Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2018

Европа Биримдиги Пхеньяндын чечимин кубаттады

0
Европа Биримдиги Түндүк Кореянын өзөктүк-ракета сыноолорун токтотуу чечимин кубаттады. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини муну "Пхеньяндын көңүл көтөргөн, көптөн бери күтүлгөн кадамы" катары сыпаттады. 


Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорду токтотоорун, атайын полигонун да жабаарын өлкө лидери Ким Чен Ын 20-апрелде билдирген. Расмий маалымат каражаттары муну ​"экономикалык өнүгүү аракети жана Корей жарым аралында тынчтыкты камсыздоо" деп түшүндүрүшкөн.


АКШ президенти Дональд Трамп да Пхеньяндын бул чечимин колдогон.


27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Корея бийликтери чек ара аймагында биргелешип саммит өткөргөнү турат. Тынчтык келишимине жол ачат деп күтүлүп жаткан бул саммиттен соң АКШ жана Түндүк Корея лидерлери жолугат деп кабарланган. Анын убактысы жана кайсы жерде өтөөрү азырынча белгисиз. (SE)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса