ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 28.06.2022

"Ысыкта тумчугуп калышкан". Мигранттардын трагедиялуу өлүмү

Azattyk.org 

Американын Техас штатында жүк ташуучу машинеден 50 мигранттын сөөгү табылды. Маалыматка караганда, аларга кондиционери жок, жүк ташуучу машинеде аба жетпей, ысыкта тумчугуп калышкан. Бул аймакта дүйшөмбүдө абанын температурасы 40 градуска чамалаган. Техастагы трагедия Каза тапкандар жакшы жашоо издеп Кошмо Штаттарга мыйзамсыз жол менен барган мигранттар болгон. Алардын сөөгү Сант-Антонио шаарынын чекесинен табылган. Бул калаа АКШ менен Мексиканын чек арасына жакын жайгашкан жана адам аткезчилиги... Читать дальше...

Ош шаары Папандан таза суу алат

Azattyk.org 

Орус армиясы Кременчуг шаарындагы соода борборго сокку урганда кеминде 18 адам набыт болду. Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчыларды сот актады. Министрлер кабинети жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишканаларды салыктан мөөнөтсүз бошотмокчу.

Сот Temirov LIVE каналынын техникаларын кайтарууга чечим чыгарды

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-июнда Свердлов райондук соту Temirov LIVE каналынын кеңсесинен далил буюм катары милиция алып кеткен техникаларды ээсине кайтаруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров “Азаттыка” билдирди. “Сот чечимин кечке жуук алдык. Эми милицияга чечимди алып эртең барабыз. Компьютерлердин шаймандарын, техникаларыбызды алабыз. Техникалардын акыбалдары кандай экенин барганда көрөбүз”,-деди журналист. Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын... Читать дальше...

БУУ зилзаладан жабыркаган оогандарга 110 миллион доллар чогултууга чакырды

Azattyk.org 

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгы (OCHA) өткөн аптада Ооганстанда жер титирөөдөн жабыркаган жүз миңдеген кишиге чукул жардам берүүгө чакырды. 22-июнда Пакистан менен чек арага жакын жердеги Пактика жана Хост провинцияларында күчү 5,9 баллга жеткен зилзала жана анын артынан болгон жер көчкү, 1150 кишинин өмүрүн алып кеткени расмий кабарланды. Алардын жүздөгөнү жараат алган, үйлөр кыйрап, он миңдеген киши там-жайсыз калды. OCHA үч айдын ичинде 362 миң кишиге жардам берүү... Читать дальше...

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Жумалиев бир убакта Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) туруктуу өкүлү, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Кыргызстандын Нидерланд жана Люксембургдагы элчиси, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү болуп иштеген. Мамлекет... Читать дальше...

Жумгалдагы он балалуу баатыр энеге үй салууга демөөрчү табылбай жатат

Azattyk.org 

“Азаттыктын” каарманы, 10 балалуу баатыр эне Асел Сатаровага үй салып берүү үчүн демөөрчүлөр табылбай жатат. Бул тууралуу "Эмират" эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси Чолпонай Атайбекова билдирди. “Бизде каттоодо турган ата-энеси жок балдар бар. Аларга жардам бат табылат. Сатаровага окшогон көп балалуу үй-бүлөгө көмөк көрсөткөн демөөрчүлөр табылгыча күтүүгө туура келет”, - деди ал. Быйыл март айында “Азаттык” радиосу Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарованын... Читать дальше...

Таласта "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-июнда Талас шаарында "Таза суу" муниципалдык ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, ооруканага түштү. Облустук бейтапкананын жетекчиси Нурдин Усупбеков "Азаттыкка" билдиргендей, уулангандар реанимацияга жаткырылды. Саат 11лер чамасында облустук милициянын жанындагы канализация түтүгүнө тазалоо үчүн кирген "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, эс-учун жоготкон. Аларды куткарууга кирген облустук милициянын "Шумкар" атайын багыттагы полкунун үч кызматкери да ууланып, аларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Нарында шырдак фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Нарын шаарында “Кыргыз шырдагы -XII” аталышындагы фестивал өтүп жатат. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, кол өнөрчүлүктү даңазалаган маданий иш-чара эртең, 29-июнда жыйынтыкталат. Фестивалдын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары уюштурулган. Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөргө 300 миң сомдук байге фонду каралып, анын 75 миң сому облустук бийликтин резервдик фондунан бөлүнгөн. Калган каражатты жергиликтүү демөөрчүлөр берип жатат. Эки күндүк иш-чарада “Кыргыз шырдагынын”... Читать дальше...



Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин абакта калтырды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук соту убактылуу кызматтан алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, Караколдогу тергөө абагында жаткан Мээрим Тилекованы абакта калтырды. Анын бөгөт чарасы 28-июнда каралганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди. Тилекованын ден соолугу начар экенин айтып, жакындары үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Буга чейин Каракол шаардык соту 15-июнда Тилекованы бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган. Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап... Читать дальше...

Октябрь окуясы: сот Атамбаев баштаган саясатчыларды актады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Читать дальше...

Сот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларды актады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Читать дальше...

Сот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларга өкүмдү угузууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Шектүүлөр күнөөсүз экенин айтып, аларга коюлган айыпты толугу менен алып салууну соттон өтүнүштү. Сот айыпталуучулардын бардыгын угуп бүтүп, өкүмдү окуй баштады. Мунун алдында мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Читать дальше...

Акыйкатчыга нааразылардын арызы парламентке жетти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматовага каршы жазылган арызды келерки жыйынында караганы жатат. Мунун алдында омбудсмендин орун басары баштаган бир катар кызматкерлер иштен кетүүгө арыз жазганы белгилүү болгон жана жаңы жетекчиге сын-доомат күчөгөн. Абдрахматова болсо жагдайды ишке талап көбөйгөнү, бюрократияны жана интриганы азайтуу аракети каршылыкка кабылганы менен түшүндүрүп жатат. Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 28-30-июнда күн ысык болот. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36-38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жетет. Аба ырайы өтө ысык болгон учурда күндөн сактануу эрежелерин кармануу сунушталат. 28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23... Читать дальше...

Догдурбекова: Айыз тууралуу тасмам коомго жаңылык болду

Azattyk.org 

Жаш режиссер Мээрим Догдурбекова тарткан "Биринчи жолу" тасмасы кыргыз коомунда ачык айтылбаган теманы козгогон. Тасма Кыргызстандын айым режиссерлорунун 4-кинофорумунда көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирине, мактоосуна татыганын эске сала кетели. Жаш режиссерду бул фильмди жаратууга эмне түрткөнүн өз оозунан уксак. - Мээрим, өтө сезимтал, түз айтканда секелек кыздын балакатка жеткенин, ошол маалда сырын эч кимге айта албай кыйналып турган абалын көрсөткөн экенсиң. Бул кыргыз коомунда табу тема экени белгилүү. Читать дальше...

Казакстан каржы пирамидасын жарнамалоого кылмыш жазасын киргизет

Azattyk.org 

Казак парламентинин жогорку палатасы каржы пирамидасын жарнамалоо ишмердигине байланышкан мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды. Долбоордо андай пирамидаларды түзүү үчүн чараларды күчөтүп, аларды жарнамалагандарга кылмыш жазасын киргизүү каралууда. 15-июнда жобону мажлис жактырган. Финансылык пирамадаларды жарнамалоо үчүн жаза колдонуу чакырыктары белгилүү вайнерлер Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалап, анын ээлеринин бири катары киреше алып турганы ачыкка чыккандан кийин күчөдү. Читать дальше...

Түркиянын элчилиги Чолпонбек Абыкеевдин казино боюнча айтканына жооп кайтарды

Azattyk.org 

28-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кеңешчилиги президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин казино тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Анда кумарканаларды ачуу боюнча талкуу Кыргызстандын ички маселеси экени, "Түркияда казинолор ачык деп маалымат таратуу туура эместиги" белгиленген.  “Кыргызстанда казинолорду ачуу боюнча болуп жаткан ички саясий талкуулар -  Кыргызстандын ички маселеси. Мындай саясий талкууларга Түркиянын мисал катары көрсөтүлүүсү жана кыргыз коомчулугуна... Читать дальше...

Прокурор Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну сурады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, мамлекеттик айыптоо менен адвокаттардын жарыш сөзү башталды. Анда мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сурады. Прокурор Атамбаевдин ошол кездеги кеңешчиси Фарид Ниязовду, мурдагы жансакчы Канат Сагымбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап... Читать дальше...

