Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2021

Девять уголовных дел в отношении коррупционера Шарабидина миллиарда Капарова закрыты незаконно

0
Девять уголовных дел в отношении коррупционера Шарабидина миллиарда Капарова закрыты незаконно

КР Президенти Т.Т. Мамытовго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ

Биз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз, коррупциялык схемалары жөнүндө көптөгөн арыздар менен Сиздин атынызга кайрылганбыз. Ошол арыздарыбызды текшеруу үчүн Ош шаары жана Ош областы УКМК башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Ал арыздарыбыз боюнча тергөөчү Теңирберди Борубаев бизден түшүнүк кат албай, бетме-бет сурак (очная ставка) өткөрбөй, үстүртөн тергөө амалдарын жургузуп, ар тараптуу, объективдуу карабай, мыйзамды одоно бузуп 9 кылмыш ишти мыйзамсыз кыскарткан. Ошондой эле, Ош областтык жана Кара-Суу райондук прокуратуралары тарабынан коррупционер Ш.Капаровго козголгон кылмыш иштерди мыйзамсыз кыскарткан.

КР Башкы Прокурору К.Т. Зулушев коррупционерлерди мага айтыңыз, мен аларга сөзсүз чара көрөм, камайм, коррупционерлерди айткан адамдарды өзүм жана мамлекет коргойт деген. Бирок, коррупционер Ш.Капаров жазасыз калгандыктан, бизди куугунтуктап, эки кызыбыздын жер тилкелерин сатып, үйсүз калтырам, айылдан көчүрөм, үйүнөн кууп чыгам, менин артымда Матраимовдор кланы турат! -деп бизди опузалап, коркутуп, шантаждап жатат. Ошондуктан Ош областтык прокуратурасы кызматкерине жолугуп: “Арыздарыбызды Башкы прокуратура, КР УКМК борбордук аппараты кызматкерлери текшерсин, Ош облусундагы укук коргоо органдарын коррупционер Ш.Капаров сатып алган, себеби бир эле жер тилкени 30 миң доллардан сатып жатат, андай миң жер тилке саткан. Ш.Капаров мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган, долларлык мультимиллионер”-десек. Облпрокуратура кызматкери: “Биз арыздарынызды республикага өткөрүп берүү укукубуз жок”-деп жооп берген. Биз: “Анда арыздарыбызды Т.Борубаевден алып, УКМКнын башка тергөөчүсүнө өткөрүп бериңиз, мыйзамсыз кыскарткан 9 кылмыш ишти кайра ачып, мыйзам чегинде тергелсин ”-деп айтсак. Ош областтык прокуратурасы арыздарыбызды Ош ОИИБ жибериптир, бир арызыбыз Нариман ИИБ тергөө үчүн жиберилипти. Мыйзамсыз кыскартылган 9 кылмыш иши кайра ачылбаптыр, ал кылмыш иштердин материалдары менен бизди тааныштырганы жана көчүрмөлөрүн беришкен эмес. Ошондой эле, кылмыш иштер алкагында дайындалган экспертизалардын корутундулары мыйзамсыз (көчүрмөлөрү бизге берилген эмес). Себеби, коррупционер Ш.Капаров эксперттерди сатып алган, көп эксперт көзкарандысыз эксперт болгондуктан, аларга акча берсе акты кара, караны ак деп корутунду жазып беришет. 9 кылмыш иши мыйзамсыз кыскартылганы натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров устунон жазган бардык арыздарыбыз, ошондой эле тергөөчү Т.Борубаев тарабынан мыйзамсыз кыскартылган бардык кылмыш иштери Президент коррупция менен күрөшүү саясатын аткарган КР КР Башкы прокуратурасы, КР УКМК, КР Финполициясынын Борбордук аппаратынын кызматкерлеринен ведомстволор аралык тергөө тобу тузуп, тергөөну аларга өткөрүп берүүнүздү суранабыз.

2) Мыйзамсыз кыскартылган 9 кылмыш иши кайра ачылып, мыйзам чегинде тергелсин. Капаров мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөсүн, мыйзамсыз берилген жер тилкелер мамлекет менчигине кайтаруу боюнча прокуратура сотко доо арыздар менен кайрылсын.

2) КР Конституциясынын 33 беренеси жана “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүно караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн 2012-2021 жылдары аралыгында берилген жер тилкелерин жана муниципалдык жер тилкелерди алган жарандардын тизмесин, токтомдордун көчүрмөсүн жана ошол жерлерге жасалган Кызыл китептер, АПЗ жөнүндөгү маалыматтарды Кара-Суу райондук Кадастр жана райондук архитектура тарабынан алып берүүнүздү суранабыз.

Эгерде биздин мыйзамдуу талаптарыбыз аткарылбаса, биз жаш небере-балдарыбыз менен Бишкекке жөө журушко чыгышка жана Борбордук аянтта “Коррупционер Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылсын!”, “Коррупционерге адвокат болуп алган укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнө чара көрүлсүн”, “Капаровду калкалаган Искендер жана Тилек Матраимовдор кылмыш жоопкерчиликке тартылсын!” ураандары астында митинг өткөрүүгө мажбур болобуз.

Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 4 январь 2021 ж.

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев убегал с корта по ходу матча с Оже-Альяссимом из-за проблем со здоровьем






Алкоголь, воровство, побеги: омбудсмен — о прикованной к батарее девочке из Дагестана

В Котельниках отметили День защитника Отечества

ЕС готовит 17-й пакет санкций против России: энергетика вновь под угрозой

Москвич отсидел четыре года за преступление, которого не совершал