ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 15.06.2022

Алексей Навальный абактан байланышка чыкты

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдирүү таратып, Владимир облусундагы Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганын маалымдады. Навальный буга чейин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Покров шаарында түзөтүү колониясынан 14-июнда башка абакка которулганы кабарланган. Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш аны кайсы жакка алып кетишкени акыркы мезгилге чейин белгисиз болуп жатканын айткан эле. Федералдык жаза аткаруу кызматы да маалымат тараткан эмес. Читать дальше...

Казакпаевдин абактагы өлүмү, УКМКнын жообу

Azattyk.org 

Кыргызстанда "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып, абакта кезинде каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жабык жайлардагы адам укугу маселесин күн тартибине чыгарды.

Тажик милициясы аралашкан маңзат соодасы

Azattyk.org 

Баткен облусунда Тажикстандын эки жараны 33 кг баңгизат менен кармалды. Алардын бирөө коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкери экени белгилүү болду. Тажик тарап бул окуя боюнча комментарий бере элек. Тажикстандын эки жараны кармалды Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маңзат ташууга шек саналып кармалган Тажикстандын эки жараны улут аралык баңгитобунун мүчөлөрү экенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ооганстандан өндүрүлгөн баңгизатты Тажикстандан Кыргызстанга ташып келип... Читать дальше...

Министрлер кабинетине Кожошевдин ордуна Адылбек Касымалиев дайындалды

Azattyk.org 

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 15-июнда кол койгону мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Еварзиялык экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалганы кабарланган. Адылбек Касымалиев 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеген... Читать дальше...

Казакпаевдин өлүмү: Оппозициянын талабы, Ташиевдин жообу

Azattyk.org 

Бириккен демократиялык оппозициялык кыймыл Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди айыптап билдирүү таратты. Анын алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергөө абагында каза тапкан талдоочу тууралуу пикирин билдирген саясатчы Равшан Жээнбеков менен журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Ташиев Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу дооматтарды четке кагууда. Бириккен демократиялык оппозициялык кыймыл тараткан билдирүүдө Камчыбек Ташиев "айыпсыздык... Читать дальше...

Жарандык жөнүндө сөз. Кызыктуу бетачардан кийинки ойлор

Azattyk.org 

Макаланын автору Эмилбек Жороев - саясат таануучу, "Сорос-Кыргызстан" фондунун программалык деректири, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору. ЕККУ академиясында жана башка окуу жайларда эмгектенген.   Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. "Мыкты жаран деп кимди айтууга болот?” 30-майда Бишкекте “Смарт Жаран” ассоциациясынын, "Сорос-Кыргызстан" фондунун жана Борбор Азия университетинин биргелешкен демилгеси боюнча "Пил Рисерч Компани" жүргүзгөн кыргызстандыктардын... Читать дальше...

Талас: арпаны каптаган илдет

Azattyk.org 

Манас районунда дыйкандар айдаган арпаны кара көө каптап жатат. Алар арпанын үрөнүн өкмөттөн насыяга алган. Чыгымга дуушар болгон тургундар насыяны төлөө үчүн өкмөттөн жеңилдик сурап жатышат. Адистер арпанын оорусу урук менен келген болушу мүмкүн дейт.

Навальныйды кайсы абакка которушканы белгисиз болууда

Azattyk.org 

Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды колониядан белгисиз бир жакка алып кетишкенин анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-июнда билдирди. «Навальныйды №2 түзөтүү колониясынан алып чыгып кетишти. Аны менен жолугушуу үчүн барган адвокатын саат 14кө чейин кабылдамада кармап отуруп, андан кийин «Бизде андай киши жок” деп коюшуптур. Азыр Алексей каерде экенин, аны кайсы колонияга которушканын билбей жатабыз» деп жазды ал Twitter баракчасына. Навальный аны өлтүрүүгө аракет кылган система... Читать дальше...



