Шарабидин Капаров угрожает убийством общественным активистам
КР Президенти Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
30 январь 2020 жыл саат 11:00 да мени КР ИИМ уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү Туштук региону боюнча башкармалыгына (МРУ ГУБОП) тергөөчүу Токоев Бактыбек Туратбекович чакырды. Тергөөчүу Б. Токоев Жолонов Акмат менен суйлошкон аудиозаписьди мага угузду. Тергөөчүу Б. Токоев “Сиз ошол аудиозапись боюнча эмне айта аласыз?”-деп сурады. Мен жооп бердим. Россия жараны Алмаз Нуржанов Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун желдети жана кошелёгу болот. А.Нуржанов Россия жараны болгондуктан, Акмат Жолонов атына уй-жай куруу үчүн ажыратылган жер тилкелерди жана фиктивдуу өткөрүлгөн аукциондордон муниципалдык жер тилкелерди каттап, андан кийин сатып, Ш.Капаровко долясын берет. Менин эки кызым Кожонова Махабат менен Токтаралиева Айзаттын уй-жай куруу үчүн жер тилкелерди ажыратуу жөнүндөгү эки токтомун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүнүн башчысы Капаров тузгон уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү кошелёктору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор сатып жиберишкен. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кожонова Махабат менен Токтаралиева Айзаттын жер тилке ажыратуу жөнүндө эки токтомун жана башка документтерин алышып, Ш.Капаров менен алдын ала сүйлөшүп М.Кожонова жана А.Токтаралиеванын кол тамгаларын жасалмалап, жеке нотариустан жасалма ишеним кат (доверенность). Себеби, Кожонова Махабат Россияда, Токтаралиева Айзат Туркияда иштеп жүрөт, Кыргызстанга келишкен эмес. М.Кожонованын жана Токтаралиева Айзаттын жер тилкесин М. Кожонованын жана Токтаралиева Айзаттын уруксатысыз, анын куйоолорун уруксатысыз Капаровдун УКТ мүчөлөрү кошелёктору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор кол тамгаларын жасалмалап жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп жасалма доверенность негизинде сатып жиберишкен. Мен уюшкан кылмышкерлер тобу тарабынан жасалган ал кылмыш боюнча укук коргоо органдарына кайрылганымда, Нуржанов Алмаз: “Эже арызынызды кайтып алын, камалып калбайлык, сиздерге 4 жер тилке берем, дагы 50 сотик муниципалдык жер тилкени жеке менчигинизге өткөрүп беремиң”- деп жигиттик сөзүн берди. Мен ыраазы болдум, ошондуктан тосмо арыз жазып бердим. Андан кийин коншум Жолонов Акмат уйумо келип: “Сиздерге 4 жер тилке беребиз, дагы 50 сотик жер тилкени жеке менчигинизге өткөрүп беребиз”-деп айтты. Мен ыраазы болдум. Анда тил кат жазып бересиз жана мен айтканды айтасыз, мен диктофонга жазып аламын”-деди. Мен: “Аны эмне кереги бар?”- десем. А.Жолонов: “Кылмыш ишти кыскартуу үчүн керек экен. Кылмыш иши кыскартылышы менен 4 жер тилкени, 50 сотик жерди сиздерге беребиз”-деп айтты. Мен А.Жолонов уйроткон создорду айттым, А.Жолонов жазып алды. Ошол аудиозаписьдин башын тергөөчүу Б.Токоев мага угузду. Анан дагы А.Жолонов: “Токтомду мен саттым деп жазып берин, сураныч, бирок числосун койбон, өзүм койуп аламын”-деп менден тил кат жаздырып алган.
Мен тергөөчүу Токоевко жер саткыч кылмышкерлердин мыйзамсыз иштерин айтып бердим. Бирок, ошол күнгө чейин Капаровдун кошелёктору Нуржанов менен Жолонов мага убада кылган 4 жер тилкени жана 50 сотик жерди ажыратып бербегени үчүн, мыйзамсыз сатып жиберишкен кыздарымдын эки жер тилкесин мыйзамдуу ээлерине-кыздарыма кайтарууну талап кылдым.
Андан кийин тергөөчүу Б. Токоев кафеда балык жеп отурган видеозаписьди мага коюп берди. Тергөөчүу Б. Токоев: “Мирзакаримова жана башкалар менен кафеде балык жеп отурупсуз, сиз эмнеге балык жейсиз? Билесизби, сиз эмне иш кылып жатасыз? Камайм. Билесизби мен сизди эмне кыламын?”-деп мени уруп жибергидей болуп ордунан туруп, мага орой мамиле жасап, кабинетине камап алып, мени желкеме каттуу уруп, диванга туртуп салды. Эркиндигимди чектоо менен коркуткан тергөөчүу Б.Токоев: “Сага көрсөтөмүн, урамын, өлтүрөм деп, тилдеп, согунуп, коркутуп, кыйкырып, шантаждады. Тергөөчүу Б.Токоевдун бакырган унун уккан, коридорда турган шеригим Мирзакаримова Гулнара эже жугуруп кирип телефонун видеосун жандырганда, анан Б.Токоев унчукпай калды, мени койо берди. Эгерде Г.Мирзакаримова кирбесе, Б. Токоевдун кабинетинен балким өлүгүм чыгар бекен. Себеби, Б.Токоевдун: “Билесизби мен сизди эмне кыламын?”-деп коркутканы, мени керек болсо, өлтүрүп койомун, өлүгүндү эч ким таппайт деп тушунса болот. Эмне үчүн мамлекеттен айлык алган Б.Токоев жер саткыч Ш.Капаровдун уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү менен күрөшпөй, коррупция жөнүндө айткан жаран менен күрөшөт? Же Презденттин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында системалык коррупция менен күрөшүү жөнүндө укук коргоо органдарына берген тапшырмалары Б.Токоевке тийиштуу эмеспи? Же “обороень в погонах” Б.Токоев башчысынын жана прокуратуранын көзөмөлүсүз калдыбы?
