Бишкекте кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн адамдар кармалды
Бишкекте Кайгуул-күзөт кызматкерлерине баш ийбей, чатак чыгарган деген шек менен үч адам кармалып, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул-күзөт кызматы маалымдагандай, окуя 18-апрелдин таңында, саат 4:00 чамасында болгон. Кайгуул кызматкерлери "Мерседес" унаасы бир нече адамды жөөлөп жатканын байкап, айдоочу мас экенин аныкташкан. Кызматкерлердин унаанын документтерин жана ачкычын берүү талабын айдоочу укпай, каршылык көрсөткөн, ага жанындагы шериктери кошулган. Жыйынтыгында үч адам... Читать дальше...
