ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 01.10.2022

Көчмөндөр оюну: Изниктеги майрам

Azattyk.org 

Изник көлүнүн жээгинде көчмөндөрдүн майрамы уланууда. Мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандыктар спорттун беш түрүнөн таймашка чыкты. Аба күрөшүндө ар кандай салмакта кыргыз балбандары күмүш жана коло медаль тагынды.

Кара-Көл баяны: айдоочу, сүрөтчү жана аял

Azattyk.org 

Жолдогу кырсык жолоочуну катуу бейпайга салды, машине айдоочунун аны көрбөгөн-билбеген болуп өтүп кетиши ансайын маанайын түшүрдү. Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көркөм-психологиялык кызыктуу баянында сүрөттөлгөн окуяларды Бекташ Шамшиевден уксак. Жар сүзгөн машине Мурда деле, азыр деле Памирге барыш - тозоктун-тозогу. Алыс жолго чыккан жүргүнчү асман тиреген ашууларды ашып, ойго түшүп, тоого чыгып, жанды оозуна тиштеп көздөгөн жерине жетет. Жол азабы – көр азабы деген ушул, жолдо түтөк деген балээси да бар. Читать дальше...

Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады

Azattyk.org 

Баткен районундагы Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унааларга жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, көпүрөнү "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курган. Министрликтин маалымат кызматы буга чейин "16-сентябрда Баткен районундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган" деп билдирген. Читать дальше...

ДКО: салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар үч байге алышты

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 30-сентябрда эркектер арасында командалык эсепте Кыргызстандын спортчулары 1-орунду ээлеп, алтын байге алышты. Команданын курамына Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев жана Бакыт Токтоматов кирген. Кыз келиндер арасында жеке таймашта Асел Садырова 3-орунду ээледи. Читать дальше...

Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты футболчуларынын катарына кирди

Azattyk.org 

28-сентябрда The Guardian басылмасы 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн мыкты 60 жаш футболчуларынын тизмесин жарыялады. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук, жаштар курама командаларынын жана Түркиянын "Галатасарай" футбол клубунун жаштар курамасынын чабуулчусу Бекназ Алмазбековдун да аты аталган. "Галатасарайдын" негизги курамында ойноого даяр болуп калган футболчу өзгөчө оң тараптан катуу соккуларды жасайт. Бекназдын өнүгүүсүнө анын өлкөсүнүн курама командасы тыкыр көз салып турат", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Чек ара: үйү бузулгандарга 300 миң сом жардам берилет

Azattyk.org 

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет. Бул тууралуу 1-октябрда Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

2-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16; Нарын облусунда түнкүсүн -0...5, күндүз 11...16;... Читать дальше...

Мобилизация: мигранттарды тооруган коркунуч

Azattyk.org 

Орусиянын паспортун кармаган кыргызстандыктар мобилизацияда кандай абалда калды жана бул көйгөй алардын жашоосуна кандай таасир тийгизет? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул суроолорго жооп издейбиз.



85 жашында медицинаны окуган Мамат аксакал

Azattyk.org 

85 жаштагы Мамат Кулматов Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти. Ал жылына 45 миң сом контракт төлөп окуйт. “Эч кимге зыяным тийбейт, окуу акысын ай сайын пенсиямды бөлүп төлөйм, жетпесе сабактан кийин кошумча иштейм” деген аксакал медицинаны жөн жерден тандап алган эмес. Ал буга чейин табыпчылык менен алектенген. Чөптөрдүн дарылык касиетин жакшыраак билип, өзү алектенген кесипти мындан да жакшы өздөштүрүү максатында фармацевтика адистигин тандап алганын айтып берди.

Президент Жапаров карыяларды куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-октябрь, Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Ал мамлекеттин милдети тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап келген улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо-шартын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президенттин өз куттуктоосунда өрнөктүү ата-энелердин көрөгөчтүгү, билгичтиги, акылы менен сабыры кийинки муунга ар дайым чоң сабак болуп келгенин айткан. Читать дальше...

Монголия орусиялыктарга жашоого уруксат берүүнү убада кылды

Azattyk.org 

Монголиянын Иммиграция агенттиги атайын өтүнүч менен кайрылган орусиялыктарга жашоого уруксат берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Нэргуйн Ууганбаяр билдирди. Ал Монголияда жашоого уруксат берүүнүн 56 түрдүү категориясы бар экенин айтып, убактылуу жашап турууну каалаган Орусиянын жарандары кайрыла турган болсо анын бир түрү бериле турганын белгиледи. Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Монголия орусиялыктар качкан өлкөлөрдүн бири болуп калды. Читать дальше...

Путин аскерге чакыруу жарлыгына кол койду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин күз айында аскерге чакыруу жарлыгына кол койду. Буга байланыштуу документ укуктук маалымат интернет-порталына жарыяланды. Ага ылайык, аскерге 120 миң жоокер чакырылат. Башкы штабдан билдиришкендей, жаңы чакырылган жоокерлер Укрианадага согушка жиберилбейт, алар демобилизациядан кийин үйүнө жөнөтүлөт. 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын... Читать дальше...

Баткенде 10 миңден ашуун адам үйүнө кайта элек

Azattyk.org 

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты. Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды. Читать дальше...

Министрди каматкан индиялык жарандын арызы

Azattyk.org 

Пара алууга шек саналган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Министрге каршы индиялык жаран арыз жазган Министр Алмазбек Бейшеналиевдин бөгөт чарасы 30-сентябрда кечке жуук Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камоо чечими чыгарылды. Министр сотко кирип, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин билдирди. Эч кандай күнөөсү жок экенин айтты. “Ал акча пара эмес... Читать дальше...

ДКО: Таяк тартыштан Кыргызстан үч алтын байге алды

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 30-сентябрда кыргызстандык спортчулар үч алтын, үч күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту. Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, экинчи мелдеш күнүндө кыргыз спортчулары спорттун беш түрүнөн: аба күрөш, май күрөш, таяк тартыш, салттуу жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуу боюнча таймашты. Таяк тартыштан (мас-рестлинг) эркектер арасында Азамат Асанов (70 кг), Келдибек Атайбек уулу (110 кг), кыз-келиндер... Читать дальше...

ИИМ Бейшеналиев 37,5 миң долларды кайтарып бергенин билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын түшүндүрдү. Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандын окуу жайларына киргизүүгө убада берип, аларды даярдоо үчүн 100 миң доллар пара талап кылган. "Бейшеналиев бул сумманы биринчи жолу 28-августта алган. Читать дальше...

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Дүйшөмбү аэропортунан кармап, Тажикстандын аймагына киргизбей жаткан учурларга байланыштуу билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган. ТИМ бул жагдайдын себептери такталганга чейин Тажикстанга барбай турууга чакырган. Ошондой эле бул өлкөнүн аймагы аркылуу башка мамлекеттерден кирип же чыкпай турууну өтүнгөн. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах со здоровьем






Домодедовская таможня задержала контрабандную партию редких попугаев

«Единая Россия» провела игру «Домовой» в Красноармейске

В Подмосковье таможенники нашли 19 редких попугаев при проверке авиагруза

Эльмира Ахмеева: «Передача аэропорта федералам откроет для Воркуты окно возможностей»