ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 11.06.2022

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын экинчи жеңиши

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Мьянма курама командасын Кыргызстан 0-2 эсебинде утту. Кыргызстандын эки голун тең чабуулчу Виктор Майер киргизип, оюндун мыктысы аталды. "Ак шумкарларды" президенттен баштап чет өлкөлүк күйөрмандарга чейин сүрөп турушту.

Казакпаевдин өлүмү: күч органдарына айтылган сын

Azattyk.org 

Кыргызстандагы саясат талдоочулар, илимпоздор жана эксперттер укук коргоо органдары Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөсү керектигин эскертти. Бул окуя тергөө абагында жаткандардын укугунун корголушун күн тартибине чыгарды. Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан ооруканага түшүп, эсине келбей, 10-июнда каза болушу укук коргоо органдарына сынды күчөттү. Алар Казакпаевдин "ден соолугу начарлаганын далилдеген дарыгерлердин чечими чыкканына карабай... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Мьянма курама командасын Кыргызстан 0-2 эсебинде утту. Кыргызстандын эки голун тең чабуулчу Виктор Майер киргизди. Оюн 11-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү. Ушул күнү Бишкекте Сингапур менен Тажикстандын курамалары беттешип, Тажикстан 0:1 эсебинде жеңди. Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Тажикстан жана Мьянма командалары менен ойноп жатат. 8-июнда Кыргызстан Сингапурду 2:1ге жеңген. Читать дальше...

Кыйырга таанылган кыргыз жээни Даниэл

Azattyk.org 

10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Чыңгыз Айтматов атындагы медал 60 кишиге берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда түрдүү тармактарда иштеген 60 жаранга Чыңгыз Айтматов атындагы медал ыйгарылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тапшыруу аземи 10-июнда Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Сыйлыктар маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусстводо ийгилик жараткандарга, улуттар аралык маданиятты, тынчтыкты чыңдоого, достук жана руханий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошкондорго берилди. Читать дальше...

Акыйкатчы адам укугун коргоо иштерин сынга алды

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту өлкөдө адам укугунун коргоодогу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарын, жарандык коомдун өкүлдөрүн тегерек үстөлгө чогултту. Адам укугу жана сандар Омбудсмен Атыр Абдрахматованын пикиринде өлкөдө айрыкча балдар, аялдарга карата зордук-зомбулук күч алып, адам укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдар жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатат. Акыйкатчы 10-июндагы жыйында апасын коргойм деп чоочун кишиге бычак урган 16 жаштагы баланын камалганын... Читать дальше...

Баткендеги музей кантип түптөлгөн?

Azattyk.org 

Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.

Президенттин администрациянын жаңы имараты 2024-жылга чейин бүткөрүлөт

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын жаңы имараты 2024-жылга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу боюнча мамлекеттик дирекциядан "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, азыркы тапта имараттын жерпайын түптөө иштери жүрүп жатат. Ишти "Сапат пром" курулуш компаниясы аткарууда. Курулуштун жүрүшүн Иш башкармалыктын алдындагы мамлекеттик дирекция көзөмөлдөйт. Президенттин жаңы администрациясынын курулушу 15-апрелде башталган. Читать дальше...



12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 12-июнга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31, Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33... Читать дальше...

Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерь ачылат

Azattyk.org 

16-июндан тарта билим берүү мекемелеринде жана Ысык-Көлдүн жээгинде балдар үчүн лагерлер ачылат. Бишкектин 46 мектебинде лагерь ачуу пландалганын, ага жакшы окуган окуучулар, активист улан-кыздар жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн 4470 балдар катышат. Бул тууралуу мэриянын сайтында жазылды. Райондук билим берүү борборлору мектеп лагерлерине жооптуу адистерди бекиткен. Ысык-Көлдүн жээгинде 230 окуучуну эс алдырууну уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тендер жарыялады. Читать дальше...

