ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 06.02.2023

Өзбекстанда автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын көчөлөрүндөгү жарнак такталарынан автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды. Бул тууралуу Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети билдирди. Расмий кабарга ылайык, Mobile Retail (Elmakon) компаниясынын "Экинчи аялыңа камкордук кыл" деген жазуу менен автоунаа аксессуарларынын рекламасы  февралдын башында өлкөнүн бир нече аймагына илинген. Комитет андагы текстти "этикага, жарнама мыйзамынын талаптарына жана коомчулукта калыптанып... Читать дальше...

Ыдырыс Исаковду милиция эки жолу суракка чакырды

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда зилзаладан набыт болгондордун саны 2000ге чукулдады. Милиция Ыдырыс Исаковду кайрадан суракка чакырды. Сырттан автомашина ташыган ишкерлер Бажы кызматынын алдында нааразылыкка чыгышты.

Түркия менен Сирияда зилзалада көз жумгандар 2000ге жакындап калды

Azattyk.org 

Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 2000ге жакындап калды. Эл аралык медиа Түркиянын табигый кырсыктар боюнча агенттигинин соңку маалыматына таянып, набыт болгон 1121 киши аныкталды. Сирияда 783 киши каза тапканы тастыкталды. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал. Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады. Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок. Читать дальше...

Тагаев менен Аскарова маданият министринин орун басарлары болуп дайындалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп журналист Марат Тагаев менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Айнура Аскарова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 6-февралда билдирди. Жаңы дайындалган орун басарларды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ошол эле күнү эмгек жамаатына тааныштырды. Буга чейин бул кызматты аркалаган Союзбек Надырбеков кызматтан кетти. Министрдин дагы бир орун басары Түмөнбай... Читать дальше...

АРИС "Клооп" басылмасына каршы арызын кайтарып алды

Azattyk.org 

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) “Клооп" басылмасына каршы арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган басылма 6-январда сайтына жазды. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басылмага жолдогон катында АРИС  2-февралда жазган арызынан баш тартканы белгиленген. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. "Клооп" (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын 1-февралда кабарлаган. Читать дальше...

Газиантептеги кыргыз студент: Шаардагы эски үйлөр урап түштү

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзалада курман болгондор 1014кө жетип, 2824 имарат кыйрады. Бул тууралуу Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер билдиргенин "Ихлас" агенттиги жазды. Мурдараак президент Режеп Тайып Эрдоган 900дөн ашуун адам набыт болгонун, 5000ден ашууну жараат алганын билдирген. Адистер жоготуулар саны көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген. Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков тууралуу комментарий жазган адамга 100 миң сом айыппул салынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку соту интернеттеги социалдык түйүндө мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атын атап комментарий жазган адамга 100 миң сом айыппул салганын өкүмдү күчүндө калтырды. Кыргызстандын аймактарынын биринин өкүлдөрүнө, анын ичинде Сооронбай Жээнбековго карата мазактаган мүнөздөгү комментарий 2020-жылдын апрель айында Instagram социалдык түйүнүнө жарыяланган. Улуттук илимдер академиясы жүргүзгөн филологиялык-политологиялык экспертизанын натыйжасында ал комментарийде “аймак аралык... Читать дальше...

Түркиядагы зилзалада 3000дей имарат кыйрады

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзалада курман болгондор 1014кө жетип, 2824 имарат кыйрады. Бул тууралуу Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер билдиргенин "Ихлас" агенттиги жазды. Мурдараак президент Режеп Тайып Эрдоган 900дөн ашуун адам набыт болгонун, 5000ден ашууну жараат алганын билдирген. Адистер көз жумгандардын саны көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген. Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда... Читать дальше...



Кыргызстандан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобу барат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, министрлик президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруучуларды жөнөтүп жатат. "Куткаруучулар тобунун арасында психологдор, дарыгерлер да болот. Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Читать дальше...

Блогерлердин сурагы: сөз эркиндиги жана жоопкерчилик

Azattyk.org 

5-февралда эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына чакыртылып, TiK Tokто тараган видеого байланыштуу суралды. Өткөн айда дагы бир блогер Улукбек Карыбек уулу даярдаган тасманын негизинде кылмыш иши козголгон. Эки блогер тең муну журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда. Исаковду милицияга чакырткан эски видео Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун айтымында, 2020-жылы 9-октябрда тартылган эски видеого байланыштуу суракка чакыртылган. Ал видео парламенттик шайлоодон кийинки тополоңдон соң... Читать дальше...

USAID Кыргызстандын мектептерине "математика сандыкчаларын" тартуулады

Azattyk.org 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги Кыргызстандын мамлекеттик мектептеринде математика сабагын окутууну жакшыртууга көмөктөшүүдө. 1682 мектеп методикалык материалдардын 3372 топтому менен камсыз болорун Билим берүү жана илим министрлиги 6-февралда кабарлады. Мекеменини маалыматына караганда, “математика сандыкчаларын” тапшыруу салтанатына министр Уланбек Мамбетакунов жана USAID уюмунун миссия жетекчиси Кайя Адамс катышты. Ичинде 27 түрдүү модель салынган “Математикалык сандыкчаларды”... Читать дальше...

Ош аэропорту: майып жарандын арызынан улам комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев Ош аба майданында майыптыгы бар Баястан Абдыкадыровдун окуясына байланыштуу комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ал 6-январда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып, бул аэропортко майып адамдар үчүн шарт түзүү тууралуу эскертүү берилгенин,  Абдыкадыровдун арызын атайын комиссия иликтеп жатканын айтты. Буга чейин Ош облусунун тургуну Баястан... Читать дальше...

