Исаков: Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйынды премьер-министр Сапар Исаков алып барды.
«Жалпы уюштуруу жагын гана иштеп чыкпастан, бардык техникалык маселелерди, мурдагы оюндардын тажрыйбасын эске алуу керек. Бизде бул үчүн масштабдуу иш базасы бар», – деп белгиледи ал.
Быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. (RK)