Тергөөчүу Б.Токоевден: “Жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган бул аудиозапись менен видеозаписьди сизге ким берди?”-деп сурадым. Б.Токоев: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров”-деп жооп берди.
Ш.Капаров, анын уулу Шарабидин уулу Шадыбек, кошелёктору А.Нуржанов жана А.Жолоновдор: “Өлтүрөбүз, үйүн өрттөйбуз, үйүнөн кууп чыгабыз, балдарын тубуно жетебиз”-деп бизди мурда бир нече жолу коркутушкан. Ошондуктан Ш.Капаров бизден уруксат албай, Сот тарабынан санкцияланбаган жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган аудиозапись менен видеозапись кылууга мыйзамсыз буйрутма берген. Ал буйрутма менен алынган аудиозапись жана видеозапись аркылуу бизди өлтүрүүнү пландаган. Себеби, Сот тарабынан санкцияланбаган артыбыздан байкоо (слежка) жургузуп, мыйзамсыз видеозапись кылып журууга адам өлтүргүчтөргө кылмыштуу буйрутма берген болуушу мүмкүн. Бирок, Президенттин атына бир нече жолу арыз менен кайрылып, биз менен бир нерсе болсо Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранганыбыз үчүн, жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган ал видеозаписьди адам өлтүргүчтөргө буйрутма бербей, “оборотень в погонах” тергөөчүу Б.Токоев менен алдын ала сүйлөшүп, бизди коркутуп, шантаждап берүүсун, пара берип буйрутма берген болуушу мүмкүн. Капаров: “юрист деген дипломум бар”-деп айтып жүрөт, бирок жасаган кылмыштары, ал окуганбы өзү?-деген шек жаратат. Ошол эле учурда тергөөчүу Б.Токоев Соттун санкциясы жок, биздин жазуу урусатыбыз жок алынган, мыйзамсыз жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган аудиозапись жана видеозапись канчалык денгээлде мыйзамдуулугу боюнча, Сот тарабынан санкцияланбаган артыбыздан видеобайкоо жургузуп, Сот тарабынан санкцияланбаган видеозапись кылып жүргөн адам өлтүргүчтөрдү, аларга мыйзамсыз буйрутма берген заказчикди тергөө амалдары жургузуп аныктаган эмес жана Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес.
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кармоочунун (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 9-беренесине ылайык Жеке маалымат субъекти өзүнүн ар кандай жеке маалыматтарын башка бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет жана аны алуу фактысы далилдене тургандай таризде аны иштетүүгө эркин түрдө, билип туруп аң-сезими менен макулдугун берет. Жеке маалыматтар субъект тарабынан же болбосо анын ишенимдүү адамы тарабынан берилет. Субъекттин макулдугу кагаз жүзүндө жазуу кол тамга коюлган документ таризинде билдирилиши керек. Жеке маалыматтардын субъектинен жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга анын макулдук бергендигин далилдеп берүү же ушул көрсөтүлгөн негиздердин болгондугунун далилдеп берүү милдеттенмеси жеке маалыматтар массивин кармоочуга (ээсине) жүктөлөт. Бирок, О.Токторалиева жана Г.Мирзакаримова жазуу жүзүндөгү макулдугун Капаровго берген эмес жана алардын жеке маалыматтарын колдонуу боюнча жазуу макулдугун Ш.Капаровго беришкен эмес. Натыйжада КР Өкмөтүнүн №759 21.11.2017 ж. “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтомун талаптары “юрист” Ш.Капаров тарабынан одоно бузулган. КР Конституциясынын 29-беренесине ылайык
1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.
3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.
4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.
Коопсуздук Кеңешинин жыйынында кызмат адамдары адамдардын жеке маалыматтарын бузгандыгы үчүн жоопко тартуу керектиги жөнүндө укук коргоо органдарына тапшырма берген. Ошондуктан юрист жана жергиликтүү бийликтин башчысы болгон Ш.Капаров толук көлөмдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуулусу керек.
Конституциялык укугубузду тепелеп-тепсеген Ш.Капаров тарабынан жасалган кылмыштуу аракеттери курамында КР КЖК 186 беренесинин 1 болугу менен Адамдын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча, КР КЖК 320 беренесинин 1,2,3 болуктору менен Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар менен квалификациялоо керек. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду, ал менен байланышы бар, анын буйрутмасы менен мени уруп, коркутуп, шантаждаган тергөөчүу Б.Токоевди кылмыш жоопкерчилигине тартуулусун камсыз кылуунузду жана аныкталган мыйзам бузууларга чара көрүүнузду суранабыз.
2) Артыбыздан Сот тарабынан санкцияланбаган байкоо жургузуп, аудиозапись менен видеозапись кылып жургон адам өлтүргүчтөрдү, аларга мыйзамсыз буйрутма берген заказчикди тергөө амалдары жургузуп аныктап, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.
3) Кожонова Махабат менен Токторалиева Айзатка тийиштуу жер тилкелерин мыйзамдуу ээлерине кайтаруунузду, мыйзам бузууларга чара көрүүнузду.
4) Арыздарыбызды текшерүү үчүн Президенттин коррупция менен күрөшүү саясатын сөзсүз аткарган курамына КР Башкы прокуратурасы, КР УКМК, КР Финполициясынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобун тузуп, тапшыруунузду суранабыз.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 4 январь 2021 ж.
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.