ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 04.10.2022

"Чек ара кошунага ишенгенде гана чечилет"

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыяласа, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан соң сүйлөшүүлөрдүн келечеги белгисиз болуп турат. Улуттук Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Саламат Аламанов чек араны чечүүнүн тарыхына токтолду.

"Бир күндө төрт министр алмашты". Кадр саясатына айтылган сын

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда дароо төрт министрди кызматтан алды. Алардын экөөнүн бошотулган себеби азырынча белгисиз, дагы экөөнө кылмыш иши козголгон. Президенттин 3-октябрдагы жарлыгы менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана байланыш министри Эркинбек Осоев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевдер кызматынан алынды. Жаманкулов менен Осоев өз каалоосу менен бошотулса, кылмыш... Читать дальше...

Бөлтүрүктүн тергөө менен кызматташууга даярдыгын айткан каты жарыяланды

Azattyk.org 

"Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө таандык экени айтылган кат анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.  Анда ал эки жылдан бери коркутууларга туш болуп келгенин жана тергөө менен кызматташууга даяр экенин жазган. Ошондой эле өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жашоосун тобокелге салып келгенин белгилеп, тергөө жүрүп жаткан учурда үй камагына чыгарууну соттон өтүнгөн. Ал балдары жана жубайы Кыргызстандын жарандыгын алышканын, башка өлкөгө чыгып кетпей турганын белгилеген. Читать дальше...

Одоно мыйзам бузган айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы жол эрежесине байланыштуу мыйзамдарды одоно бузган учурда айдоочулук күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштап жатат. Бул тууралуу 4-октябрда Жогорку Кеңштин тармактык комитетинин жыйынында аталган башкармалыктан жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. "Жол кырсыгы болгон жерден айдоочу качып кетсе, кырсыкка кабылгандарды (айдоочу күнөөлүү болгон учурда - ред.) таштап кетсе гана айдоочук көбөлүгүнөн ажырайт. Эгер... Читать дальше...

Казакстанда "Крым кимдики?" деп суроо салган жаран беш суткага камалды

Azattyk.org 

Павлодар шаарынын административдик соту Казакстанга келген орусиялыктарга «Крым кимдики?» деп суроо берген жергиликтүү тургунду "Майда бейбаштык" беренеси менен беш суткага камады. Соттун чечиминде  Диас Кузаиров 27-сентябрда "Орусиядан келгенине байланыштуу ресторанга чакырылган конокторго саясий мүнөздөгү чагымчыл суроолорду берип асылган, ал адамдардын дарегине терс комментарий айткан" деп жазылган. Кузаиров эч кандай майда бейбаштык кылбаганын айтууда. Ал күнү жергиликтүү ишкерлер Орусиядан... Читать дальше...

Кемпир-Абад: депутат Акаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда  Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты. Парламенттеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди. "Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Читать дальше...

Тажикстанда көз карандысыз журналист жана блогер жети жарым жылга кесилди

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн Шохмансур райондук соту 26 жаштагы көз карандысыз журналист жана блогер Абдулло Гурбатини (Авазмада Гурбатов)жети жарым жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Прокуратура журналистке сегиз жыл сураган. Гурбати соттогу акыркы сөзүндө ак экенин айтып, өзүн актоону өтүндү. Сот журналистти бийлик өкүлүнө акаарат келтиргени, милиция кызматкерине күч колдонгону жана экстремисттик уюмга мүчө болгондугу үчүн айыптуу деп тапты. Адвокаты апелляциялык арыз тапшырарын билдирди. Гурбатинин... Читать дальше...

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлүндү. Каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров эбегейсиз өлчөмдөгү  электр энергиясы кайда кетип жатканы белгисиз экенин айткан. Ошондой эле энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, мекеменин алдында... Читать дальше...



Зордукталган секелек: төртүнчү шектүү соттолду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.  Кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурган 13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу экинчи соттук териштирүү 4-октябрда аягына чыкты. Секелекти зордуктаганы үчүн сегиз жыл Бишкектин Биринчи май райондук соту бул күнү секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды. Читать дальше...

Казакстанда сот орусиялык эки жаранды депортациялоону чечти

Azattyk.org 

Казакстандын Орол шаарынын административдик соту орусиялык эки жаранды депортациялоону чечти. Полиция алар мас абалында мушташ уюштурган деп маалымдаган. Бул тууралуу казакстандык Polisia.kz сайты жазды. 3-октябрда сот алар Казакстанда кала албайт деген чечим чыгарды. 21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыяланып, миңдеген киши казак жергесине агылгандан бери мындай иш каттала элек болчу. Буга чейин казак Ички иштер министрлиги 30-сентябрда Оролдогу түнкү клубдун жанында мушташ чыкканын билдирген. Читать дальше...

IT-түгөйлөр: Фейсбукта иштеген Гульзина, жасалма интеллекти изилдеген Замир

Azattyk.org 

Кыргызстанда чоңоюп, Түркияда таанышып, Америкада жашаган Гульзина менен Замир Кремний өрөөнүндө иштешет. Гульзина Фейсбук компаниясында дата анализдөө боюнча адис, ал эми Замир жасалма интеллекттин жардамы менен кызматтарды жасаган C3 AI компаниясында улук башкаруучу.

ИИМ: Сегиз айда жолдогу кырсыктардан 379 адам каза болду

Azattyk.org 

2022-жылдын сегиз айында жол кырсыктарынан 379 киши каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Ал быйылкы сегиз айда жол кырсыктары 9 пайызга жакын, андан каза болгондордун саны 31,3%  азайганын кошумчалады. Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 4-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан... Читать дальше...

Физика боюнча Нобел сыйлыгын Франция, АКШ, Австриянын окумуштуулары алды

Azattyk.org 

Физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механика жаатындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды. Окумуштуулар 10 миллион швед кронасын (902,315 доллар) бөлүп алмакчы. Бир күн мурда медицина жана физиология тармагындагы жеңүүчү деп швециялык биолог Сванте Паабо аталган. Апта соңуна чейин химия, адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреттары аныкталат. Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда жарыяланат. Сыйлыктар адатта 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө тапшырылат.

Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелүүдө

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелип кармалганын 4-октябрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шектүү жетекчи аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылган жана бул каражатты жеке максаттарына жумшаган. Акчаны бөлүм башчы аркылуу алганы белгиленген. ИИМдин Тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин негизинде (“Опузалап пара алуу”) кылмыш ишин козгоду. "Ага 26-сентябрда айыбы угузулуп... Читать дальше...

Орус элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарды четке какты

Azattyk.org 

Орусиянын Ташкенттеги элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарларды фейк деп атады. Акыркы күндөрдө интернетте Орусиядагы чет өлкөлүк жарандар, арасында борборазиялык эмгек мигранттары да аскерге чакырылууда деген маалыматтар тарап жатат.  Орусия Федерациясынын Өзбекстандагы элчилиги бул маалымат чындыкка коошпойт деп билдирди. “Орусиянын Ички иштер министрлигинин жасалма буйругуна таянып, жарым-жартылай мобилизацияга Орусияда убактылуу жүргөн Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтирет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Засты кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы "Жапаров ага жакында Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киргени жөнүндө маалымат берди" деп кабарлады. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жол менен гана чечүүгө кызыкдар экенин жана бул позиция өзгөрбөй турганын билдирген. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондорго кар жаайт

Azattyk.org 

5-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунда жана Ош, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей орус жараны кирди

Azattyk.org 

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Казакстанга ал өлкөнүн 200 миңдей жараны кирди. Бул тууралуу 4-октябрда казак ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди. Анын айтымында, ошол эле аралыкта 147 миң орусиялык Казакстандан чыгып кетти. Андан тышкары Орусиянын жети жараны депортацияланды, айрымдары чек араны мыйзамсыз өткөн, дагы бирөөлөр майда бейбаштык кылган. Бир жума мурда кошуна өлкөнүн ички иштер мекемеси 98 миң орусиялык келип, 64 миңи кеткенин маалымдаган. Буга... Читать дальше...

Хаменеи демонстрациялар күч менен басыларын эскертти

Azattyk.org 

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө уланып жаткан нааразылык акциялар үчүн чет өлкөлөрдү айыптады. Сентябрдын ортосунда тутанган митинг-демонстрацияларга ал 3-октябрда гана биринчи жолу реакциясын билдирди. 16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын жер-жеринде эл козголгон. Нааразылык акциялары бүгүнкүгө чейин уланууда. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп жатат. Читать дальше...

Новости России
Москва

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844


Түндүк Корея Жапония тарапка баллистикалык ракета атты

Azattyk.org 

Түндүк Корея 4-октябрда Жапония тарапка баллистикалык ракета атты. Буга чейин Пхеньян ушундай эле кадамга мындан беш жыл мурда барган. Жапон бийлиги ракетадан коргонуу системасын активдештирип, элди коопсуз жайларга жашынуу көрсөтмөсүн берди. Премьер-министр Фумио Кишида муну "зомбулук аракети" деп сыпаттады. Түндүк Корея ушуну менен 10 күндүн ичинде беш ракета атты. Түштүк Кореянын билдиргенине караганда бул жолку ракета 4,500 километр аралыкка учууга кудуреттүү. Сеул бул балким Пхеньян үчүн жаңы рекорд деп эсептейт. Читать дальше...

Султанбаев Өзгөндө президент Жапаров менен жолугушуудагы чектөөнү четке какты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу дооматтарга жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасына "Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек чек арасы, "Кемпир-Абад" суу сактагычынын маселелери тууралуу кеңири маалымат, суроолорго жооп берилүүдө. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Мамлекет башчы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Читать дальше...

Кемпир-Абад маселеси: президент Жапаров менен жолугушуудан улам талаш чыкты

Azattyk.org 

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги президент Садыр Жапаров менен жолугушууга кирген биринчи топ чыкты. Алардан кийин дагы бир топ жолугушууга кирип кетти. Бирок ошол жерде чогулган айрым тургундар президент жабык эмес, ачык жыйын өткөрүшүн, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты. Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Читать дальше...

Замирбек Базарбеков журналисттерди залдан чыгарган судьяларды сындады

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жаткан маалда журналисттерди сот залынан чыгарып жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясына байланыштуу Соттор кеңешине кайрылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Анда Бишкек шаардык сотунун судьялык коллегиясына, тактап айтканда судьялар Улан Садырбеков, Сүйүнбек Бекташов жана Жамиля Сабитовага чара көрүү сунушу жазылган. "Бишкек шаардык сотунун Кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясында... Читать дальше...

ЮСАИД чек арадагы кол салууда жабыркагандарга 8 миллион сом бөлөт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда аргасыз жер которгон тургундарга жардам ирээтинде 8 миллион сом берет. Каражат 400дөй үй-бүлөнүн  гуманитардык муктаждыктарына жумшалат. "Бул америка элинен кыргыз элине жардам. Баткендеги жүздөгөн үй-бүлө кабылган кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө багытталган эл аралык гуманитардык аракеттерге биздин салымыбыз",-деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер. Бул жардам эл аралык Кызыл... Читать дальше...

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды сегиз жылга кести

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды. Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн. Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA отреагировала на суперкамбэк Елены Рыбакиной






Рифат Сабитов принял участие в совете экспертов по проблемам реабилитации участников СВО

Абдулмуслим Абдулмуслимов ознакомился с работой убойного цеха

Число покупок в сетях фастфуда сократилось на 3% год к году

Психолог Игонина: при выборе хобби важно опираться на интересы и мечты