Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28

Кыргызстан “Иран Экспо – 2025” эл аралык көргөзмөсүнө чакыруу алды

0
Кыргызстанды быйыл 27-28-апрелде Иранда өтө турган “Иран Экспо – 2025” эл аралык көргөзмөсүнө катышууга Ирандын Эл аралык иштер жана аймактык кызматташтык боюнча биринчи вице-президентинин орун басары Али Нажафи Хошруди чакырды. Ал ошондой эле кыргыз өкмөтүнө Иранда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-иран биргелешкен өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнү да сунушталды.



Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-февралда Али Нажафи Хошруди жетектеген ирандык делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.



Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин айтып, ирандык делегациянын сапары буга чейинки макулдашуулардын жүрүшүн жана кызматташуунун жаңы перспективаларын аныктоо үчүн пайдалуу болорун белгиледи.



Өз кезегинде Али Нажафи Хошруди Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамын алгандан кийин Кыргызстан менен кызматташуунун чоң перспективаларын көрүп жатканын жана аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.



Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, ирандык делегация Кыргызстанга Алматыда өткөн Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны алкагындагы жолугушууда жетишилген макулдашуунун негизинде келди.




Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы негизделген, кийин Бишкекте жана Тегеранда элчиликтер ачылган. Ирандан Кыргызстанга негизинен кийим-кече, жаңгак, курулуш материалдарынын айрым түрлөрү келет, ал эми ал жакка Кыргызстандан эт, дан азыктары, болот импорттолот. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Останавливаться не собирается: Андреева идёт по стопам Шараповой и к маю может ворваться в топ-5 рейтинга WTA






«Ъ»: Генерала Попова могут отправить в СИЗО из-за поездки в Москву

США выдали России обвиняемого в разбойном нападении в аэропорту Пулково

Источник жизни: доктор Кутушов рассказал, чем грозит недостаточное потребление воды

В МИД РФ сообщили о контактах с Баку из-за закрытия Sputnik