Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу өттү
2-февралда Баткен облусунун Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, район акимдери катышты. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, чек арадагы кырдаал талкууга алынып, үч маселе макулдашылды. Читать дальше...