ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 19.06.2022

Конуштарды мыйзамдаштыруу боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз кызматы жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 337 жер тилкелери такталган. Жалпысынан 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. "Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты", - деп айтылат маалыматта. Мыйзамга ылайык... Читать дальше...

Тажикстанда эки журналист камакка алынды

Azattyk.org 

Тажикстанда журналист жана блогер Абдулло Гурбати 18-июнда эки айга камалды. Бул тууралуу адвокат Абдурахмон Шарипов журналисттин жакындарына билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Гурбати ушул эле күнү камалган дагы бир журналист жана блогер Далер Имамолинин берүүлөрүн чогуу тартып жүргөн. Жактоочунун айтымында, Гурбати сот учурунда күнөөсүн мойнуна алган эмес. Тергөөчүлөр журналист жөнүндө "айрым маалыматтар" бар экенин айткандан кийин Шахмансур районунун соту аны камоо тууралуу чечим чыгарган. Читать дальше...

Жапон парламентине биринчи жолу уйгур талапкер ат салышууда

Azattyk.org 

33 жаштагы Арфия Эри уйгур элинин тарыхында биринчи жолу Жапониянын парламентинин жогорку палатасы – Сенатка ат салышууда. Жети тилде сүйлөгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы кызматкери Жапонияда, Кытайда жана АКШда билим алган. Жапониянын башкаруучу Либерал -демократтар партиясынын тизмеси менен бараткан талапкер “саясат тууралуу көз карашыман көрө эл менин түпкү тегиме көп кызыгат” дейт. Эринин шайлоо өнөктүгү “жапон жаранымын” деген сыймыкка басым жасап, жапониялык үй-бүлөлүү аялдарга багытталган. Читать дальше...

Асанбаевдин иши: жакындары өз жанын кыйганына ишенбейт

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза тапкан мурдагы банк кызматкери Бакыт Асанбаевдин сөөгү 19-июнда Чүй облусунда жерге берилди. Анын туугандары маркумдун асынып алганына ишенбейт жана көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда. Атайын кызмат "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Асанбаев тергөө абагында асынып алган абалда табылганын кабарлаган. "Аны башка камерага которушкан" Сайкал Айдаралиева маркум Бакыт Асанбаевдин жубайы. Читать дальше...

"Ислам мамлекети" террордук тобу Кабулдагы чабуулду мойнуна алды

Azattyk.org 

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун аймактагы тобу Ооганстандын баш калаасы Кабулда жасалган чабуулду өз мойнуна алды. 18-июнда шаардагы cикх храмына кол салууда кеминде эки киши каза таап, жети адам жарадар болгон. “Талибан” өкмөтүнүн ички иштер министринин басма сөз катчысы Нафи Такур журналисттерге “талибдердин бири шейит кетти, дагы бир мекендешибиз, сикх жамаатынын өкүлү каза тапты. Андан башка курмандыктар жок. Храмга чабуул койгон согушкерлер өлтүрүлдү”, – деп айтты. Соңку маалда "Ислам... Читать дальше...

Бишкектин борбордук бөлүгүнө жаратылыш газын берүү бир айга токтотулат

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-июндан тартып Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Буга чейин "Газпром Кыргызстан" компаниясы 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ куурлары алмаштырылып, ремонт иштери жүрө турганын кабарлаган. Буга байланыштуу бир ай шаардын айрым көчөлөрүнө (Осмонкул, Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы), Малышев, Баялинов (БЧК), Журнальный, Жибек Жолу) көгүлтүр от берүү токтотулат. Айрым шаар тургундары социалдык тармактарга газ берүү бир күн мурда, 19-июнда токтотулганына нааразылыгын билдирүүдө. Читать дальше...

Ашар менен суу чыгарган Оттук

Azattyk.org 

Нарын районунун Оттук айылынын тургундары кыштактагы 300 гектар жерди сугаруу үчүн ашар менен канал казып жатышат. Алар кургакчылыктын каатчылыгын 20 жылдан бери тартып келишкен. Эми бир айдын аралыгында жумушту толук бүткөрүп, айдоо жерлерге суу жеткиребиз деп турушат.

