Для получения неприкосновенности и чтобы избежать уголовной ответственности коррупционер Шарабидин Капаров намерен потратить три миллиона долларов и стать депутатом Жогорку Кенеша
КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан
АРЫЗ
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Бугунку күндө Капаров үстүнөн 17 кылмыш иши (14 иш Ош областтык ИИБ, 3 иш Финполда) козголгон. Бирок, жемкор Ш.Капаров мурда бизди куугунтуктап: “Менин артымда Матраимовдор кланы турат, Алмамбет Салиев мени коргойт!”-деп бизди опузалап, коркутуп, шантаждаган болсо. Азыркы күндө Ш.Капаров: “Мен Жала-Абад зооветеринарный техникумунда Ташиевдин тууганы менен окуганмын, артымда Ташиев турат” деп бизди коркутууда. К.Ташиев болсо: “Менин атымды ким сатса камаңыз”-деп айткан, бирок, Ш.Капаров ушул күнгө чейин камалбады. Ошондуктан жемкор Ш.Капаров тергөөчүларды, А.Дунаевди, Т.Борубаевди, прокурорлорду ошондой шантаждап, опузалаган болуушу мүмкүн. Алардын мыйзамсыз аракетсиздиги, “маакулдашуусу” жана алдын ала сүйлөшүүсү натыйжасында, тергөөдү атайын создуктуруп, Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн атайын өткөрүшкөн. Натыйжада жер саткыч Ш. Капаров камалбай, эркиндикте жүрөт. Жер сатып кылмыштуу жолдор менен, мыйзамсыз байыган коррупционерлердин анабашчысы Ш.Капаров Кыргызстандын эң бай коррупционерлердин катарына кирди, ошол учурда ал муниципалдык кызматта иштеп, аз эле айлык акы алат. Капаров кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп калуу амалын издеп: “Мен келерки Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна талапкерлигимди коём, керек болсо 3 миллион доллар сарптап болсо дагы депутат болом. Депутатты кол тийбестиги бар”-деп жатат.
КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгы менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коррупцияга малынбаган, шектелбеген кадрлар дайындалышы каралган. Бирок, Ш.Капаровдун уулу Капаров Шавкат Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк регионунда башкы адиси болуп иштеп тестирлоодон өткөрүп, коррупцияга малынган кадрларды кызмат орундарына дайындалышына чоң салым кошуп жатат. Ошондуктан, КР Президенти С.Н. Жапаров Түштүк регионунда коррупцияны жеңе албайт, КР Президентинин Жарлыгы кагаз жүзүндө калып, амалда болсо жемкорлук күч алат деген тыянакка келип жатабыз.
Ошондой эле, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан кол тийбестигин алып салуу керек. Болбосо Жогорку Кеңештин 7 чакырылышына Ш.Капаровго окшогон мыйзамсыз байыган жемкорлор 3 миллион доллар сарптап депутат болуп алып, элдин канын ичишет. Андан сырткары, кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн жоюп салуу керек. Себеби, коррупционер Ш.Капаров мамлекеттик мүлктү, жерлерди чоң параларга сатып мыйзамсыз байыган, аны сөзсүз кустуруп, камаш керек. Ш.Капаров тууганы А.Маматалиев менен бирге мыйзамсыз баюу максатында Ишкаван айылында кумаркана ачышкан. Кара-Суу райондук сотунун чечими менен ал кумаркана жабылышы каралган. Бирок, Ш.Капаров, А.Маматалиев ал кумаркананы жабышкан эмес. ошол эле учурда ЖК депутаттары Д. Жумабеков жана Б. Турусбеков кумаркана ачуу боюнча мыйзамга демилгечи болуп жатышат. Эгерде ошол мыйзам кабыл алынса, кумарканалар үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна, үстүндөгү үйүн, жанында жүргөн аялын уттуруп жиберуусуна, көбү экономикалык жоготууга дуушар болушат. Кумарпоздук-бул айыкпай турган оорулардын бири. Азыр да Капаровдун кумарканасы иштеп жатат. Соттун чечими болсо дагы аны жаба албай жатып, башка кумарканаларды ачуунун кереги бар беле? Ошон үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарын кумарпоздорун тейлеген, салык төлөбөгөн Капаровдун кумарканасы өзүнүн кылмыштуу ишин улантып, кыргыз элин адеп-ахлагына коркунуч жаратып жатат.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. КР УКМК төрагасы К.Ташиевден тактап бериңиз, жемкор Ш.Капаров менен өзү же анын тууганы Жалал-Абад зооветеринарный техникумунда бирге окуганбы? К.Ташиев коррупционер Ш.Капаровду крышевать этеби? Эгерде крышевать этпесе, анда эмнеге жер саткыч Ш.Капаровду камабай жатат? Эмнеге коррупционер Ш.Капаровдун уулу Шавкат Капаров КР МКК башкы адиси болуп иштеп жүрөт?
2. КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан кол тийбестигин алып салуу жөнүндө КР Мыйзамдарына тийиштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиңиз.
3. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн жоюп салуу жөнүндө КР Мыйзамдарына тийиштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиңиз.
4. КР МКК башкы адиси Шавкат Капаровго чара көрүүнүздү
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 2 февраль 2021 ж.