Kloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жазды
"Клооп" (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алды. Бул тууралуу 1-февралда басылма кабарлады. Маалыматка караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда «жалган маалымат» берилгени белгиленген. "Kлооп" бул... Читать дальше...