ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 29.06.2022

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин маалыматын угуу аяктады (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин маалыматын угуу түнкү саат 23:30га чейин уланды. Жыйын соңунда Акылбек Жапаров "Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү кабыл алынган чечимдер, аткарылган жумуштар жана кемчиликтер боюнча жоопкерчиликти сезип, мыйзамдарды жана адам укугунун сакталышын камсыздай турганын" убада кылды. Ошондой эле “ККМге каршы топтун артында уюштурган атайын адамдар жана депутаттар да бар экенин" айтты. Өкмөт алты ай аралыгында жасалган иштер, бюджетти толтуруу, маяналарды, майыптарга... Читать дальше...

Эрте никеден запкы көргөн беш көкүл кыздар

Azattyk.org 

Укук коргоочулар жашы 18ге толо элек кыздардын никеге туруусуна тыюу салынганы менен мындай көрүнүш токтобой жатканын айтууда. 2016-жылы Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам боюнча никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат. Бирок ошого карабастан жашы жете элек кыздарды турмушка берген учурлар бар. Маселен, 2018-жылдагы ЮНИСЕФ маалыматтарында... Читать дальше...

Жаныбеков: Жайыт комитетине эндикти казууга каршы чара көрүүгө тапшырма берилген

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Ысык-Көл менен Нарын облусунда жайыттарда, тоолордо эндик казгандар көбөйүп кеткени тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Мурадил Сыдыков бул өсүмдүктүн тамырын казгандарга эмес, аны сатып алып жаткандарга чара көрүү керектигин билдирди. Мындай көрүнүш айрыкча ушул жылы күчөгөнүн маалымдады. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, буга байланыштуу Жайыт комитетине атайын тапшырма берилгенин, кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу жакында маалымат берилерин кабарлады. Читать дальше...

Министр Бекмурзаев вице-спикер инисин жумушка коюуну суранганын айтып чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында өкмөт маалымат берип жаткан чакта бир катар депутаттар Энергетика министрлигин жана анын жетекчиси Доскул Бекмурзаевди сындашты. Анда берилген тапшырмалар убагында аткарылбай, чара көрүлбөгөнү тууралуу доомат айтылды. Министр муну өзү башкарган мекеменин каражаты, мүмкүнчүлүгү чектелүү экени, энергетика тармагында абалдын оордугу менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Талкууда Бекмурзаев менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда кайым айтыш чыкты. Депутат атайын комиссия түзүп... Читать дальше...

Октябрь соту: соңку чечимдин чоо-жайы

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды актады. Ишти караган судья мурдагы президент жана пикирлештеринин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты.

Эки аэропортту реконструкциялоо түркиялык компанияга берилет

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирди. Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берүүдө. Жыйында депутат Жанарбек Акаев өлкөдөгү аэропорттордун абалы... Читать дальше...

Өкмөт Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айтты. Март айынын аягында Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталган. Анда “Балыкчы” станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик... Читать дальше...

Августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт. Кыргызстанда бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%... Читать дальше...



Ошто чыр чыккан кафенин ээси милицияга чакыртылды

Azattyk.org 

29-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Манас-Ата» кафесинин ээси жана блогер менен чырдашкан администратор  чакыртылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады. “Аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери тасма интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн. Кафенин ээси Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева иштен кетирилгенин билдирди”. Читать дальше...

Казакстан: Январь окуяларында кармалган алты киши кыйноодон өлгөн

Azattyk.org 

Казакстанда жыл башындагы Январь окуяларында кармалган алты киши кыйноодон улам өлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев 29-июнда билдирди. Анын айтымында, кыйноо фактыларына байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин сегиз офицери жана бир полиция кызматкери кармалган. Дагы 15 офицер "митингге чыккан адамдарды кыйнаган" жана "аларды мыйзамсыз жолдор менен суракка алган" деп шектелүүдө. Буга чейин Башкы прокуратура кандуу тополоңго байланыштуу... Читать дальше...

ЖК: Тенгиз Бөлтүрүк кош жарандыгы тууралуу суроого так жооп берген жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн кош жарандыгы тууралуу суроо берди. "Балким сиз Кыргызстандагы эң патриот адамдын бирисиз. Мен мисалы баш-аягы ондой мамлекетте окудум, бирок жарандык алып ошол жакта калып калууну такыр ойлогон эмесмин. Сиздин жарандыгыңыз боюнча дагы эл арасында көп сөздөр бар. Элибиз көп нерсеге ишенбей калган. Читать дальше...

Кыргызстан менен Кытай бажыдагы эки башка эсепти чогуу текшерет

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча тараптар эки башка маалымат берип жатканын териштире турган мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 29-июнда парламенттин жыйынында билдирди. “Кытайдын Экономика жана комерция министрлиги менен бирге жумушчу топ түзүлөт. Ал күн тартибине киргизилген. Азыр эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосундагы статистиканы бирдиктүү түргө келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлөт”, - деди Амангелдиев. Читать дальше...

Депутат Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” акчасын үнөмдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчкөнүн сындап, жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. “Бул сиздики эмес, мамлекеттики. 8 миллиард сом акчаны казынадан алдыңызбы же “Кумтөрдүкүбү?” Мына, азыр канчалаган бөйрөгү ооругандар акчасы жок өлүп жатат. Сиз бул жерде 50 миң доллар аз десеңиз туура эмес. 50 миң эмес, 40 миңге алыңыз. Бул элдин акчасы”, - деди Токтошев. “Улуу көчмөндөр мурасы”... Читать дальше...

Нурбек Жеңиш: "кызыл кулактыктын" айынан доллар тартыштыгы жаралды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште 29-июнда өкмөт маалымат берип жаткан маалда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Кыргызстанда коммерциялык банктар сырттан которулган акчаны ошол валютада бербей жатканы жана андагы курстун төмөндүгү тууралуу суроолорго жооп берди. "Альянс" фракциясынын төрагасы, депутат Жанар Акаев айрыкча товарды доллар менен сатып алган, бул валютада насыя алган ишкерлер, чет мамлекетте иштеп жүргөн кыргызстандыктар чыгашага учурап жатканын айтты. Нурбек Жеңиш акчаны сатуу-алууда... Читать дальше...

Жапаров “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып,  өлкөдөгү жолдорду оңдоо максатында түзүлгөн “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын билдирди. “Жол фондун” түзүп бердиңер, ал жакшы иштебей жатат. Негизи жолдорду оңдой турган “Жол фонду” болчу. Дүйнө жүзүндө 1 литр бензиндин баасынан акча “Жол фондуна” барат. Ошол акчага жол оңдолот. Биз баарын бюджеттин эсебинен жасап жатабыз. 1 млн. 415 миң машине болуп кетти. Биз жакынкы арада ушуга өтөбүз. Читать дальше...

Уу калдыктар көмүлгөн жайдагы уранды кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетине өлкөдөгү уу калдык сактоочу жайлардагы уран калдыктарын кайра иштетүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага уран иштетүүгө тыюу салган мыйзамды өзгөртүү керек деген жооп кайтарды. “Биз уранды жаңы технология менен иштетсек болот эле. Бөлөк өлкөлөргө караганда жакшы жагдайыбыз, уранды утилизация кылган уу калдык сактоочу жайыбыз бар. Мен депутат кезде эч ким уккан жок. Шайлоо алдында болуп калып уранга тиешелүү изилдөө... Читать дальше...

“Камбар-Ата-1” боюнча Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү келери айтылды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бийликтин аткарылган иштери жөнүндө маалымат берип жатып, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирди. “Жума күнү Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келип жатат. Аларды Бакыт Эргешович тосуп алат. Курулуш иштеринин алкагында 20 млн. доллар бөлүп бергенбиз. Энергетика министрлиги ишин баштады. Эки жылдын ичинде көпүрөлөрүн, тоннелдерин бүтүрүп, кийинки шарттарга даярданып жатабыз. Читать дальше...

