Добавить новость
123ru.net

World News in Kyrgyz

Новости от Russia24.pro

Russia24.pro
Добавить новость
Умное голосование против «Единой России».Три дня выборов без перерыва. (Прямая трансляция)
Сентябрь
2021
123456789101112131415161718
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Все новости

Жарандык берүүдөгү мыйзамсыздыкка байланыштуу он чакты адам айыпталууда

Azattyk.org 

Орхан Инанды баштаган ондой түркиялык адамга Кыргызстандын жарандыгын бергени үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече аткаминерге айып тагылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 18-сентябрда билдирди. "Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Түркиянын жарандары Орхан Инандыга жана башка он адамга кыргыз жарандыгы мыйзамсыз берилгенине байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Коррупция" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш аяктады. Читать дальше...

Чоң-Алайда "Кайди" компаниясы кайра ишке кирди

Azattyk.org 

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Кайди” алтын казуучу компаниясы ишин кайрадан улантууда. Ишкана август айынан тарта жолдорду оңдоп-түзөй баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акимчилигинен билдиришти. Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Абдибаит Акматов ишкана былтыр пандемиядан улам ишин токтотконун айтты. "Кен чыккан жолду оңдоо иштери жүрүп жатат. Былтыр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ишмердүүлүгү токтоп калган. Жол оңдоо иштери бүтсө кенди казып баштайт", - деди Абдибаит Акматов. Читать дальше...

Депутат Руслан Чойбеков тергөө аяктаганча камакта болот

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып кармалган Руслан Чойбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, экс-депутат тергөө аяктаганча камакта болот. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары 16-сентябрда кармалган. Читать дальше...

Дем алышта соодасы кызыган "Барахолка"

Azattyk.org 

Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектеги Москва жана Кулуева көчөлөрүнүн кесилишинде эски буюм-тайым саткан базардын соодасы кызыйт. Бул "Бишкек барахолкасы" деп аталат.

Чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда

Azattyk.org 

Лейлекте чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 18-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, С. П. аттуу чек арачы Лейлек районундагы Эски-Оочу айылынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө шек саналып, милиция тарабынан кармалды. Сөөк бүгүн, 18-сентябрда таңга жуук табылган. Чек ара кызматынын маалымдашынча, 6-сентябрдан бери эмгек өргүүсүндө жүргөн, 30 жаштагы С. П. 17-сентябрда кечке жуук шериктери менен тойдон кайтып келе жатып... Читать дальше...

УКМК Нарындын мэри алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Нарын шаарынын мэри С.Б. алдамчылыкка шек саналып кармалганын 18-сентябрда кабарлады. УКМК берген маалыматтагы бул инициал Нарын шаарынын азыркы мэри Самарбек Болотбековдун аты-жөнүнүн башкы тамгаларына туура келет.  Ал мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Чойбеков бир нече күн мурун депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган. Атайын кызматтын... Читать дальше...

"Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды

Azattyk.org 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр ишине" байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетине экинчи жолу сурак берди. Мунун алдында кенден улам мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев камалган. Ал арада Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждаган заводунун аккредитациясын токтотту. Мындан улам Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү азайды. Сооронбай Жээнбеков Кумтөргө байланыштуу алгач 12-августта сурак берген. Читать дальше...



“Улуттар биримдиги" жана "Көзөмөл" саясий партиялары шайлоого чогуу катышат

Azattyk.org 

Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик партиясы менен “Көзөмөл” коомдук кыймылынын башчысы Айбек Турганбаев парламенттик шайлоого биргелешип катышат. Бул тууралуу билдирүүнү "Улуттар биримдиги" партиясынын штабы 18-сентябрда таратты.  “Улуттар Биримдиги” партиясы жана “Көзөмөл” бирикмесинин мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн күч-аракетин бириктирүүгө, мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан маселелердин укуктук, саясий жана социалдык аспектилерине чогуу таасир этүүгө ниеттенүүдө", - деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Бекмурза Зулуев кайрадан ректор болуп шайланды  

