Пакистан Куррамдагы диний топтордун кагылышуусу убактылуу токтогонун билдирди
Пакистандын өкмөтү Хайбер-Пахтунхва провинциясына жөнөтүлгөн чабармандары шийи жана сунни топторунун ортосундагы үч күндөн бери уланып жаткан кандуу чабуулдарды убактылуу токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди. Аталган провинциянын маалымат министри Мохаммад Али Саиф 24-ноябрда журналисттерге айткандай, провинциянын Куррам районундагы шийи жана сунни мусулмандарынын лидерлери кагылышууларды жети күнгө токтото турууга макул болушту. Бул мөөнөт ичинде эки тарапты элдештирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турганы кабарланды. Читать дальше...