«Берешен жума» (Black Friday) — бул сатып алуучулар абдан күткөн окуялардын бири. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча дүкөндөр товарлардын баасын төмөндөтүп, олуттуу сандагы кардарларды тартат. Бирок, ушул жана башка сатып түгөтүү акциялары сатып алуучулар үчүн гана эмес, ошондой эле сатуучулар үчүн да пайдалуу болот. Дасыккан интернет-ишкерлер 24.kg редакциясына айтып беришкендей, ноябрь-декабрь айларындагы акциялар — бул кирешенин бир нече эсе өсүшүн да камсыздап, ошону менен бирге келечек үчүн кам көрүү дегенди да билдирет: эреже катары, кийинки жылы товар жүгүртүү азыркыдан да көбөйөт. Ozon’догу акцияларга катышуудан ишкер канткенде мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда таба алаарын айтып берели.