Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2018

ИИМ "Гараж 312" түнкү клубунда операция жүргүзүлгөнүн ырастады

0
Бишкекте жайгашкан "Гараж 312"  түнкү клубунда милициянын атайын бөлүгү операция жүргүзгөнүн Ички иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна ырасташты. Мекеме операция эмне максатта жүргүзүлгөнүн жана канча киши кармалганын маалымдаган жок. Толук маалымат кийинчерек берилерин айтуу менен чектелди.


Буга чейин ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын тапшырмасы менен спецназ 21-январга караган түнү саат 1:00дөр чамасында аталган клубга барып, тинтүү жүргүзүп, 50дөн ашык кишини кармап кеткени тууралуу маалымат, видео интернетте тараган. Клубдагы операция баңгизаттарга каршы жүргүзүлгөнү кабарланган. Ошондой эле кармалгандардан маңзат табылды деген маалыматтар айтылган. "Гараж 312" түнкү клубу комментарий бере элек.    



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса