Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европарламенттин адам укуктары боюнча комитетинин депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктары жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана башка мүчөлөрүнүн камалышы тууралуу сөз болгону кабарланды.