ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 25.06.2022

Күрөш: Балбан Орозобек Токтомамбетов жаштар арасында Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Орозобек Токтомамбетов бүгүн, 25-июнда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Досжан Ассетовду 10:6 эсебинде жеңди. Буга чейин Токтомамбетов төрт атаандашын уткан. Алгач айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Каран Каранды, өзбекстандык Бегижон Кулдашевди, тажикстандык Мустафо Ахмедовду... Читать дальше...

Президент Бейшеналиев менен Зулушевдин экөөндө тең күнөө бар деп эсептей турганын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маселеси боюнча пикирин билдирип, «экөөндө тең күнөө бар» деп 25-июнда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. Ал эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматка киришкенине, Бейшеналиев үй камагына чыгарылганына байланыштуу "соодалашуу жүргөн окшойт" деген күмөн ой жаратканы тууралуу суроого жооп берип, андай болбогонун айтты. Адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп... Читать дальше...

Садыр Жапаров эки өлүм боюнча УКМКны айыптоону "акылга сыйбаган күмөн" деп атады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 25-июнда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде атайын кызматтын тергөө абагындагы эки өлүм боюнча айтып жатып “Аларды “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн” деп билдирди. “УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо... Читать дальше...

Чек арадагы тоннелдер: аткезчилик амалы

Azattyk.org 

Соңку эки ай ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан аткезчилик үчүн казылган бир канча тоннел табылды. Лифт курулган тоннел Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткендин Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы кыргыз-өзбек чек ара сызыгынын алдынан өткөн жашыруун тоннел күнүмдүккө керектүү товарларды, курал-жарак, баңгизат, акча өткөрүү жана мыйзамсыз миграция үчүн колдонулуп келгенин маалымдады. Атайын кызмат жарыялаган фото-видеодо тоннелде лифт сыяктуу жабдуулар орнотулуп... Читать дальше...

Таласта бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Талас облусунда бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кеткенин бүгүн 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда милицияга Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Талас каналына 13 жана 14 жаштагы эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине 10 куткаруучу тартылган. Кыздардын биринин сөөгүн жергиликтүү тургундар бүгүн эртең менен табышты. Экинчи кызды издөө уланууда. 24-июнь күнү Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычына... Читать дальше...

Президент Жапаров Атамбаевдин абактагы шарты жөнүндө айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бийликке келери менен абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бардык шарттарды түздүрүп бергенин бүгүн 25-июнда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. “Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо, журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт” деп айтып, өзү тууралуу “Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу” деп кошумчалады. Жапаров “Атамбаев тобо деш керек” деп белгилеп... Читать дальше...

Азия чемпионаты: Мээрим менен Айперинин алтыны

Azattyk.org 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды. Чемпионат “Бишкек-Арена” музмайданында 26-июнга чейин уланат. Бүгүн, 25-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта, эркин күрөштөн үч салмакта таймаштар өтүп жатат.

Балдарды таяктап, тилдөө тарбия эмес...

Azattyk.org 

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.   Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт! Жакында белгилүү ишкер, меценат Эмил Үмөталиевдин бир интервьюсун көрдүм. Ошондо анын балдар тууралуу айткан пикири мен үчүн ачылыш болду. “Баланы кабыл алуу, түшүнүү, колдоо, кубаттоо зарыл. Тарбия деген түшүнүктүн ордуна ушул түшүнүктөрдү колдонууга убакыт жетти. Кандай маселе болбосун, чоңдор бала тарапта болгонду билсек, балдар бизге ишенет, жакшы жолго түшөт”. Читать дальше...



Күрөш(U-23): Токтомамбетов жана Нуртаева Азия чемпионатында алтын байге үчүн күрөшөт

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбандар Орозобек Токтомамбетов жана Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын байге үчүн бүгүн 25-июнда күрөшөт. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Орозобек Токтомамбетов эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта жарым финалда түркмөнстандык Арслан Аманмурадовду утуп финалга чыкты. Жарым финалга чейин Токтомамбетов үч атаандашын жеңип алган. Айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Каран Каранды... Читать дальше...

