Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте россиялык банктарда эсеп ача алышат. Орус өкмөтү 25 мамлекеттин жарандарына орус банктарында эсептерди жана депозиттерди ачуу үчүн уруксат берди. Тиешелүү буйрукка Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койду.