Коррупционер Шарабидин Капаров за крупные взятки продал пастбища
КР Президенти Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Капаров ОшГипрозем кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп жердин багытын мыйзамсыз өзгөртүп, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүно караштуу Ишкаван айылында номер 1644 контурунда жайгашкан 0,40 гектар жерди аукцион аркылуу өзүнүн тууганы Ишкаван айылынын тургуну, «Жайыт комитетинин» башчысы А.Маматалиевге мыйзамсыз сатып жиберген. Анткени ал жер тилкеси Кыргыз Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институнун Кыргызмамжердолбоор Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык таштуу жайыт категориясына кирет. КР Жер Кодексинин 4 беренесинин 2 болугуно ылайык айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдуу пайдаланылуучу зонадагы жайыттар жана ошондой эле алыскы жайыттар жеке менчикке жана муниципиалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот. КР Жер Кодексинин 4 беренесинин 4 болугундо ЖАЙЫТТАР ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ЖЕ ИЖАРАГА БЕРИЛИШИ МҮМКҮН ЭМЕС! деп даана жана так жазылган. Бирок Ш. Капаров Президентибиз кол койгон бул мыйзамдарга тукуруп, өзүнүн жана туугандарынын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды уруп ойнобой, элге жер жетпей жатса, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын мыйзамсыз тоорук өткөрүп, өзүнүн тууганына ошол жерди арзан баада алып берди. Ошондуктан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарын одоно бузуп, мамлекеттин жерин өз тууганына мыйзамсыз берип койгондугу үчүн кылмыш жоопкерчиликке сөзсүз тартылуусу керек. Ал эми Мамлекеттик акт жокко чыгарылып, жер тилкеси мыйзамдуу ээсине - мамлекеттин менчигине кайтарып берилиши керек.
2) Ош облусунун укук коргоо органдары тарабынан Ш. Капаровдун үй-жай куруу үчүн жер тилкелерди Жер Кодексинин 33 беренесинин 2 болугун одоно бузуп, кезектуулук тартибин одоно бузуп, коомдук угуулар өткөрбөй, жең ичинен сатышы боюнча укуктук баа бербей жатат. Бул болсо укук коргоо органдары менен Ш. Капаровдун коррупциялык байланышы барбы - деген шек бар.
3) Ш.Капаров мыйзамсыз баюу максатында Коммунист айылынын 0,30 га жерин жана башка жерлерибизди арзан баада атайын баалатып кошелёкторуно сатууга даярдап койгон.
4) Ш. Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында көзкарандысыз баалочу менен алдын ала сүйлөшүп, жерлерди атайын арзан баада баалатып, Ишкаван айылынын Дам участкасында 215 кв.м. жана Ишкаван айылынын 1576 контурундагы 0,47 гектар, 1577 контурундагы 0,48 гектар жерлерди жакын тууганы Маматалиев Аскардын “подставной лицо”лору Ырысова Нусканын жана Нематов Акрамдын аркылуу аукциондон мыйзамсыз арзан баада саткан. Себеби Ишкаван айылындагы 5 сотик жердин базар баасы 20-30 миң доллар. Ошондой эле, Ш.Капаров тууганы А.Маматалиевке башка муниципалдык менчиктерди арзан баада саткан. Ал жерлерди Ш.Капаров, тууганы жана кошелёгу А.Маматалиев чек кылып 20-30 мин доллардан сатышып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байышып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Жогоркулардын негизинде суранабыз:
1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровду ээлеп турган кызматынан бошотуунузду жана 145, 186, 205, 209, 215, 231, 234, 319, 320, 321, 322, 323, 329, 331 Коррупция беренелери менен жана УКТ (ОПГ) мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.
2) КР Конституциясынын 33 беренеси жана “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүно караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн 2012-2021 жылдары аралыгында берилген жер тилкелерин жана муниципалдык жер тилкелерди алган жарандардын тизмесин, токтомдордун көчүрмөсүн жана ошол жерлерге жасалган Кызыл китептер, АПЗ жөнүндөгү маалыматтарды Кара-Суу райондук Кадастр жана райондук архитектура тарабынан алып берүүнүздү суранабыз.
3) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн 2019-2021 жылдары аралыгында берилген жер тилкелерин алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.
4) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2019-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.
5) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджет эсебинен 2019-2021 жылдары социалдык жардам алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 4 январь 2021 ж.
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.