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (Ош МПУ) 16-сентябрь күнү шайлоо өтүп, мурдагы ректор Бекмурза Зулуев кайрадан шайланды. Окуу жайга жетекчи болууга үч талапкер ат салышкан. Ош МПУнун ректорун тандоого 266 шайлоочу катышты. Алардын 263ү Бекмурза Зулуевге добуш берген. 49 жаштагы Бекмурза Зулуев 2011-жылы ректор болуп дайындалып, 2016-жылы шайланып келген. Ош МПУ — Ош шаарындагы эң чоң үч окуу жайдын бири. Анда 14 миңге чукул студент окуйт. 400гө жакын кызматкер алты факультет, бир коллежде эмгектенет. Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, эртең 19-сентябрда Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 6…18, күндүз 21…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…13, күндүз 16…28; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…29 градус; Бишкекте түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалды

Azattyk.org 

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Соттун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы тергөө бүткөнчө өзгөрбөйт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалган. УКМК Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп... Читать дальше...

Урушчаак түгөйлөр

Azattyk.org 

Күндөлүк турмушта үй-бүлөлүк чыр-чатактар болуп турчу көрүнүш. Бирок кысталыш чакта урушчаак түгөйлөр бирин-бири аяп, жашоонун барк-баасы көтөрүлөт. Мар Байжиевдин “Жаңылуу” аңгемесинде мына ушул жагдай көркөм иликтөөгө алынган.  Диагноз Башында баарысы жакшы башталган. Экөө кыйла сүйлөшүп жүрүп, бири-бирисиз жашабай калышканда үйлөнүшкөн. Анан турмуш башталды. Анысы өзү менен кошо уруш-талаштарды алып келет экен. Эмнеден, эмнеликтен чатак башталганы экөөнүн тең оюнда жок. Аялына күйөөсүнүн кээде жоголуп кеткени жакчу эмес. Читать дальше...

АКШда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берилди

Azattyk.org 

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугуна көзөмөл кылуучу башкармалыгы (FDA) Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берди. Бирок жалпы колдонууну чектөө сунушталды. Сунуш милдеттүү болбогону менен, президент Байдендин бардык америкалыктарды кошумча үчүнчү доза менен эмдөө тууралуу планына кедергисин тийгизиши ыктымалдыгы айтылууда. FDA расмий чечимин кийинки жумада кабыл алышы күтүлүүдө. Эксперттер кошумча вакцина жетишсиз деңгээлде иликтенбегенин себеп кылышууда. Читать дальше...

Өзгөндөгү тарыхты даңазалаган феcтивал

Azattyk.org 

Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал уюштурулду. Иш-чара тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлдү.

Сооронбай Жээнбеков сурактан чыкты

Azattyk.org 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр иши" боюнча күбө катары сурак берип чыкканын жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Алар "экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган эмес жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогон" деп эсептешет. Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 18-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирген. Экс-президент ушуну менен "Кумтөр иши" боюнча экинчи жолу сурак берди. Читать дальше...

Он чакты обончунун мааракеси чогуу белгиленет

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече юбиляр композитордун мааракесин чогуу белгилөөнү чечти. Кыргызстан композиторлор союзу 20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында кошмо концерт уюштурула турганын маалымдады. Иш-чара Кыргызстандын эл артисттери - Эсенгул Жумабаев менен Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы, Жылдыз Малдыбаеванын 75, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Акимжан Жээнбайдын 75; эл артисттери - Түгөлбай Казаков, Атайбек Бөдөшов, кыргыз маданиятына... Читать дальше...

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы

Azattyk.org 

Кыргызстанга турист катары келген чехиялык студенттер жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болгонун айтып чыгышты. Алар кыргызстандык милиционерлер "мас абалында унаа башкарды" деп негизсиз күнөөлөп, пара талап кылышканына даттанууда. Өлкөнүн жаратылышына суктанган чех туристтери милициядагы коррупция жаман таасир калтырганын билдиришти. Бирок Жол кайгуул кызматы дооматтарды четке кагып, туристтер мыйзам бузганы үчүн жазага тартылганын айтууда.

