Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунун дарыгери Назира Бейшебаева үй камагына чыкты. Милиция ага "кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Дарыгердин үстүнөн бутунан ажыраган 15 жаштагы өспүрүм кыздын апасы арыз жазган. Жагдайга ондогон дарыгерлер тынчсызданып, өлкө бийлигине кайрылып, иштин чоо-жайын дыкат иликтөөнү суранууда.