Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште утулуп калганы боюнча комментарий берди. Кыргызстандык балбан менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы баарлашкан.