Аксы районунда 100гө жакын турак жайды сел каптады
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай дарыясынан да суу ашып, Атала айылында 20 үйдүн короолоруна кирген. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук ыкчам тобу менен Жарандык коргонуу комиссиясы сел болгон аймакта тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстанда 12-майдан бери катуу жаан жаап жатат. 13-майдагы катуу жаандан улам Баткен облусундагы Лейлек районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, көпүрө, жол, электр мамылары зыянга учурап, байланыш үзүлгөн. Мындан улам бул аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда да ондогон үйлөрдү сел каптады. Аталган райондордо селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