Кочкор районунда акимге каршы митинг өттү

Azattyk.org 

Кочкор районунун бир катар тургундары район акими Курбанбек Камчыевдин кызматтан кетишин талап кылып, акимчиликтин астына митингге чыкты. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Ормон Нурбек уулу "Азаттыкка" билдирди. "Кочкор районунун төрт тургуну аким менен жеке ишкердин жең ичинен сүйлөшүүсүнөн камалып кетип жатат. Акимдин ишине нааразы адамдар абдан көп. Эл жөндөн-жөн көтөрүлбөйт да. Эки жүздөй адам чыкты. Төрт адамга 2,5 млн. сом айып пул салынып жатат". Нурбек уулунун айтымында, Кочкор айыл... Читать дальше...

Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Azattyk.org 

Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Руслан Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ушул жылдын март айында Свердлов... Читать дальше...

Бакиевдердин үйүнүн ордуна реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында балдардын реабилитациялык борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Курулуш Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү өрттөнгөн үйүнүн ордунда жүрүп жатат. "Кийинки жылы үч кабаттуу жаркыраган имарат даяр болот. Ичинде 96 койка орун, ашкана, укалоо, дене тарбиясын жасаган, дарыгерлер кабыл алган жана процедуралык бөлмөлөр болот", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Курулушту президенттин... Читать дальше...

Жаатташкан коом диктатурага жол ачат

Azattyk.org 

Жолдош Турдубаев - "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон. Читать дальше...

Крестинин көрсөтүлбөгөнүн КТРК Спорт каналы териштирет

Azattyk.org 

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтпөгөнүнө байланыштуу кызматтык териштирүү жүрөт. Бул тууралуу каналдын продюссери Шайырбек Арапов билдирди. Көрүүчүлөр Азия кубогуна тандоо оюндарында (Кыргызстан - Сингапур, Кыргызстан - Мьянма, Кыргызстан - Тажикстан) Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы көрсөтпөгөнүн байкаган. Бул... Читать дальше...

Ош милициясы иш кагаздарын жасаганы үчүн тогуз кылмыш иши ачылды

Azattyk.org 

Ош шаардык милициясында жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеги далилдерди жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча бир топ фактылар аныкталганын 15-июнда Башкы прокуратура маалымды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдары кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчүн жасалма жогорулатуу максатында жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан "Кылмыштардын бирдиктүү реестрине" жалган маалыматтарды киргизип, жасалма кылмыш ишин козгошкон. Читать дальше...

Ташиев бийликтин Бакиевди реабилитациялоо максаты жок экенин билдирди

Azattyk.org 

Азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин бүгүн 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Басылманын “Азыр Бакиевдин режимин реабилитациялоо жүрүп жаткандай ой жаралууда. Анын мурдагы көптөгөн кызматкерлери жогорку кызматтарга кайтып келишти, анын өзүнүн кайтуусуна шарт түзүлүп жаткан сыяктуу…” деген суроосуна жооп берип Ташиев эч кимдин андай максаты жок экенин айтты: “Реабилитация... Читать дальше...

Өзбекстан: өкмөткө аргасыз эгин төккөн дыйкандар

Azattyk.org 

Өзбекстанда жергиликтүү акимдер дыйкандардан ашыкча буудайын мамлекеттик резервге тапшырууну талап кылып жатканы маалым болду. Айрымдары күч кызматкерлери дыйкандарды кыйнап, эгин төктүрүп жатканын айтып берди. Ошондой эле коңшу өлкөдө жер-жемиш тартыштыгы байкалууда. Май айында президент Шавкат Мирзиёев айыл чарба реформасын караган жыйында өкмөт 1-июндан тарта дыйкандардан базар баасы менен эгин сатып аларын айткан. Президент анда бир тонна буудай баасы быйыл 1,5 миллион сумдан (135 доллар)... Читать дальше...

Тарых музейиндеги жаңы чырдын илеби

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук тарых музейине жаңы директор дайындалды. Соңку жылдары чуулгандуу сот иштери, күйүп кеткен бир топ экспонаттары менен талкуу жараткан Тарых музейи кайрадан эл назарында. "Бакашова убактылуу жетекчи" Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Жылдыз Бакашованын Улуттук тарых музейине директор болуп дайындалганы 13-июнда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчинин дайындалышына мурдагы музей жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковдун кызматтан кетүү тууралуу арызы себеп болгону кабарланган. Читать дальше...

"Манас" аэропортунун долбоору инвесторлорго сунушталды

Azattyk.org 

“Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү боюнча инвесторлордун конференциясы өттү. Анда аэропорттун долбоору сунушталган. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага расмий бийлик өкүлдөрүнөн тышкары долбоорго кызыкдар тогуз компаниянын өкүлдөрү катышкан. Алар, Munich Airports (Германия), Korea airports corporation (Түштүк Корея), Corporation America airports (Аргентина), EGIS (Франция), YDA Group (Түркия), Incheon airports (Түштүк Корея), GMR Group (Индия)... Читать дальше...

Кыйноого каршы борборду акыйкатчы менен бириктирүү жөнүндө билдирүү талаш жаратты

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду бириктирүү сунушу берилгени жатканы тууралуу маселе бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында талаш жаратты. Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакынкы учурда сунуш берилерин билдирди: “Улуттук борбордун ыйгарым укуктарын акыйкатчы менен бириктирип… Ошондо бизде алдын алуу боюнча бир институт... Читать дальше...

Новости России
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективных решениях в дорожном строительстве   


Аба ырайы: кээ бир аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймагында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33... Читать дальше...

Депутат Акаев түрмөлөрдү «криминал жана акча башкарып калганын» айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын абактарын «криминал жана акча башкарып калды» деген пикирин бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда ал түрмөлөрдү «толук бойдон радикалдуу түрдө реформалоо керектигин» белгилеп, абактардагы миңдеген адамдын абалын «кыйноо» деп мүнөздөдү. Акаевдин пикиринде, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун макамын жогорулатып, ага акча каражатын «аябай бөлүп берүү керек»: «Түрмөлөрдү криминал башкарат. Читать дальше...

Рысбеков: Казакпаевдин илдети аны абакта кармоого жол бербей турганы эскертилген

Azattyk.org 

Саясат талдоочу Марат Казакпаев ден соолугуна байланыштуу камакта отура албай турганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагына 9-июнда кат жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорго каршы улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди. Рысбеков Казакпаев менен жеке өзү үч жолу жолукканын, борбордун кызматкерлери да барып мониторинг жүргүзүп турганын, 26-апрелде анын жубайы жардам сурап кайрылганын айтып... Читать дальше...

Үч жылда жабык жайларда 151 адам көз жумду, 19у суицид болду

Azattyk.org 

2019-2021-жылдары Кыргызстандын жабык жайларында 151 адам каза тапкан. Бул тууралуу 15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда айтылды. 19 адам өз жанын өзү кыйганын борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирип, төрт суицид милициянын убактылуу кармоочу жайында болгонун маалымдады. Рысбеков каза болгондор Жаза аткаруу кызматына, Ички иштер министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жабык жайларда, стационардык-социалдык мекемелерде катталганын кошумчалап... Читать дальше...

Азия кубогуна тандоо: нөшөрлөгөн жаанда өткөн соңку беттеш

Azattyk.org 

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Буга карабай эки команда тең Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алды.

Аскердеги өкүмзордук качан токтойт?

Azattyk.org 

Жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, саламаттыгына оор залака тийди. Бул окуя коомчулукта аскер бөлүктөрүндө токтобой келаткан өкүмзордуктун кезектегиси катары сындалып жатат.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о смене гражданства: «Я никому ничего не доказываю. В меня поверил Казахстан, чему я очень рада»






В Hopper IT создали отечественный вариант HRM-системы для автоматического управления человеческим капиталом

Лидер «Ночных волков» заявил о необходимости сурового наказания для убийцы байкера

ЖК «Московский» достроят в Сергиевом Посаде к 2025 году

Как вести себя при сильном шторме в городе