Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2018

Жерге-Талдагы кыргыздар үчүн китеп чогултулуп жатат

0
Тажикстандын Лахш  (мурдагы Жерге-Тал) аймагында жашаган этникалык кыргыздарга окуу-методикалык, көркөм адабий китептер чогултулуп жатат.


Былтыр жазда жер титирөөдө жабыркаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири журналист Жолдош Турдубаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, чогултулган китептерди май айында дарегине жеткирип берүү пландалды.


- Китептерди дагы иргеп, каражатка жараша эки-үч машина менен жеткирип бергени жатабыз. Биринчи кезекте жалпы мазмундагы математика, физика сыяктуу окуу китептер болушу керек. Ал эми улуттук мазмундагы тарых, география китептерин Тажикстан өткөрбөй коюшу мүмкүн. Илимий-популярдуу басылмалар, сөздүк, энциклопедия, ар кандай тесттерге даярдана турган китептерге маани берилип жатат. Китептен сырткары окутууга керектүү каражат, компьютер, принтер, проектор сыяктуу каражаттар керек. Жерге-Талдагы ар бир мектепке бир-экиден комуз жана күүлөрдү үйрөнө турган китеп алсакпы деп пландадык эле.


Турдубаевдин белгилешинче, чогултулган китеп жана башка каражаттар Бишкектеги “Айтумар” окуу борборуна жеткирилип жатат.


Тажикстанда Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда негизинен кыргыздар жашайт. Мындан сырткары Баткенге чектеш Согди облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштак бар. 2017-жылы 3-майда, кийин дагы бир нече жолу кайталанган жер титирөөдө Лахш өрөөнүндөгү беш кыштакта үйлөр талкаланган. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса