Гректер "Македония" аталышын коңшусуна бербөө талабы менен көчөгө чыгышты
![Гректер](https://gdb.rferl.org/BAB8BD54-6DF9-43C1-B233-362AD078B02C_cx0_cy2_cw0_w800_h450.jpg)
Жекшембиде гректер башкалаасы Афинада нааразыык жыйынга чыгышып, өз өкмөтүнө коңшу Македония менен аталыш жаатындагы талашта эч кандай жеңилдикке барбоо талабын коюшту. Мындай жыйындар өлкөдө буга чейин да өткөн.
Уюштуруучулар бул ирет бул мүдөөнү колдоп чыккан жыйынга 1,5 млн киши кошулду дешсе, полиция болгону 140 миң киши чыкты деп эсептеди.
Демонстранттар грек байрагын көтөрүшүп, «Македониядан колуңду тарт», «Македония - бул Грекия!» деп ураан чакырып кыйкырып турушту.
Грекия мурдагы коммунисттик Югославия мамлекети ыдырагандан кийин, 1991-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган коңшу республиканын "Македония" деп аталышына каршы турууда. Бул эгемен жумурияттын негизги калкы - славян тектүү улут. Ал эми Грекиянын түндүгүндө да "Македония" аттуу тарыхый облус бар. Анда негизинен грек тектүү калайык байырлайт.
27-январда грек премьер-министри Алексис Ципрас коңшусу “Улуу Македония” же “Жаңы Македония” деп аталса, муну кабыл алууга даярдыгын билдирген. Элинин каршылыгына карабай Ципрас талаш создуга берсе, анда ал «улуттук кызыкчылыктарды бүлүндүрөт» деп көшөрүүдө.
Ушундан улам сүйлөшүүлөрдөгү ортомчу БУУ өкүлү 2018-жылдын аягына чейин талашка чекит коюлаарына 1-февралда ишеничин билдирген.
Бириккен Улуттар Уюмундагы Македониянын расмий аталышы - "Мурдагы Югославия республикасына кирген Македония". БУУнун Коопсуздук кеңеши бул топоним - өлкөнүн убактылуу аталышы деп кабыл алган.
Байыркы Македониядан чыккан айтылуу Александр Македондук (мусулман дүйнөсүндө - Искендер Зулкарнайн - "Кош мүйүздүү Искендер"; б.з.ч. 356—323-жж.) өз доорундагы Жер Ортолук деңизиндеги цивилизация очоктору менен Иран, Борбордук Азиядагы жана Түндүк Индиядагы цивилизация очокторун байланыштырган ири дөөлөттү (империяны) негиздеген. Бул дөөлөт ыдырап кетсе да, анан кийин кыйла кылымдар бою эл аралык маданий карым-катнаштар бул чөлкөмдөрдү өз ара байланыштырып турган.