ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 17.06.2022

Жоокердин сабалышы: аскер бөлүктүн ичиндеги абал

Azattyk.org 

Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу офицер эки айга камакка алынды. Жоокердин ур-токмокко кабылганы ал ооруканага түшүп, операция болгондо гана аныкталган. "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова Бекзат Эсенбеков кызмат өтөгөн аскер бөлүккө барып, жоокерлер менен сүйлөшүп келди.

Президент аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташууга каршы чараларды күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына 17-июнда жарыяланды.  "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 18-майда кабыл алган.  "Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген",-деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Акчаны кантип туура бөлүштүрөбүз?

Azattyk.org 

"Мен тапканымдан көбүрөөк акча коротом. Айлыгым кийинки айга жетпей калат". Бул кырдаал сизге таанышпы? Же тапкан каражатыңызды кантип туура колдоном деп ойлонуп жүрөсүзбү? "Азаттык+" каржылык сабаттуулук жөнүндө талкуу уюштуруп, ушул суроолорго жооп издеди.

Саламаттык сактоо министрлиги кара тумоо тууралуу изилдөөгө пикирин билдирди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 14-кылымда кара тумоо Кыргызстандын Ысык-Көл аймагынан тарай баштаган деген чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий изилдөөсү тууралуу билдирүү таратты. Министрлик Nature журналында жарыяланган илимий изилдөөдө Бишкектин четиндеги (Кара-Жыгач чеби) жана Токмокко (Бурана) жакын жердеги археологиялык жана палеонтологиялык казуулардын жүрүшүндө табылган болгону жети адамдын сөөгүнүн үлгүсү алынганы айтылат. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери патогендик микробдордун... Читать дальше...

Экс-министр Чынара Жакыпова УКМКга сурак берди

Azattyk.org 

Мурдагы билим берүү министри, "Сорос-Кыргызстан" фондунун экс-жетекчиси Чынара Жакыпова 17-июнда Улуттук коопсуздук кызматына (УКМК) сурак берди. Ал атайын кызматка аталган фонддун имаратын сатып алууга байланыштуу күбө катары чакырылганын билдирди. Коопсуздук кызматы азырынча комментарий бере элек. Ушул айдын башында атайын кызматка "Сорос Кыргызстандын" азыркы жетекчиси Шамил Ибрагимов дагы сурак берип чыккан. Бул окуялар коомчулукта түрдүү божомолдорду, талкууну жаратты. Чынара Жакыпова УКМКга... Читать дальше...

Түркияда күрд журналисттер камалды

Azattyk.org 

Түркияда 16 күрд журналист "куралдуу террордук уюмга мүчө" деген шек менен камалды. Тарапташтары аларды колдоо максатында нааразылык акциясын уюштуруп, бийликтин сөз эркиндигине балта чаап жатканын сындашты. 8-июнда Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр облусунун башкы прокуратурасынын санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында үйлөр жана кеңселер текшерилип, 22 күрд журналист кармалды. Бейшембиде Башкы прокуратура 16 журналист "куралдуу террордук уюмга мүчө" деген айып менен камалганын кабарлады. Читать дальше...

 "Дордой Food" базарынан 4,8 миң бөтөлкөгө куюлган жасалма ичимдик табылды

Azattyk.org 

Бишкектеги "Дордой Food" базарынан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар сакталган кампа аныкталганын 17-июнда Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Жасалма ичимдиктер сакталып турган кампадан "АЮ" жана "Бишкек Алко пром" жоопкерчилиги чектелген коомдору чыгарган 4 миң 800 бөтөлкө ичимдик алынды. Мекеме жасалма ичимдикти сатууга аракет кылган ишкерге мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн билдирди. Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер... Читать дальше...

Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Azattyk.org 

Улуу Британиянын ички иштер министри Прити Патель WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды экстрадициялоо тууралуу АКШнын өтүнүчүн колдоду. “17-июнда магистраттык жана Жогорку сот тарабынан каралгандан кийин Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечими кабыл алынды. Ассанж мырзада чечимдин үстүнөн даттанууга 14 күн убактысы бар”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Британиялык сот былтыр бул боюнча Вашингтондун өтүнүчүн четке каккан эле. Сот Ассанжды АКШга өткөрүү анын психикалык... Читать дальше...



БУУ Кыйноолордун алдын алуу борборун Акыйкатчы институтуна бириктирүү сунушуна тынчсызданды

Azattyk.org 

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча аймактык кеңсеси Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институту менен бириктирүү сунушуна тынчсыздануусун билдирет. Аймактык кеңсе мындай чечим кыйноолордун алдын алууда мамлекеттин ишинин алсырашына алып келип, Кыргызстан кол койгон БУУнун Конвенциясын аткарууга терс таасирин тийгизерин белгилеген. 15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорду алдын... Читать дальше...

Чынара Жакыпова УКМКга суракка кирип кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка кирип кетти. Ал чакыруу кагазын алганын, маселе “Сорос Кыргызстан” фонду жайгашкан имаратты сатып алууга байланыштуу экенин бүгүн 17-июнда билдирген. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, имарат 1999-жылы сатылып алынганын, өзү фонддогу кызматын 1998-жылы эле тапшырып бергенин жазген. Ал чакырууну коронавируска каршы беткап тагынган эки киши алып барганын, алар... Читать дальше...

Прокуратура: ИИМдин күзөт кызматкерлери казынага 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн кызмат адамдарына иш козголду. Башкы прокуратуранын 17-июнда тараткан маалыматында аталган бөлүмдүн кызматкерлери бухгалтердик отчеттордо жалган маалыматтарды көрсөткөнү жазылган. "Мыйзамсыз ашыкча эмгек акы алышып, жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүп, жалган мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшкөн. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 3 млн. 191 миң 947 сом зыян келген”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында. Бул... Читать дальше...

Улуттук тамак-аштын курамы тууралуу биринчи маалымат топтому жарык көрдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук тамак-аштын жана өлкөдө өскөн жапайы жер-жемиштердин химиялык курамы тууралуу маалымат топтому жарык көрдү. "Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы" деген колдонмодо 41 жапайы жер-жемиш жана бышырылган 11 улуттук даам тууралуу кыргыз жана англис тилиндеги маалыматтар камтылган. Китепти Исхак Раззаков атындагы КМТУнун жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин илимпоздору Жамила Сманалиева, Мукарам Мусулманова, Жаңыл Искакова, Анна Гиртлова биргеликте жазган. Читать дальше...

Ош шаарында ипотекага берилчү муниципалдык үй курулуп бүттү

Azattyk.org 

Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында салынган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Тогуз кабаттуу, 90 батирлүү турак үй Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда курулган. "Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган", - деп айтылат маалыматта. Ош шаарында дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатат. Читать дальше...

Грузия Орусиядан качкан блогерди киргизбей жаткан себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын субъектиси – Кабардино-Балкария Республикасынан качкан блогер Инса Ландерди өлкөгө киргизбей жаткан себебин ага террорчулук боюнча иш козголгону менен түшүндүрдү. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды. “Эгер адам Грузиянын мыйзамдарынын шарттарына туура келбесе, анын ичинде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратса же террорчулук, мыйзамсыз баңгизаттарды сатуу жана адам сатуу сыяктуу эл аралык кылмыштарга шектелсе, анын кирүүсүнө уруксат берилбеши мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Салык карызы барларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынууда

Azattyk.org 

Салык боюнча карызы барлардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынып жана башка чектөөлөр колдонулуп жатканын Мамлекеттик салык кызматы 16-июнда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 1-июнга карата сот аткаруучулар салык органдарынын арызынын негизинде дээрлик 7,7 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төлөм боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө чектөө чарасын колдонушту. Тийиштүү иштер жүргүзүлгөндөн кийин алардын 251и 42 миллион сомдук карызын төктү. Салык кызматы 100 миң сомдон жогору суммадагы... Читать дальше...

Мугалимди мазактоого каршы мыйзам биринчи окууда каралды

Azattyk.org 

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 16-июнда жалпы жыйында биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов демилгеленген долбоор коомдук талкууга быйыл февраль айында коюлган. Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү, мунун баары педагогика кызматкеринин коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөп кеткенине алып келип жатканы белгиленген.

Вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү дагы бир кызматкер үй камагына чыкты

Azattyk.org 

COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары кармалган дагы бир мурдагы жетекчи үй камагына чыгарылды. Шаардык соттун 17-июндагы чечими менен саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов үйүнө бошотулганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 2-июнда Бектурганов менен кошо Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова, министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков кармалып, Улуттук... Читать дальше...

18-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад,  Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй облусунун өрөөнүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

Чынара Жакыпова УКМКга “Сорос Кыргызстан” фондунун имараты боюнча чакырылганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) чакыруу кагазын алганын, маселе “Сорос Кыргызстан” фонду жайгашкан имаратты сатып алууга байланыштуу экенин бүгүн 17-июнда билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялап, имарат 1999-жылы сатылып алынганын, ал өзү фонддон 1998-жылы кеткенин жазды. Ал чакырууну коронавируска каршы беткап тагынган эки киши алып барганын, алар өзүлөрүн Айдаралиев Кубанычбек жана Муратов деп тааныштырганын айтып... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Баткен: өрүктү сыртка экспорттогон ишкерлер

Azattyk.org 

Баткенде быйыл өрүктүн түшүмү мол болду. Айрым багбандар өрүктү табигый жол менен кургатып экспорттоодо кирешеси арбын болорун айтып, бул ыкманы өрүкзардын мекенинде жайылтууну каалашат. Акыркы эки-үч жылда өрүктүн түшүмү жакшы болбой, кийин пандемияда аларды сатуу таттаалдашып багбандардын кирешеси кыйла азайып калган.

Тойдо колуктусун урган эркектин жоругу жердештерин ачуулантты

Azattyk.org 

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда коноктордун алдында колуктусун көк желкеге коюп ийген жигиттин видеосу эл аралык басылмаларга чейин тарады. Өзбек бийлиги бул чуулгандуу окуя 6-июнда Сурхандарыя облусунун Узун районунда болгонун ырастады. Соцтармакты дүрбөлөңгө салган видео Чуулгандуу видеодо үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан маалда кыз-күйөөнүн коноктордун алдында оюнга катышып жатканы тартылган. Колукту шамдагайлык кылып, озуп кеткенде күтүлбөгөн жерден жигит аны көк желкеге коюп жиберген. Читать дальше...

Ипотекага 2022-жылга бөлүнгөн акчанын 90% түгөндү

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотека компаниясына 2022-жылы бөлүнгөн 1 млрд. 800 млн. сомдун 1 млрд. 594 млн. сомуна 640 адамга ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова 17-июнда парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын отурумунда билдирди. Ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө үйлүү болгон. Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрайымы учурда 39 миң адам ипотекалык насыя алуу үчүн катталганын, анын 12 миңден ашууну жактырылганын... Читать дальше...

Бишкек мэриясы текшерүү үчүн "Белес" ишканасынан беш автобус сатып алат

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы "Белес.kg" ишканасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Меморандумда мэрия автобустардын сапатын текшерүү үчүн газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну көздөөдө. Автобус кураштыруучу "Белес.kg" ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барган президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте... Читать дальше...

Акылбек Жапаров экономикалык форумга катышуу үчүн Санкт-Петербургга барды

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бүгүн 17-июнда башталып жаткан эл аралык экономикалык форумга Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация катышууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» сессиясында сөз сүйлөйт. Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт. Санкт-Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык... Читать дальше...

Жер басып алгандардын жазасын катуулатуу каралууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда жер басып алгандардын жазасын катуулатуу сунуш кылынууда. Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 15-июнда коомдук талкууга чыгарды. Анда “Акыркы жылдарда республикада жерлерди ээлеп алуу, жерлердин бүтүндүгүн жана максаттуу багытын бузуу менен сугат жерлерине, түшүмдүү жерлерге өзүм билемдик менен турак жай куруу тенденциясы уланууда” деп айтылды. Министрлик бул чөйрөдө бир топ «мафия» бар экенин... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина приблизилась к первой ракетке мира






Северная Корея провела первые учения по нанесению условного ядерного контрудара

Названы победители 2-х конкурсов праздника «Чир Ине» в Хакасии

Добыча нефти в Китае в 1 квартале 2024 г. выросла на 2,3%, газа - на 5,2%

Госавтоинспекция юго-запада Москвы подвела итоги деятельности за 1 квартал 2024 года