Садыр Жапаров казино мыйзамын колдогон депутаттарга алкышын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кумарканаларга кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттарга алкыш айтып, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атады. 25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде мамлекет башчысы 2012-жылы жабылды дегени менен казинолор азыркыга чейин жашыруун иштеп келатканын, аларды ачыкка чыгарса “көмүскө каржы булактары мамлекеттин казынасына түшөрүн” айтып... Читать дальше...

"Ичегисин тешип салышкан". Курсактагы майды алдырган келиндин өлүмү

Azattyk.org 

Бишкекте ооруканага эс-учун жоготуп түшкөн 40 жаштагы аял көз жумду. Жакындарынын айтымында, өлүмгө борбор калаадагы Art сlinic аттуу менчик клиникада жасалган липосакция операциясы себеп болгон. Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция-ред.) операциядан кийин абалы начарлаган аялды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга 14-июнда жеткирген. Маркумдун сиңдиси Жаркындын айтымында, бейтаптын комага түшүүсүнө пластикалык хирургдун катасы себеп болгон. "Эжем 10-июнда курсагындагы майдан арылуу үчүн операцияга барган. Читать дальше...

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын түрттүрүүгө тендер жарыяланды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын түрттүрүү иштерин жүргүзө турган ишкананы тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу 25-июнда мэриянын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына жарыяланган маалыматта айтылды. Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы билдирмеге ылайык, бул үчүн муниципалитетте 7,6 млн сом каралууда. Тендерден тышкары ал жерге заманбап имарат куруу долбооруна сынак да жарыяланары маалымдалды. Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. Читать дальше...

26-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облуcунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.​ Абанын температурасы... Читать дальше...

УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннель аныкталды

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин алдынан өткөн тоннель табылганын 25-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда аткезчиликке каршы ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде тоннель табылган. Атайын кызмат билдиргендей, бул тоннелди эл керектөөчү товарларды жана курал, ок-дары, акча, маңзат ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонуп келишкен. Үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталганы... Читать дальше...

Милиция Бишкекте кыз уурдалганы тууралуу маалыматты териштирип жатат

Azattyk.org 

Бишкекте көчөдө кыз уурдалганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын 25-июнда “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат. Бишкектин жана Чүйдүн милициясына ыктымал кылмышкерлер тууралуу маалымат берилди. 24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалганы тууралуу видео Интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго алысыраак... Читать дальше...

Бишкектин четинде тыгынды кыйла азайта турган жаңы жол ачылды

Azattyk.org 

Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордогу автомобилдик кыймылды кыйла жеңилдеткен жаңы жол курулуп бүттү. 24-июнда 7-апрель жана Каралаев көчөлөрүн Ботаникалык бактын ортосундагы Түштүк чоң Чүй каналын бойлой өтүп байланыштырган жолдун жана андагы көпүрөнүн ачылышы болду. Каралаев көчөсүнө чейин гана болуп келген Сухэ-Батор көчөсү эми дагы 700 метрге, 7-апрель көчөсүнө чейин узарып, Ахунбаев көчөсүнүн жүгүн жеңилдетти. Эми Көк-Жар конушуна, айылына, кичи-районуна жетүү жана шаардын чыгыш тарабына өтүү мурдагыдан оңойураак болот. Читать дальше...

ӨКМ: Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

Azattyk.org 

Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон. Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты. Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган. Куткаруучулар... Читать дальше...

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы көчкүнүн айынан убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

Нөшөр жаандын кесепетинен Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн 25-июнда поезд бул багытта каттабайт. Себеби 24-июндун кечинде “Жел-Арык” тилкесинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган. Натыйжада Балыкчыдан Бишкекке келе жаткан поезд кайра артка жөнөтүлгөн. Жол толук тазаланып бүткөнү, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жеринде иштей турганы кабарланды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Прямая трансляция первого матча Елены Рыбакиной на турнире в Штутгарте






Евгений Миронов пришел на открытие ММКФ с сыном

Детский сад № 46 в поселке Глебовский отремонтируют к июлю

Пристегнитесь: ремень спасает жизнь

Продюсер группы OTYKEN: Илон Маск купил у нас три трека