"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Алты жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынак бул жылы журналисттер массалык камакка алынып, айрымдары соттолуп, ачык пикир айтуу кыйындап бараткан шартка туш келди.