Талдоочулар Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранышты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы саясат талдоочулар тобу тийиштүү органдардан серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранышты. Аскар Айтматов, Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Заирбек Эргешев, Эмил Жороев, Денис Бердаков, Турат Акимов жана башка талдоочулар 11-июнда ушундай билдирүү таратышты. Алар Казакпаевдин өлүмү илим жана билим дүйнөсүндөгү чоң жоготуу экенин белгилешти. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан 9-июнда оор абалда ооруканага түшкөн саясий серепчи, тарых илимдеринин доктору... Читать дальше...

Өзбекстанда эки жаңы ГЭС курулат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Гиссарак суу сактагычында жана Ташкент облусундагы Ахангаран суу сактагычында кубаттуулугу жылына 22 миллион киловатт-сааттык эки жаңы чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 8-июнда Сурхандарыя облусундагы суу сактагычтарды модернизациялоо жана ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоорлору менен таанышуу учурунда билдирди. 2017-жылы президенттин жарлыгы менен "Узбекгидроэнерго" ишканасы түзүлгөн. Былтыр дагы төрт суу сактагыч бул коомдун карамагына өткөрүлүп... Читать дальше...

"ВЦ Кварта Астана" ишканасына КМШ мамлекеттерин тейлөөчү борбор макамы берилди

Azattyk.org 

Казакстандын "ВЦ Кварта Астана" ишканасына КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгы боюнча борбор макамы берилди. Мындай чечим Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин Нурсултан шаарында 10-июнда өткөн жыйынында кабыл алынды. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, борбор биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, коммерциялык келечеги бар инновациялык долбоорлорду уюштуруу, укуктук жактан колдоо... Читать дальше...

Абактагы Аспековго президент Жапаровдун жообу

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камакта отурган Мелис Аспековдун айыптоосуна жооп беришип, анын шайлоо маалында президенттин атын колдонуп ишкерлерден акча топтогонун билдиришти. Жети жылга кесилген Аспеков 3-июндагы соттук отурумда Садыр Жапаров мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 млн. доллар алганын, анын 1 миллионун Чүй облусундагы үгүт иштерине жумшаганын айтып чыккан. Аспеков: Айткандарымды тергөөдө далилдей алам “Опузалап акча талап кылуу” жана... Читать дальше...

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түптөөнү сунуштайт

Azattyk.org 

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо жаатында бир катар демилгелерди эл аралык коомчулукка сунуштоону пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ) баш катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алганда айтты. Мамлекет башчысынын сайтындагы кабарга ылайык, Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн ири коалициясын түзүү, өнүктүрүү фондун түптөө,  жана башка программаларды, долбоорлорду  иштеп чыгуу маселесин козгоду .  Амина Мохаммед... Читать дальше...

Июнь коогасында дайынсыз жоголгон 17 адам табыла элек

Azattyk.org 

2010-жылдагы июнь коогасында дайынсыз жоголгон 57 кишинин 17си дагы эле табылган жок. Издөө иштери уланып жатканын 10-июнда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.  2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. Читать дальше...

Дүйшөмбү шаарынын жака-белиндеги үйлөр түрттүрүлдү

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарынын четиндеги Варзоб районунда бир нече жеке турак-жайлар түрттүрүлдү. Тургундар үйлөрүн мыйзамдуу курганын, эми баш паанексиз калганын айтышууда. Аткаминерлер бул райондордо үй куруу мыйзамсыз болгонун, ал жайлоого арналганын билдиришти. Жашоочулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үйлөрдү укук коргоо органдарынын, анын ичинде прокуратура кызматкерлеринин катышуусу менен бузганын маалымдашты.  Журналисттер бул конушта 15тен ашуун үй толугу менен бузулганын санап чыгышты. Айрымдары жарым-жартылай түрттүрүлгөн. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу






Валентина Серова: "Машинист не может остановить поезд мгновенно" 

Захарова: главы СЕ опозорились, оставив без реакции теракт в «Крокусе»

Советский госдеятель Лаврентий Берия родился 125 лет назад

Московские археологи обнаружили пять фарфоровых игрушек XVII-XIX веков