Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги Талас облусуна караштуу Айтматов районунда 28-июлда жааган катуу мөндүрдүн чыгашысы эсептелгенин билдирди. Ага ылайык, 769,5 гектар айдоо аянты жабыркаганы аныкталды.
"Жалпысынан 112 дыйкан чыгашага учурады. Төө буурчак эгилген талаалардагы зыян 54 миллион 648 миң сом, буудайдыкы 71,5 миң сом болду. Жарандык коргонуу комиссиясы акимчиликке жана Шекер айыл өкмөтүнө жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштурууну тапшырды",-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев чыгашага учураган дыйкандар менен жолугуп, жардам берилерин убада кылган, бирок кандай колдоо болорун тактаган эмес.
Катуу мөндүр 28-июлда кечки саат бештер чамасында жааган жана Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагүл менен Кайнар айылдарынын ортосундагы талааны талкалап кеткен. Социалдык тармактарга чоңдугу бармактын башындай болгон мөндүр катуу жааганы, төө буурчак, буудай талаалары кыйрап калганы тартылган видеолор тараган.
Расмий маалыматка ылайык, Айтматов районунда 38 372 гектар айдоо аянт бар жана анын 21 792 гектарына төө бурчак эгилген.
DeepMind CEO makes big brain claims, saying AGI could be here within 'five to 10 years' and cause humanity to experience widespread change that's '10 times bigger than the Industrial Revolution, and maybe 10 times faster'
Защищённый планшет промышленного класса Saotron RT-W11
Коми, Камчатку, Архангельскую, Иркутскую, Калужскую, Костромскую, Курскую, Свердловскую и Оренбургскую области эксперты отнесли к регионам, где на осенних выборах "протестный потенциал выше среднего", говорится в докладе...
Алтайский край оказался одним из антилидеров по качеству автодорог
Амурская область оказалась в числе аутсайдеров по качеству дорог
Аренда квартир в июле 2025 года: за сколько можно снять жильё в Симферополе и Севастополе?
Компания «Гранд Сервис Экспресс» информирует об изменениях в курсировании некоторых поездов «Таврия» с осени 2025 года
В Калининском районе Краснодарского края фрагменты дронов повредили контактную сеть на железной дороге между станциями Величковка и Ангелинская, сообщил оперштаб региона
«Спартак» отдал Чернова, трансферная победа «МЮ», красивый шаг Веа. Переходы и слухи дня
Климатолог Карнаухов порекомендовал заранее готовиться к жаре в +45 градусов
ПРО РОССИИ МОГУТ ДОПОЛНИТЕЛЬНО УЛУЧШИТЬ! СЕНСАЦИЯ! ВЫСШАЯ АКАДЕМИЯ УПРАВЛЕНИЯ МИРОМ: ПРОГРАММНЫЕ ИНТЕЛЛЕКТЫ МОГУТ ПОМОГАТЬ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества!