Ош шаарына түндүк тараптан кирген жаңы жол салуу үчүн сүрдүрүлө турган 28 үйдүн ээлери өздөрү жашаган аймактан жер тилкеси берилсе деген пикирде. Алардын айрымдарынын үйлөрү толук сүрдүрүлсө, кээ бир үйлөр жарым-жартылай алынат. Жергиликтүү тургундардын ичинде кенемте үчүн берилген акча үй-жай салууга жетеби деп чочулап тургандар да бар. Облус бийлиги сүрдүрүлө турган турак жайды баалоо үчүн көз карандысыз адистер тартылганын, кенемтенин өлчөмү аныкталып жатканын белгиледи.