Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссия түзүлдү
Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түздү. Президенттик администрациянын билдиришинче, комиссия эки окуяны ар тараптуу изилдемекчи. "Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, "Айыл Банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү"... Читать дальше...