Новости России

Памятник борцам с COVID-19 появился в Москве


НВ: Путин добуш берип жатканда кол сааты 10-числону көрсөтүп турду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага шайлоодо добуш берип жаткан учурда анын кол саатындагы күндүн датасы 10-сентябрды көрсөтүп турду. Бул Путиндин добуш бергени тартылган тасмада жана сүрөттөрдөн байкалганын "Настоящее время" телеканалы  маалымдады. Кремл 17-сентябрда тараткан видеодо Владимир Путин коронавирустан улам аралыктан добуш бергени кабарланган. Журналисттер 10-сентябрда Путин карантинге кетпегенин белгилешүүдө. Мыйзам боюнча онлайн түрүндө алдын ала добуш берүүгө да мүмкүн эмес. Читать дальше...

Арт-тайпа: Тыныбекованын сүрөтүн он күн тарттык

Azattyk.org 

Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бийик кабат үйдүн көркү ачылды. Жергиликтүү арт-тайпа демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын ири сүрөтүн тартышкан. Биздин кабарчыбыз сүрөтчүнүн бири менен баарлашып, көптөр билбеген фактыларды угуп келди. Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын август айында өткөн Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.

Кытай: АКШнын аракети Тайван кысыгында коркунуч жаратууда

Azattyk.org 

Америкалык Barry ("Бэрри") ракеталык эсминецинин Тайван кысыгы аркылуу өтүшү аймактагы коопсуздукка шек келтирерин Кытайдын аскеринин чыгыштагы өкүлү Ши И 18-сентябрда билдирди. WeChat ("Вичат") социалдык тармагына жарыяланган билдирүүдө аскерлер Кытайдын бүтүндүгүн, эгемендигин, коопсуздугун жана аймактагы тынчтыкты коргоо үчүн күжүрмөн даярдыкта турганы жазылган. "Аскер кемесинин Тайван кысыгында пайда болушу - АКШнын аймактын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, туруксуздаштыруучу факторунун бир далили", - деп белгилеген Ши И. Читать дальше...

Нур-Султанда Тажикстанга курал берүү мыйзамы каралат

Azattyk.org 

Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы – мажилистин кароосуна коюлду. Расмий Нур-Султан мыйзам долбоору боюнча жыйынтык чыгарууга даяр экенин билдирди. Тажикстанга акысыз курал берүү боюнча мыйзам долбоору Казакстандын парламентине сунушталды. Бул тууралуу 15-сентябрда мажилистин эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди. "Казакстан Тажикстанга акысыз аскердик жана техникалык жардам көрсөтөт. Комитет... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык оюну бүгүн, 18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өтөт. Кыргыз футбол бирлиги уюмунун расмий сайтындагы маалыматта кубок үчүн Бишкектин “Алга” жана Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ойнойт. Беттеш саат 16:00дө башталат. Билет 100 сомдон сатылат. Футбол беттеши кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда шоу программа менен коштолуп, баалуу белектер ойнотулат. Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун быйылкы оюндарына премьер лигада, улуттук... Читать дальше...

Moscow.media

Роспотребнадзор приостановил работу кафе в Москве из-за нарушений мер по коронавирусу






Персональные новости
ТНТ

Звёзды не сошлись характерами в новом реалити-шоу ТНТ о выживании в Африке



Russian.city


Частные объявления


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Куламбаева и Скатов завоевали уайл-кард на турниры WTA 250 и ATP 250 в Нур-Султане





Акатьева: «Когда стою на пьедестале и слышу гимн России, я очень горжусь своей страной»

Sina: Москва раскусила уловку Киева, поставившую США в неловкое положение

Почти 1,6 миллиона москвичей удаленно проголосовали на выборах к 19:00 по местному времени

Имя нового тренера сборной России по баскетболу станет известно через месяц