Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

0
Туруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Туруктуу элдик кеңештин төрагасы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү талабы айтылды. Негизинен, үч сунуш - Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча иш-аракеттерди көрүү чечими кабыл алынды. 


- Биринчиси, парламентти 120 эмес, 60 депутатка кыскартуу. Бир мандаттуу шайлоо округунан партия эмес, депутат шайлансын. Экинчиси, президенттин, Жогорку Кеңештин ар жыл сайын аткарган иштери боюнча отчету элдик курултайда ар жыл сайын угулсун. Үчүнчүсү, жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайласын деген талаптарды Баш мыйзамга киргизүү боюнча демлгечи топ түзүлдү. 


Былтыр апрелде Бишкекте өздөрүн "улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.


Ал эми Конституция акыркы жолу 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлгөн. (NT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса