2025-жылдын 1-майынан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн бардык чет элдиктер депортацияланат. Ушул күнгө чейин мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу журналисттерге Россия Федерациясынын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой билдирди.