Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Париждин борборунда бычакчан эркек адамдарга кол салды

0
Колунда бычагы бар белгисиз эркек Франциянын баш калаасынын борборундагы Париж опера театрынын жанында өтүп бараткандарга кол салды. BFM TV телеканалы алдын ала маалыматка таянып, бир киши набыт болуп, сегизи жараат алганын кабарлады. Кол салган кишини полиция жок кылганын Эл аралык француз радиосу кабарлады. 


"Франс Пресс" агенттиги бир киши каза таап, бир нече адам жарадар экенин билдирди.


Полиция азырынча окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат бере элек. 


2015-жылдын ноябрында Франциянын тарыхындагы эң кандуу теракт 130 кишинин өмүрүн кыйган. Исламчыл жоочулардын бир нече тобу Париждин ар кайсы жерлерине кол салышкан.


Адегенде алар борбор шаардын четиндеги Сен-Дени конушундагы "Stade de France" стадионунда бомба жардырышкан. Дээрлик ошого удаа эле "Батаклан" музыкалык клубунда, бир нече кафеде бейкапар отурган кишилерди туш келди атып өлтүрүшкөн.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса