Орусияда жасалма документ жасап жүргөн кыргызстандык кармалды
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.
- Кармалган жаран жашаган жерди тинтүү маалында Орусиянын атуулдугун алып берүү, Кыргызстанда соттолбогон деген ИИМ берчү тастыктама, Каттоо кызматы, Москвадагы ар кандай оорукананын мөөрлөрү, даяр тастыктамалар, паспорт жана башка Орусияда керек болгон документтер табылды.
Сеитовдун айтымында, кармалган адам Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну. Ал Москвада жашаган жерин тез-тез алмаштырып, бир канча адамдан акча алганы маалым болду.
Окуя боюнча Москвада кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Анын шериктери бар экени дагы такталып, аларды издөө иштери уланууда. (КЕ)
