Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2018

Назарбаев жылдык кайрылуусунун көрнөгүн жарыялады

0
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «атайын билдирүү менен» мамлекеттик  сыналгы каналдардан чыгып сүйлөдү. Тактап айтканда, президент 10-январда расмий маалымат каражаттарына чыга турган жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун алдын-ала көрнөктөдү. Анда Назарбаев өлкөнүн дүйнөнүн алдыңкы 30 мамлекетинин катарына кирүүсү үчүн талап кылынган 10 максатты атады.


Мисалы, ал жаңы технологияларды өнүктүрүү, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коррупцияга каршы күрөш өңдүү маселелерди сөз кылды.


77 жаштагы Нурсултан Назарбаев салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды тандайт. Мисалы былтыркыга чейин парламент алдына чыгып сүйлөп келген.


2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жарык көргөн.


Президенттин басма сөз кызматы жана расмий маалымат каражаттары анын текстин 31-январда жарыялашкан. Анын алдында Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарымдарынын бир бөлүгүн парламент жана өкмөт ортосунда бөлүштүрүүнү көздөгөнүн айтып, саясий өткөөл доор башталышы ыктымал деген түкшүмөлдөргө жем таштаган.


Бирок кийин Казакстандын Конституциясына киргизилген үстүрт толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн.


 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса