ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 12.06.2022

Ирандын акчасы тарыхта болуп көрбөгөндөй күчүн жоготту

Azattyk.org 

АКШнын уланып жаткан санкцияларынын фонунда Ирандын улуттук валютасынын долларга карата курсу тарыхта болуп көрбөгөндөй чекке чейин түштү. Bonbast.com акча алмашуу сайтындагы маалыматка ылайык, ушул күндөрү 1 доллар 332 000 миң иран риалына барабар болуп калды. Июндун башында эле чет элдик валюта бул өлкөдө 318 000 миң реалга сатылган.  2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектеп... Читать дальше...

Францияда парламенттик шайлоо өттү

Azattyk.org 

12-июнда Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Экинчи тур бир аптадан кийин, 19-июнда болот. Франциянын президентин шайлоо апрелде жыйынтыкталган. Анда Эммануэль Макрон экинчи мөөнөткө шайланган. Эми анын тарапкерлери парламенттеги көпчүлүк орунду алуу үчүн күрөшүп жатышат. Макрон орточул деп саналат, анын саясий өнөктөштөрү оңчул жана солчул топтор менен да атаандашууга аргасыз. Президент алдыңкы беш жылда өзүнүн программасын ишке ашыруу үчүн ага парламенттик көпчүлүктүн колдоосу зарыл. Читать дальше...

ККМ: күчөгөн талап, токтобогон нааразылык

Azattyk.org 

Өкмөт үйүнүн имаратынын алдына 13-июнда соодагерлер кайрадан нааразылык акцияга чыгышты. Алар ККМ (көзөмөл-кассалык машиналарды ) жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат. Мунун алдында Министрлер кабинети 1-августтан тарта ККМ колдонуу талабы күчөтүлөрүн эскерткен. Акциянын катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, чакан дүкөндөргө ККМди коюу убактылуу токтотуларын билдирди. “Текшерүүлөрдөн улам... Читать дальше...

"Патент системасы эбак эскирген". ККМге талап күчөтүлөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-августтан тарта соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери эсептешүүдө милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу талабы күчөтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушууда сөз болду. Жолугушууга келген айрым ишкерлер ККМге өтүү товарлардын кымбаттоосуна алып келерин айтып, айрымдары патент системасын калтырып, анын баасын ишкерлердин тапкан пайдасына карата көтөрүүнү сунуштап жатат. Читать дальше...

"Жакыр өлкөлөрдө шык берүүчү китептер көп окулат"

Azattyk.org 

Айдай Максатбекова бир канча ай мурун шаарда англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы дүкөнүн ачкан. Жакында эле Шаржа шаарында өткөн «Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына» катышып келди. Айдай бул иш-чарада Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду.

Кыргызстанда ИДӨ көлөмү январь-май айларында 270 миллиард сом болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү январь-май айларында 270,2 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 105,7% түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетине шилтеме берүү менен билдирди. ИДӨ өсүшүнө негизги салымды өнөр жай (2,48%) жана кызмат көрсөтүү (1,97%) тармактары кошкон. Мындан тышкары өндүрүштүн көлөмү айыл чарбасында (2,2%) жана курулушта (3,1%) өскөн. Министрлик металлургиялык ишканалардын туруктуулугун, ишке киргизилген кендердин көбөйүшүнүн... Читать дальше...

Валентина Шевченко чемпиондук макамын жетинчи жолу коргоду

Azattyk.org 

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды. 11-июнда Сингапурда өткөн беттеште Шевченко жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.  Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп келатат.

Жерге-Талдан келип, Ысык-Атадан баар тапкан бүлөлөр

Azattyk.org 

Мындан 30 жылдай илгери Тажикстандагы атуулдук согуштун айынан мал-мүлкүн сатып, Кыргызстанга көчүп келген 11 кыргыз үй-бүлөсү тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримовдун баянын сунуштайбыз. Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.     Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. "Биз көргөндү эч ким көрбөсүн" Согуш алааматынан качкан жердештерим мага сый акы деп сунуштаган бир миллион рублдан баш тартканымды, аларды бир... Читать дальше...



“Ошко губернатор кылып жөнөтүп, Токтогулдан кайтарышкан”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу мурдагы биринчи вице премьер-министри Искендербек Айдаралиев. Ал маегинде советтик кадр таптоонун өзгөчөлүгү, коммунисттер Масалиев, Аманбаев, биринчи айым Майрам Акаева жөнүндө, Таласка кантип аким болгону, Бакиев бийлиги учурундагы так талаштар, “саруу-кушчу” таасири, өзүнө карата козголгон кылмыш иши, эмне үчүн “Замандаш” партиясына кошулганы ж.б. тууралуу кеп кылат. - Искендербек мырза, сиздин атаңыз Рысбек Айдаралиев совет заманында Талас облусундагы алдыңкы башкармалардын бири... Читать дальше...

Аквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу куткаруучу камалды

Azattyk.org 

"Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана "Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренелери менен козголгон. Аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын... Читать дальше...

13-июнда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 13-июнга караган түнү кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар жаайт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад,  Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын  кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32, Талас облусунда түнкүсүн 11...16... Читать дальше...

Боливиянын мурдагы президенти 10 жылга камалды

Azattyk.org 

Боливиянын борбору Ла-Паста сот мурдагы президент Жанин Аньести он жылга эркинен ажыратты. Ал "бийликке мыйзамсыз келип, элди козголоңго шыкактап, мамлекеттик төңкөрүш даярдаган" деп айыпталган.  Бул айыптоо Боливия кризиске кабылган 2019-жылдын ноябрындагы окуяларга байланыштуу. Расмий маалыматтарга караганда, 2006-жылдан бери мамлекет башчылыкты аркалап келген социалист Эво Моралес президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Бирок миңдеген адамдар шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп, Моралес президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып... Читать дальше...

Акылбек Жапаров ишкерлерди аткезчиликке каршы турууга чакырды

Azattyk.org 

Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан ишкерлер соода жайларына көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга жана эсеп-фактураны киргизүүгө каршы пикирлерин билдиришти. Алар патенттик системаны электрондук форматка өткөрүп берүүнү суранышты. 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушкан Жапаров ККМдин зарылдыгы тууралуу мамлекеттик саясатты түшүндүрүп, бул көмүскө экономиканы жана аткезчиликти кыскартууга жардам бере турганын айтты. Читать дальше...

Ала-Букада күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди 

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар  "Арашан" заводунун филиалы ишке кирди.  Башкы завод өзү Таласта жайгашкан.  Облустук администрациядан кабарлашкандай, заводду жергиликтүү бийликтин колдоосунда жеке ишкер ачты.  30га жакын адам жумушка алынган ишканага Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунан сүт сатып алынат. Азыктар лабараториялык текшерүүдөн кийин жасалат.   Ачылышка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышып... Читать дальше...

"Кандуу январь": Чымкентте элге ок аткандар жазасыз калабы?

Azattyk.org 

"Азаттыктын" казак кызматы жыл башындагы кандуу Январь окуяларында Казакстандын Чыкмент шаарында каза болгон дагы жети кишинин тек-жайын аныктады. Алардын эң улуусу 37 жашта, эң кичүүсү 18де болгон. Ошентип кандуу тополоңдо Чымкентте өлгөндөрдүн саны 20га чыкты. "20 киши октон каза болгон" Жыл башында Чымкент шаарында бийликке каршы башталган митинг башаламандыкка айланып, расмий маалымат боюнча 20 адам каза болгон. Бирок алардын тек-жайы жана өлүмүнүн себептери расмий айтыла элек. Январь окуяларынан... Читать дальше...

Президент элди туристтерге меймандос болууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөгө келчү туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданиятты тартуулоого чакырды. Мындай мазмундагы пикирин 12-июнда Фейсбукка жана Инстаграмга жазды. Мамлекет башчысы быйыл өлкөгө келчү туристтердин саны көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп, туризм казынаны толтуруунун булагы экенин билдирди.    Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону май айынын ортосунда расмий ачылган.   Кыргызстандагы туризм тармагындагы негизги көйгөйлөр катары жол... Читать дальше...

Бишкекте “КелКел... Жаштар саясатта” тасмасы тартууланды

Azattyk.org 

Бишкекте 10-июнда “КелКел... Жаштар саясатта” деген иш-чара уюштурулуп, ушул аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Фильмде Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бийлигин кескин сындап, протесттерди уюштурган жаштар кыймылы, анын мүчөлөрү тууралуу баяндалат. “Кылым шамы” адам укугун коргоо уюму жана "ТВ Академия" коомдук фонду уюштурган иш-чарада 17 жыл мурун түптөлгөн “КелКел” жаштар кыймылынын мүчөлөрү бир аянтчага чогулушту.. Жыйынга активисттер, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова да катышып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Чесноков оценил шансы Александровой в борьбе за выход в финал турнира WTA в Майами






Оставить за кадром: соцсетям и блогерам хотят запретить публикации жестокого видео

Лавров заявил, что сфер сотрудничества России и Запада практически не осталось

Спортивные выходные с «Известиями»

Он обещал — вернулся: сможет ли Минаков перебить Томпсона