Аба ырайы: Жаан жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 20-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик баардык облустарда жаан жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32, Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9...14... Читать дальше...



УКМК абагында каза болгон Асанбаевдин сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-июнда "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин тажыясы өтүп, сөөгү жерге берилди. Айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Асанбаевдин абактан чыгарына эки күн калганда ажал табышы суроо жаратып жатканын" айтууда. 18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган. Атайын кызматтын маалымдашынча, банкир Асанбаев коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган. Асанбаевдин жактоочусу... Читать дальше...

Кызыл-Кыя шаарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады

Azattyk.org 

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 18-июндун кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, бир катар турак үйдүн жана мекемелердин короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, сел 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна киргени айтылат. Бүгүн, 19-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кызыл-Кыяга барып, шаардын тургундары менен жолукту.  Учурда ӨКМ кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Читать дальше...

Бала бакчадагы наристени какыс-кукус кылган окуяны милиция териштирүүдө

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде аял киши 3-4 жаштардагы наристени чаап жиберген окуяны милиция териштирүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.  Буга чейин социалдык тармактарга бала бакчалардын биринде аял наристени чапканы тартылган видео тараган. Анда тасмадагы эки аялдын бири ыйлап жаткан баланы "сарайга камап саларын" айтып коркутат. Кийин катуу ыйлай баштаган наристени чаап жиберген. Милиция баланы чапкан аял анын апасы экенин, ал... Читать дальше...

"Аял режиссерлордун катары калыңдады"

Azattyk.org 

Эгемендик жылдардан кийин кыргыз киносуна келген аял кинорежиссерлордун бири Далмира Тилепбергенова документалист, жазуучу, акын катары да белгилүү. Ал “Асман алдында” деген кинотасмасы менен таанылган. Кинорежиссер өзүнүн жана чыгармаларынын өмүр сапары тууралуу маек курду.

Ош аэропортунан Индияга учкан учак авариялык абалда конду

Azattyk.org 

18-июнда Оштон Делиге учкан Aero Nomad компаниясынын самолету Ош эл аралык аба майданына авариялык абалда конду. Бул маалыматты Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев "Азаттык" радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, учак асманга көтөрүлүп, бир сааттай убакытта 17 жолу тегеренгенден кийин кайра конууга мажбур болгон. Авариялык конууга техникалык жагдайлар себеп болгону белгиленип, бирок эмне болгону ачык айтылган жок. Aero Nomad компаниясы менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Читать дальше...

“Марадонанын” шагын сындырган кайдыгерлик

Azattyk.org 

Каргадай бала кезде бөртүп чыккан ышкы пенде баласын алдыга үндөп, жашоо-турмушунун шамчырагына айланат. Султан Жумагуловдун “Марадона” аңгемесинин каарманы ошондой ышкылуу бала. Боорун жерден көтөргөнү кыймылга жакын, чуркамайын-секирмейин турбаган тентек балдар болот. Алардын денесине батпаган энергия спортко сарпталып, шарты келип, бактысы ачылып калса оголе зор ийгиликтерди жаратарын, улуттук сыймыкка айланарын көрүп жүрбөйбүзбү. Биз бала кезде спорттун көп түрүнүн ичинен - футбол өзгөчө барктуу эле... Читать дальше...

Президент Жумгал райондук сотунун судьясын кызматтан алды

Azattyk.org 

Нарын облусунун Жумгал райондук соттун судьясы Ачылбек Арзиев кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) судья Ачылбек Арзиевге жана аталган райондун О.Ж. аттуу прокурорунун орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Читать дальше...

БУУ кыргыз өкмөтүнүн кыйноолорго каршы саясатына кабатыр

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгесине тынчсыздануу билдирди. Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институтуна бириктирүү каралып жатканын билдирген. Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан. БУУнун аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгеси кыйноолордун алдын алуу иштерин алсыратып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Черундоло и пробился в 1/8 финала турнира ATP в Майами






Конференция Совета ветеранов прошла в столичном главке Росгвардии

Росгвардейцы задержали мужчину, подозреваемого в хранении наркотиков на северо-западе Москвы

Михаил Исаев выехал на место подтопления в Марксе

Александр Казаков: Номинации посвящены даже не героям фронта, "а героям тут"