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондор 1200дөн ашты

Azattyk.org 

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады. Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде  221 киши набыт болгону кабарланууда. Эки өлкөдө миңдеген адам жараат алды. Урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу уланууда. Читать дальше...

"24.kg" сайтынын жетекчиси Асель Оторбаева УКМКга суракка чакырылганын айтты

Azattyk.org 

"24.kg" маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Мекеменин Башкы тергөө башкармалыгына 6-февралга саат 17ге күбө катары чакырылып жатканын ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.   “"24.kg" сайтына чыккан макала боюнча”,- деди Оторбаева. Кечээ 5-февралда эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгында бир нече жыл мурдагы видео боюнча күбө катары бир сааттай суракта болду. Сөз эркиндигин... Читать дальше...

Түркия - Сирия чегиндеги зилзалада 500дөн ашуун киши набыт болду

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондор саны улам өсүп жатат.Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда. Бир топ имарат, турак жай кыйраган.

Ыдырыс Исаков Ош милициясына дагы чакыртылганын билдирди

Azattyk.org 

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясы аны 6-февралда дагы суракка чакырганын билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр 5-февралда суроолор толук берилбей калганын айткан. Шаардык ички иштер башкармалыгы журналисттин дагы чакыртылышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында шаардык милиция Исаков 5-февралда күбө катары суралганын билдирген. "Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы... Читать дальше...

Аксы: УКМК пара алууга шек санаган акушерди кесиптештери колдоп чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) пара алууга шек санаган райондук оорукананын акушер-дарыгери Асылзада Молорбаеваны кесиптештери колдоп чыкты. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, 6- февралда 11 врач нааразылык ирээтинде ишин тапшыруу үчүн арыз жазып, дагы 47 медайым да өз каалоосу менен иштен кетерин айтты. Молорбаева өзү пара алган деген дооматты четке кагып, акчаны бейтап ыраазычылык ирээтинде өзү бергенин айтууда. "Мен бейтап менен сүйлөшкөндө... Читать дальше...

Каракалпакстан окуялары: Шамшетовдун өлүмүн парламенттик комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Полат Шамшетовдун өлүмүнүн жагдайын иликтей турган болду.  Былтыр жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен кармалып, алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда өлгөнү кабарланган. Башкы прокуратура анын жүрөгү токтоп калганын билдирген.  Полат Шамшетов - Каракалпакстан Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу.  Комиссиянын мүчөлөрү 6-февралда Бухара облусуна келет. Читать дальше...

Новости России
Москва

Прояснение причин СВО. План улучшения отношений. И дополнительно: "При чём здесь Ленин?"


"Британиядагы айыл чарба жумушу оңой эмес"

Azattyk.org 

Өткөн жылы май айында Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына тартылган кыргызстандыктар мекенине кайтып келе баштады. Айрымдары иштин оор экенин айтса, кээ бири айлыгы жакшы берилгенин, бирок укуктары жакшы сакталбай калганын билдирүүдө.

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...

Ирандагы акциялардын ураанына айланган ыр "Гремми" сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Лос-Анжелесте атактуу "Грэмми" сыйлыгынын ээлери аныкталып, жекшембиде тапшыруу аземи өттү. "2022-жылдын эң мыкты альбому" деп англиялык 29 жаштагы ырчы Гарри Стайлстин "Harry’s House" топтому, "Жылдын мыкты ыры" деп 73 жаштагы америкалык блюз ырчысы Бонни Рэйттин "Just Like That" чыгармасы, башкы сыйлык - "Жылдын мыкты үн жазуусу" деп америкалык 34 жаштагы Лиззонун "About Damn Time" ыры табылды. Ирандык Шервин Хажипурдун өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын гимнине айланган "Baraye" ыры "Жылдын... Читать дальше...

Сасык тумоо көрсөткүчү бир аптада 6,4% жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстанда сасык тумоологондор боюнча көрсөткүч соңку бир аптада 6,4% жогорулаганын 6-февралда “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 30-январдан 6-февралга чейинки аралыкта сасык тумоо менен 6377 бейтап катталды, бул ага чейинки аптага салыштырганда 6,4% көп. “Бардык мектептер кадимки тартипте иштеп жатат. Оору боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат департамент тараткан маалыматта. Читать дальше...

Чоң-Алай: тоодо жоголгон тургундун сөөгү кар көчкү алдынан табылды

Azattyk.org 

Оштогу Чоң-Алай районунда тоодо дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү көчкү алдынан табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 5-февралдан 6сына караган түнү 27 жаштагы жаран табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада аны 20дан ашык милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан  турган топ издеген. "Ал жаран милициядан уруксат алган, каттоодо турган куралы менен  айылдын беш мергенчиси болуп карышкыр атуу үчүн Кулчу айылынын тоолоруна барган. Читать дальше...

Бишкекте Кыргызстан-Индия ишкерлер форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 6-февралда Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес форуму өтүп жатат. Форумга катышуу үчүн эки өлкөдөн жалпысынан 250дөй ишкер чогулганын президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев өз сөзүндө ортодогу ишкерлик кызматташтыгын бекемдөөнүн негизги багыттарын, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, долбоорлор, жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди. Мекеме билдиргендей, форумга билим берүү, саламаттык сактоо... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой






“Я без тебя инвалид! ” – мама бесследно исчезнувшей Анны Цомартовой вышла на связь

Сколько стоит ОСАГО и каско для новой российской марки Xcite X-Cross 7

Санкції проти банків Китаю готують США за допомогу РФ у війні проти України

Источник «360»: лежачего инвалида спасли при пожаре на северо-востоке Москвы