ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 26.06.2022

"Сындап жазып, эскертүү алдым". Суракка чакырылган блогерлер

Azattyk.org 

21-июнда блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Буга чейин дагы бир катар блогерлер суракка чакырылып, айрымдары камакта отурат. Блогер Бакмурат Токтогулов УКМКдагы сурак анын "социалдык тармактарга жазган 20дай билдирүүсүнүн айланасында жүргөнүн" билдирди. Ал соңку кезде азыркы саясий абалга байланыштуу бийликти сындаган постторду Фейсбуктагы баракчасына жазып жүргөн. Читать дальше...

Ослодо түнкү клубдагы атышуудан эки киши набыт болду

Azattyk.org 

Ок атышуу Норвегиянын борбору Ослодогу бири-бирине жакын жайгашкан үч түнкү клубда болду. Ишембиге караган түнү болжол менен түнкү саат бирде Ослодогу "Лондон-паб" клубунда башталган. Жергиликтүү телеканалга интервью берген күбөнүн айтымында, ок атышуу клубдун ичинде башталган. “Атышуу башталганда мен "Лондон-пабдын" сыртында элем. Атышуу башталары менен мага айнектин сыныгы келип тийди. Атышуу токтобой жаткандыктан мен клубдун ичине кирип, болушунча көбүрөөк кишини сыртка чыгарууга үлгүрдүм”, – деп сүрөттөдү күбө. Читать дальше...

"Жеке жашоону тартып, шантаж кылуу ыпластык"

Azattyk.org 

Кыргыз медиасында коомдун бүйүрүн кызыткан макала, видеолору менен аты чыгып келаткан иликтөөчү журналист айымдар бар. “Эже-сиңдилерде” иликтөөчү айымдар өз ишинде кабылган тобокелдиктер, алар токтолгон темалар тууралуу кеп кылабыз.

Бизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда

Azattyk.org 

Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу каралууда. Мындай чечим көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) системасын киргизүү маселесин талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобунун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анда ККМ боюнча талап коюу менен катар ишкерлер үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрү... Читать дальше...

Алты адамды басып калган машинанын айдоочусу кармалды

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда алты кишини басып калган оор жүк ташуучу HOWO машинасынын айдоочусу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 26-июнда облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Айдоочу наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөрүлдү. Ал окуя учурунда мас эмес болгону аныкталды. 25 жаштагы айдоочу менен чогуу анын жанында бараткан 20 жаштагы жүргүнчүсү да суракка алынууда. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын... Читать дальше...

Активисттер тоолорду коргоо жылынын максаттары кагаз бетинде гана калып жатканын айтышты

Azattyk.org 

Кыргызстандык экоактивисттер быйылкы «Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган жылдын максаттары азырынча кагаз бетинде гана калып, алгылыктуу иштер жасала элек деп эсептешерин 24-июнда өлкөнүн экосистемасын коргоо маселелерине көңүл бурдуруу үчүн уюштурган акциясында айтышты. Уюмдун мүчөлөрү президенттин жарлыгын ишке ашыруунун “жол картасы” жарыялана электигин, мамлекет экологиялык системаны, токойлорду коргоо ишин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөй жатканын белгилеп, жайыттар 50% деградация болгонун... Читать дальше...

Таласта “Куттуу элдин урааны Манас” республикалык форуму өттү

Azattyk.org 

24-25-июнда Талас облусунда “Куттуу элдин урааны Манас” республикалык форуму жана манасчылардын, төкмө акындардын эл аралык фестивалы өттү. Облустук администрациянын маалыматына караганда, фестивалга Түркия, Казакстан өлкөлөрүнөн расмий өкүлдөр жана маданият кызматкерлери конок катары келип катышты. Республиканын бардык аймактарынан чогулган манасчылардын фестивалы 24 саат бою уланды. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев катышып, баяндама жасашты. Читать дальше...



Маймыл чечеги: Дүйнөдө чукул кырдаал жарыяланабы?

