Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2018

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды

0
Баткен аймагынын Каксай участогунда кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.


Ал өткөрмө пункттан эмес, уруксат берилбеген линиядан өтүүгө аракет кылган. Кармалган киши Баткен облусунун Достук айылынын 35 жаштагы тургуну А.К. экени аныкталды. Ал Тажикстандагы туугандарынан кабар алганы баратканын мойнуна алды.


Чек араны бузган кишиге айып салынды. Факт боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса