өзбекстандын жараны террордук уюмду колдогону үчүн 15 жылга кесилди

Azattyk.org 

АКШнын федералдык соту Нью-Йоркто жашаган Өзбекстандын жаранын "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогону үчүн 15 жылга эркинен ажыратты. 34 жаштагы Дилхайот Касымов радикал уюмга материалдык колдоо көрсөткөнкө аракет кылган деп айыпталып, 2019-жылы камалган. Маалыматка караганда, ал 2015-жылы өзүнүн жана башкалардан алган акчаны  "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында Сирияга барып согушууну көздөгөн Абдурасул Журабоев менен Ахрор Саидахметовго берген. Бруклинде жашаган Касымов 1600... Читать дальше...

Алматыдагы мелдеште кыргызстандык балбандар төрт алтын медалга ээ болду

Azattyk.org 

Казакстанда өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбандар жалпы 10 медал утту. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш 2-июндан 5-июнга чейин Алматы шаарында өткөн. Кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында кыргыз балбандары төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медалга ээ болушту. Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (82 кг)... Читать дальше...

Футбол: Жаш оюнчулар менен күчтөнгөн улуттук курама

Azattyk.org 

Бишкекте 8-14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт. Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы тууралуу жарым коргоочу Фархад Мусабеков, Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойногон 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков менен маек курдук.

Акматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Azattyk.org 

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 70 кг салмакта биринчи орунга көтөрүлдү. Ал 5-июнда Казакстанда өткөн Bolat Turlykhanov Cup эл аралык мелдеште жергиликтүү балбан Родион Анчугинди утуп, алтын медал тагынган. 23 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону аталган. Читать дальше...

Алдын ала жыйынтык: Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү добуш бергендердин 77% колдоду

Azattyk.org 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июнь күнү эртең менен референдумдун алдын-ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, добуш берүүгө катышкандардын 77,18% Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдошкон. "Макул деп добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 77,18% түздү. Бул деген алты миллион 163 миң 863 киши",-деди Боршайкомдун төрагасы Нурлан Абдиров. Расмий маалыматка караганда, шайлоочулардын 18,66% өзгөртүүлөргө каршы добуш берген. БШКнын билдирүүсүнө ылайык, жалпысынан референдумга добуш берүүгө укуктуулардын 68,06% катышты.

Иранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жетти

Azattyk.org 

Ирандын Абадан шаарында кулаган имараттан мерт кеткендерин саны 38ге жетти. Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү 5-июнда билдиришти. Куткаруучулар урандылардын алдында калгандардын сөөктөрүн алып чыгууну улантып жатышат. 23-майда болгон кырсыкта дайынсыз жоголгондор дагы эле бар, алардын так саны канча экени белгисиз. Жарадарлардын саны 40ка чамалады. Кырсыкка байланыштуу 13 адам, анын ичинде калаа мэри жана башка бийлик өкүлдөрү техникалык коопсуздукту сактабаганы үчүн жана курулуштагы мыйзам бузууларга айыпталып камалышты. Читать дальше...

Ош: ККМдин коюлушуна каршы болгон соодагерлер акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарында кассалык-контролдук аппараттын (ККМ) коюлушуна каршы болгон отуздай соодагер мэриянын астына акцияга чыкты. Алар ККМ менен иштөө талабы коюлгандан кийин эсеп-фактурасы менен иштөө татаалдашканын айтып, президент Садыр Жапаровго патент системасын калтырууну өтүнгөн кайрылуу жолдошту. Чогулгандар менен Ош шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолборс Бакиров жолукту. Ал ишкерлерди кабыл алынган мыйзамга баш ийүүгө чакырып, салыкчылар чечимди аткарууга милдеттүү экенин белгиледи. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Башкы прокуратура: дары сатып алууда бюджетке 4,5 млн. сом зыян келтирилген

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди сатып алууда бюджетке 4 млн. 508 миң сом зыян келтиргенин кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, министрликке караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдары былтыр май-ноябрь айларында иммуносупрессивдүү дарыларды жогорулатылган баада сатып алуу үчүн сынактын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарган. Башкы көзөмөл органы “Ю.Х.” деген компания тендердин жеңүүчүсү деп табылып, ишкана менен 41,1 млн. сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча пайдасыз келишим түзүлгөнүн... Читать дальше...

7-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

7-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Ноокат: 450 миң сом каракчылык кылгандарды издөө уланууда

Azattyk.org 

Ош облусунун Ноокат районунда ири суммада каракчылык кылгандарды издөө боюнча “Чагылган” атайын операциясы уланууда. Бул тууралуу 6-июнда “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 5-июнда Ноокат шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон, “Нексия” машинасын айдап жүргөн үч киши 30 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салып, 60 миллион өзбек суму (кыргыз сомуна которгондо 450 миң сом) салынган баштыгын карактап алып кетишкен: “Шектүүлөрдүн тышкы келбети... Читать дальше...

Нигерияда католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан 50 киши набыт кетти

Azattyk.org 

Нигериянын түндүк-батышындагы Ово шаарындагы католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан кеминде 50 киши набыт кетти. Бул тууралуу Нигериянын парламент мүчөсү Аделегбе Тимилейн билдирди. Маалыматка караганда, 5-июнда динчилдер чиркөөгө зыяратка чогулганда белгисиз согушкерлер аларды туш келди аткылап, имараттын ичине жардыруучу зат ыргытышкан. Калаба үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек. Мерт кеткендердин арасында балдар көп экени кабарланды. Согушкерлер чиркөөнүн башчысын уурдап кетишкен. Читать дальше...

Чек ара: октон жарадар болгон аскерлердин бири жандандыруу бөлүмүндө

Azattyk.org 

3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жараат алган эки жоокердин абалы туруктуу. Бул тууралуу 6-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскерлердин бири дагы деле жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жараат алган эки чек арачы 4-июнда Баткенден тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган... Читать дальше...

Шаардык сот Болот Темировдун өтүнүчүн канааттандырган жок

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иши боюнча Бишкек шаардык соту анын мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдерди, милициянын сурак протоколдорун жокко чыгаруу өтүнүчүн​ канааттандырган жок. Журналист жана жактоочусу милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калганын, баңгизатты укук коргоо кызматкерлери салып койгон деп эсептешет. “Сот болгону беш мүнөт ичинде чечим чыгарып койду. Бул аралыкта чечимди жазганга да жетишүү кыйын. Чечимди алдын ала даярдап коюп... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде






Этот немец проехал через всю Россию по Транссибирской магистрали!

«В мае придет ужас, которого не было с 1945 года». Синоптики дали неожиданный прогноз

«Акрон» не смог одолеть «Ленинградец», «Химки» победили КамАЗ

Отопительный сезон в Подмосковье может завершиться в пятницу