Министрлер кабинети өлкөдө 50 миң ККМ иштеп жатканын маалымдады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкө боюнча 50 миң көзөмөл-кассалык машине колдонулуп жатканын айтты. “2021-жылы 1-сентябрына карата республика боюнча 21 миң 191 ККМ же болбосо 306 адамга бир аппарат катталса, 2022-жылдын 27-июнга карата баары 50 миң 307 ККМ же 134 адамга бир аппарат катталды”, - деди Жапаров. Ал ККМ аппарат көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн зарыл экенин белгиледи. 13-июнда соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан. Читать дальше...

Жапаров Кыргызстан ККМ колдонууда артта калганын билдирди

Azattyk.org 

Өкмөт башкы Акылбек Жапаров Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонгондордун саны соңку учурда 2,4 эсеге көбөйгөнү менен Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттерден ичинен кыйла артта калганын айтты. "Биз ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калуудабыз. Биз Салык кодексин демилгелеп жатканда, патент системасынан өтүүгө түрткү берүүчү ченем болгон. Биринчи жылы толугу менен бошотуу, жүгүртүүсү жылына 8 млн. сомдон ашпаган субъектилерди бошотуу каралган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Саясатчыларды актоо өкүмүнүн артында эмне бар?

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча айыпталгандардын баарын, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да актады. Ушуну менен акыркы эки аптанын ичинде Атамбаевге козголгон иштерге байланыштуу үч актоо өкүмү чыкты. Октябрь окуясы боюнча адилет чечим болдубу же коомдо мунаса табуу үчүн саясий жүрүш жасалдыбы? Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов 28-июнда Алмазбек Атамбаевди Октябрь окуясы боюнча актап, аны үй камагына чыгарды. Мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да акталып... Читать дальше...

Майлуу-Суу лампа заводу кайра өкмөттүн колуна өттү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. "Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом карадык. Кара-Балта ремзаводу, Кара-Балта шаарындагы “Даназык” мамлекеттик ишканасы мамлекетке кайтарылды. Кара-Балта килем комбинатынын базасында... Читать дальше...

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы

Azattyk.org 

“Шырдак” фестивалы быйыл Нарында он экинчи жолу өтүп жатат. Анда кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, илимий жыйындар өтүп жатат. Анткен менен быйыл фестивалга келген коноктордун саны салыштырмалуу аз. Эки күндүк маданий иш-чара 29-июнда жыйынтыкталат.

Акылбек Жапаров: карызды төлөй албасак айрым объектилерди башкаруу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат. Анда өкмөт башчы тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын айтты. Жапаров эгер Кыргызстан карызын убагында бере албаса, бир нече объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти. "2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Читать дальше...

Өзбекстанда эс алган кыргызстандыктар

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстандан Өзбекстанга барган туристтердин саны арбыды. Бишкек жана Ош шаарларда эс алуу жана бизнес турларын уюштурган агенттиктердин саны көбөйүүдө. 23 жаштагы Белек беш күн мурда Өзбекстандын бир нече туристтик шаарын достору менен кыдырган. Алар өзбекстандык айдоочуну жалдап, Ташкент, Наманган шаарларын үч күндө көрүүгө үлгүргөн. "Шаарлары аябай кооз, бак-дарактар көп экен. Туристтерге болгон мамилеси, шарттары да жакшы. Биз көбүнчө сейил бактарына, оюн-зоок жайларына бардык. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Билли Джин Кинг

Казахстан разгромили в «Кубке Билли Джин Кинг»






Россияне стали испытывать меньше сложностей с поиском работы

В Хакасии стартует региональный этап турнира Знание.Игра

В США назвали условие для возвращения к исполнению ДСНВ и отмены контрмер

Синоптики спрогнозировали небольшие осадки и до +14 градусов в Москве 16 апреля