ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 05.02.2023

Болат Назарбаевдин 300 миң гектар жери мамлекетке өттү

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат дээрлик 300 миң гектар жер аянтынан кол жууду. Муну Назарбаев түптөгөн "Аманат" партиясынын башчылары шектүү жол менен алынган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу аракетине эч нерсе тоскоол боло албайт деп билдирүүдө.

Чемпиондорго "Даңк" ордени берилди

Azattyk.org 

4-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана бир катар спорт ишмерлерине президенттин атынан мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго "Даңк" ордени ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Бээжин олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиевге да тапшырылды.

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф көз жумду

Azattyk.org 

Пакистандын төңкөрүш аркылуу бийликке келген мурдагы президенти Первез Мушарраф 79 жашында көз жумду. Пакистандын армиясы Мушарраф Дубайда узакка созулган оорудан улам каза болгонун жекшемби күнү билдирди. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Мушаррафтын сөөгү Бириккен Араб Эмираттарынан Пакистанга атайын учак менен жеткирилет. Былтыр жайында Мушарраф амилоидозге каршы Дубай ооруканасында дарыланып жатканы белгилүү болгон. Первез Мушарраф 1999-жылы кан төгүүсүз ишке ашырылган төңкөрүштөн кийин бийликке келген. Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнүн абалы менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер, жоокерлер менен баарлашты. Ал ошондой эле аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Экспертизанын бүдөмүк бүтүмү

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазууларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкты. Айыпталып жаткандар жана адвокаттар аны менен тааныштырылып жатат. Абактагылардын жакындары эксперттер "аудио жазууларда бийликти күч менен басып алууга чакырык жок" деген тыянак чыгарганын, бирок тергөөчүлөр аны кайра экспертизага жибергени тууралуу маалымат бар экенин айтышууда. Ички иштер министрлиги аталган ишке "жашыруун" деген гриф коюлган деген негизде маалымат берген жок. Читать дальше...

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылганын билдирди

Azattyk.org 

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “Азаттыкка” ырастап, аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин тактады. Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Читать дальше...

Журналисттин өлүмүнө шектелген блогер Жолболдуева жарым-жартылай акталды

Azattyk.org 

Баткен райондук соту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналган блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине байланыштуу чечим чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Жолболдуеванын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” 5-февралда ырастады. Анын айтымында, Жолболдуева “этиятсыздык менен өлүмгө алып келүү” боюнча коюлган айып менен акталды. Иштин алкагындагы калган үч эпизод боюнча күнөлүү деп табылып, эки жыл пробациялык көзөмөлгө алынды жана эки жыл блогерлик ишмердигине тыюу салынды. Айыпталуучу... Читать дальше...



"Балам менен көчөдө калдым". Абактан чыккан келиндин тагдыры

Azattyk.org 

Бишкекте бир апта мурда абактан чыккан аял эмчектеги баласы менен кризистик борборго жайгаштырылды. Ырайым менен мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыккан аял барар жери жок көчөдө калган. Бул окуя кайрадан абактан чыккан аялдардын кийинки жашоосу, коомго аралашып, жумуш менен камсыз болушуна байланыштуу маселелерди көтөрүп чыкты.

Пакистандын полициясы жергиликтүү талибдердин эки командирин жок кылды

Azattyk.org 

Пакистандын полициясы өлкөнүн түндүк-батышында жергиликтүү талибдердин эки командирин жок кылды. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги полициянын өкүлү Мухаммад Али Гандапурга таянуу менен кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жок кылынгандар буга чейин полиция кызматкерлеринин өлүмү үчүн издөөдө жүргөн, чек ара пункттарына чабуул жасоого айыпталышкан. Өкмөт алардын ар биринин башына 7 миң доллардан акча сайган. Сваби районунун Хунд айылындагы соңку кармашта мындан сырткары төрт жоочу колго түшүп... Читать дальше...

Балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго "Даңк" ордени берилди

Azattyk.org 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана бир катар спорт ишмерлерине президенттин атынан мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи 4-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго "Даңк" ордени  ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти... Читать дальше...

"Токтогулда" суунун көлөмү 9,2 миллиард кубдук чекке түштү

Azattyk.org 

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү ушул күндөрү 9,260 млрд. куб метрге чейин түштү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы индикатордон көрүнүп турат. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 300-400 миллион кубга көбүрөөк, бирок мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 1 млрд. кубга аздык кылат. Мурдараак Энергетика министрлигинин жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда электр энергиясын керектөө... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Аудиолорго жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазмаларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, алардын адвокаттарына тапшырылып жатат. Бул тууралуу маалыматты 5-февралда “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастады. Анын айтымында, адвокаттар корутундунун жыйынтыгына жана процедуралык маселелерге нааразы болуп жатышат. “Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Экспертизанын жыйынтыгында кармалгандардын айрымдарынын сөзүндө “кылмыштын курамы бар”... Читать дальше...

Алты ымыркайдын өлүмү, төрөткана көйгөйү

Azattyk.org 

Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Буга байланыштуу алты жетекчи иштен алынды. “Эже-сиңдилер” берүүсү бул жолу төрөтканалардагы абал, дарыгерлердин иши жана кош бойлуу кезде аялдар эске алчу учурларга кайрылды. .

АКШ Кытайдан учурулган шарды атып түшүрдү

Azattyk.org 

Кытайдан учуп чыгып, Атлантика океанындагы АКШнын аба мейкиндигинде бир нече күн каалгып жүргөн шектүү аба шарын Кошмо Штаттардын аскердик күчтөрү атып түшүрдү. Бул тууралуу Assoсiated Press маалымат агенттиги кабарлады. Анда айтылгандай, шар Түштүк Каролина штатынын жээгинде атылды. Ишемби күнү анын калдыктары жыйноо боюнча операция өттү. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин, шар өлкөнүн стратегиялык объектилерин изилдөө үчүн пайдаланылып келген деп жарыялады. Түштүк Каролинага учуп жеткенге чейин... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о том, что не играла в Индиан-Уэллс из-за болезни: «К сожалению, восстановление заняло много времени»






Офисы не сдаются // Застройщики нацелились не на аренду, а на продажу недвижимости

Работники салона связи оформляли кредиты на россиян и перепродавали их товары

Площадь в центре Москвы назвали в честь строителей БАМа

Кинолога из Новосибирска обвинили в мошенничестве после теракта в "Крокус Сити Холле"