Элчи Бөкөнтаев Орусияны мигранттар үчүн ЕАЭБде каралган шарттарды сактоого чакырды
Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу 25-февралда өттү, кыргыз-орус парламент аралык мамилелерди, кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин, парламенттер ортосунда боло турган биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.
Жолугушууда миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшү, Кыргызстан жарандарынын Орусияда туруусуна байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Элчи кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жумушчу жарандары үчүн каралган бардык жеңилдетилген шарттарды сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Бөкөнтаев муну менен интеграциялык бирикменин максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүлө тургандыгын белгиледи.
Элчи мындан тышкары Москванын жана бүткүл Орусиянын аймагындагы аэропорттордо, миграциялык борборлордо жана кеңселерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө өтмөктөрдү (коридорлорду) жана тейлөө терезелерин ачууну сунуштады.
Орусияда 5-февралдан тартып мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу режими күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат, артынан соттун уруксаты жок деле техникалык каражат менен аңдып жүрө алат. Мындан тышкары мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.
2024-жылы Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дээрлик эки эсе кыскарып, 350 миңге чейин азайган. Бирок бул өлкөдөн келип жаткан акча көбөйгөн. Январь-ноябрь айларында 2 млрд 565 млн доллар келип түшкөн. Бул 2023-жылга салыштырганда көбүрөөк (2 млрд 531 млн). (КЕ)