Торугарт – Макмал – Жалал-Абад темир жолунун ТЭОсу жыл аягында даяр болот

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-июнда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгилеп, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңунда даяр болорун билдирген. Өткөн... Читать дальше...

Новости России
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективных решениях в дорожном строительстве   


Кыргызстанда бай-кедей ортосундагы ажырым тереңдедиби?

Azattyk.org 

Соңку жылдарда Кыргызстанда калктын эң бай жана эң жакыр катмардын ортосундагы айырма азайып бараткан эле. Бирок каатчылык мезгилдерде боло келгендей эле, пандемия убагында теңсиздик кайра күчөдү. Азыр калктын баардык кирешелеринин дээрлик тең жарымы 20 пайызды түзгөн байлардын колуна топтолгон. “Он жылга артка кетебиз” Улуттук статкомдун адистери жүргүзгөн иргеме иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2021-жылы калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 млрд. сомду түзгөн. Айына бөлгөндө - киши башына 6 267 сом туура келет. Читать дальше...

Ошто жер маселесине байланыштуу митинг өттү

Azattyk.org 

Ош шарына караштуу Озгур айылынын элүүдөй тургуну жер маселесине байланыштуу мэриянын алдында митинг өткөрүштү. Алар жеке колго өтүп кеткен үлүш жерин алты жылдан бери кайтарып ала албай жатышканын айтышууда. Нааразылыкка чыккандарды мэр Алмаз Мамбетов кабыл алып, суроо-талабын укту. 2016-жылдан бери "Түштүксуукурулуш" акционердик коому жана Озгур айылынын тургундары Кара-Суу району менен Ош шаарынын чектешкен аймагындагы 80 гектар жер кайсы тарапка тиешелүү экенин чече албай келатышат. Кара-Суу... Читать дальше...

Баткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барып, Баткен шаарында Медициналык окутуу жана дарылоо борборунун пайдубалын түптөөгө катышты. Мамлекеттик медициналык академия борборунун курулушуна тышкы инвесторлордон 93 млн. сом жумшалып, жабдуулар үчүн кошумча 100 млн. сом караларын айткан президент Жапаров ушундай эле медициналык борборлорду бардык облус борборлоруна куруу болжолдонгонун кошумчалады. Аталган курулуш эки жыл аралыгында бүткөрүлөрү кабарланды. Президент... Читать дальше...

ЖК комитети акыйкатчыга нааразылардын арызын кийинки жыйында карайт

Azattyk.org 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматовага каршы жазылган арызды келерки жыйында караганы жатат. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Медер Алиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 28-июнда карала турган маселе Абдрахматова чет өлкөдө сапарда болгонуна байланыштуу жылдырылды. "Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш акыйкатчыны жана анын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан алат. Маселе алгач комитетте каралып... Читать дальше...

Техас штатында фурадан 46 мигранттын сөөгү табылды

Azattyk.org 

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынын четинде жолдун боюна калтырылган фурада 46 кишинин, болжолу менен мигранттардын сөөгү табылды. Расмий өкүлдөр бул – адам аткезчилигине байланышкан Америкадагы эң чоң трагедия деп сыпатташат. Дагы 16 киши, арасында төрт жеткинчек ооруканага жеткирилди. Маалыматка караганда, алар көпкө ысыкта отуруп жабыркаган, организмине суу жетпей калган. Климаты ысык аймакта дүйшөмбүдө абанын температурасы 39 градустан ашкан. АКШ менен Мексиканын чек арасынан 250... Читать дальше...

Президенттин администрациясы “ФЕТО” Түркиянын ички иши экенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы Муратбек Азымбакиев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоптун жолугушуусу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу мамлекеттик “Кабар” маалымат агентиги жазды. Түрк парламент башчысы менен президенттин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, түрк тарап “ФЕТО” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюму жөнүндө маселе көтөргөн. “Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова не смогла выйти в четвертьфинал теннисного турнира в Руане






Детские и спортивные площадки в Тимонове благоустроят

В Подмосковье рассказали об оценки недвижимости для оформления ипотеки

ТАСС: боксёрский бой с участием Минеева и Исмаилова пройдёт 19 июля

Комтранс Петербурга поддержал ужесточение санкций для нарушителей на электросамокатах