Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28

Ватикан Рим папасынын өлүмү тууралуу кептерди четке какты

0
Ватикандын маалымат кызматы билдиргендей, Рим папасы Франциск акырындан жакшы болуп баратат. Бирок анын ден соолугу толук калыбына келди деп айтууга азырынча эрте.


Ватикан папанын "өлүмү жакындап калды, жакында жаңы шайлоо болот" деген кептерди төгүндөдү.


Эки өпкөсү тең сезгенген 88 жаштагы папа учурда Римдин Жемелли ооруканасында дарыланууда. Буга чейин анын абалы оор деген кабарлар тараган.


Жаш кезинде эле өпкөсүнүн бир бөлүгүн алдырып салууга аргасыз болгон понтифик учурда атайын аппараттардын жардамы менен дем алып, кычкылтек терапиясынан өтүп жатат.




Рим папасы 14-февралда ооруканага түшкөн. Учурда ал катыша турган иш-чаралардын графиги кайра каралып чыгууда.


Маалыматка караганда, ал ушуну менен акыркы төрт жылда төртүнчү ирет ооруканага түшүп жатат. Ден соолугундагы маселелерге карабастан Франциск расмий жолугушууларды улантып, ал тургай узак чет элдик сапарларга да барат.


Аргентиналык понтифик 12 жылдан бери Рим католик чиркөөсүн жетектеп келет.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Три теннисиста из топ-20 ATP снялись с турнира в Акапулько из-за пищевого отравления






США депортировали в Россию мужчину, обвиняемого в разбойном нападении в аэропорту Пулково

Захарова заявила о поиске с Баку решения по работе Sputnik Азербайджан

В Москве наступила радиационная весенняя оттепель

Shot: блогера SUBO, глумившегося над полицейскими, лишили гражданства России