Azattyk.org 

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. Газдан түшкөн кирешени "чачкан" экс-президент Eurasianet басылмасы Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун экономикалык мурасын талдап чыкты. Мердан Аманов деген каймана ысым менен жазып жүргөн изилдөөчү адегенде экс-президент 15 жыл мурун бийликке келгенде өлкө экономикасы негизинен газ экспортунун эсебинен өскөнүн, 2015-жылдан тарта ал тармакта кризис башталганын баяндаган. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Түркмөнстандын ички дүң... Читать дальше...

Убактылуу токтотулган Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы иштей баштады

Azattyk.org 

Нөшөр жаандын кесепетинен убактылуу токтотулган Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы бүгүн 26-июнда кайра иштей баштады. “Кыргыз темир жолу” ишканасы кечээ 25-июнда поезд бул багытта убактылуу каттабай турганын, жол толук тазаланып бүткөнүн, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жеринде иштей турганын кабарлаган. 24-июндун кечинде “Жел-Арык” тилкесинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган жана Балыкчыдан Бишкекке келе жаткан поезд кайра артка жөнөтүлгөн. Читать дальше...

ДСУ: Маймыл чечеги боюнча абал дүйнөлүк өзгөчө кырдаал эмес

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) Өзгөчө кырдаалдар комитети маймыл чечеги оорусу боюнча соңку абал "саламаттык сактоо жаатындагы эл аралык мааниге ээ болуучу өзгөчө кырдаал деп эсептелбейт" деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына 25-июнда жарыяланган маалыматта айтылды. Комитет ДСУнун жетекчилигине бул оору боюнча азыркы кездеги абалды өзгөчө кырдаал деп тааныбоону сунуш кылып, анын сунушу кабыл алынды. Эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал саламаттык сактоодогу кооптуу абалдын эң жогорку деңгээли болуп эсептелет. Читать дальше...

27-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

27-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.  Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 33…38; Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16... Читать дальше...

Казакстанга 30 тонна шекер алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Таласта, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстанга 30 тонна шекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 25-июнда казакстандык айдоочунун машинасын текшергенде ал селитра салынган мүшөктөрдүн арасына катып шекер ташып баратканы аныкталган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалымдалды. Кыргызстанда 1-июндан тартып... Читать дальше...

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жакында уланары айтылды

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Ирандын 2015-жылдагы өзөктүк келишимин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы арада кайра уланарын билдирди. “Биз сүйлөшүүлөрдү жакынкы арада кайрадан баштап, туңгуюктан чыгууну көздөп жатабыз” деди ал 25-июнда Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Хосcейн Амир Абдоллахиян менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда. Иран министри жолугушуу “узак, бирок позитивдүү” болгонун белгилеп, Иран дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга даярдыгын... Читать дальше...

Ооганстан: Зилзаладан жабыркаган аймакка гумжардам жеткирилүүдө

Azattyk.org 

Ооганстанда кеминде 1150 адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин бул аймакка гуманитардык жардам жеткирүү иштери уланууда. Бул кырсык өлкөнүн бир да мамлекет тааный элек “Талибан” өкмөтү үчүн оор сыноо болууда, анткени Ооганстандагы соңку абал ансыз да олуттуу гуманитардык кризис катары бааланып жаткан. 25-июнда чатырлар, азык-түлүк жана дары-дармек салынган гуманитардык жүк Пакистандан, Кызыл Ай коомунан жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан барды. Ошол эле күнү “Талибандын” жетекчилиги... Читать дальше...

Сырткы карызды жабуунун быйылкы төлөмүнө 23 миллиард сом керек

Azattyk.org 

Кыргызстан быйыл сырткы карызды жабууга 23 миллиард сом бериши керек. Бул тууралуу 25-июнда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. “Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак  мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз” деди Жапаров. Мамлекет башчысы бул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикага колдонбостон... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу






Кубок Орловской области по спортивной гимнастике

Певица Валерия посчитала нужным восстановить Crocus City Hall после теракта

Как в России строят "лёгкие" мосты под ключ

Румыния с 31 марта впервые начнет выдавать шенгенские визы россиянам